// //

Баланы бактылуу үй-бүлө кура алгандай кылып тарбиялоо тууралуу

2024.05.29, 11:01
767

"Үй-бүлө - адамдын жашоосундагы эң маанилүү баалуулуктардын бири. Сүйүп калуу, үй-бүлө куруу, балалуу болуу, аны татыктуу адам кылып тарбиялоо, небере күтүү - табигый көрүнүш катары кабыл алынат", - деп белгилешет "Биз жана биздин балдар" колдонмосунун авторлору. Бирок, баары мындай жөнөкөй эмес. Үй-бүлө курууга даярданууда эске алынышы керек болгон көп жагдайлар бар. Алардын айрымдарына мектеп психологу Асель Суюнбаева, "Үй-бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсы" бейөкмөт уюмунун директору Бактыгуль Бозгорпоева менен бирге токтойлу. Мындан тышкары маалымат жыйнактарынын материалдары жана ата-энелер үчүн колдонмолор пайдаланылды.

Адистердин айтымында, үй-бүлөң куруу - ар бир адамдын жеке тандоосу. Бирок бул тандоо жетилгендикти, ал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу жөндөмүн талап кылат.

"Эгерде адамга өзүн, жүрүм-турумунун келип чыгышын жана эмоционалдык экспрессиясын түшүнүүгө жардам берсе, анда ага үй-бүлөдө жана коомдо мамиле түзүү бир топ жеңил болот", - деп баса белгилешет адистер. Мектеп психологу Асель Суюнбаева дагы бу пикирди карманат.

"Келгиле, психологиялык жактан жетилгендик жөнүндө кеп кылсак. "Өспүрүм" деген сөздүн өзү эле, үй-бүлөлүк жашоого даяр эмес экенин билдирет. Болбосо, ал өзүн толугу менен таанымак. Ошондуктан, балким, өспүрүмгө өзүн таануу үчүн жардам берүү керек. Деги эле ал ким?" - деп белгиледи психолог.

"Бизде канчалаган үй-бүлөлүк зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары бар? Мунун баары кайдан келип чыгат? Адам өзүн тааныбагандан. Эгер адам эмнени жакшы көрөрүн, эмнени жактырбай турганын, кандай мамилени такыр эле кабыл албоосун билсе... Өспүрүм куракта - бул нерсе үчүн кеч болуп калган болот. Булардын баарын кичинекей кезинен эле балдардын аң-сезимине киргизе баштасак, көптөгөн көйгөйлөрдөн кутулат элек. Эч ким сенин үй-бүлөлүк жашооң сонун болот деп кепилдик бербейт. Анткени, баарыбызга белгилүү болгондой, адамдар ар кандай болот: психопаттар, потенциалдуу зордукчулар жана башкалар бар", - деп кошумчалады адис.

Асель Суюнбаеванын окуясы: "Эки жогорку билими бар таанышым зомбулукка кабылды. Ал жерде ар кандай эмоциялык термелүүлөр болду. Жашоо көп учурда ушунчалык бир калыпта дейсиз, биздин өлкөдө аялдар үчүн романтикалык соккулар аз болот. Ал таанышым тынч эле жашап, иштеп жаткан. Анан сүйүүсүн айтып, белек-бечкек берип, анан күтүлбөгөн жерден жок болуп кеткен адам пайда болот. Андан кийин кайра пайда боло: алоолонгон сезимдер, кайра капыстан муздап калуу. Бул учурда тажрыйбалуу адам да өзүн башкара албай калышы мүмкүн. Бул сезимдер, бул эмоциялар... селкинчектин амплитудасы ушундай. Ал адам үй-бүлөсү, баласы жок аялдын эң таалуу жери менен ойноп жатты. Айталы, үйлөнгүсү, балалуу болгусу келерин айтып. Ал таанышымдын телефонундагы кат жазышууларын көрсөтүүсүн талап кылып, анын мойнуна бычак такканга чейин жеткен. Анын үстүнө ал киши жогото турган эч нерсеси жок экенин, түрмөгө отурса отура берерин, эң башкысы ал андан башка эч кимдики болбой турганын айткан. Кийинчерээк ал таанышым "мен турмушка чыгышым керек, убакыт келди" ж.б.у.с. нерселердин айынан бул зомбулукка чыдап жүргөнүн мойнуна алган. Анын үстүнө, бала кезинен эле ага: "Сен эмоцияларды көрсөтө албайсың, муну жана муну сезе албайсың" деп айтышкан. Мунун баары ата-энеден. Ошол эле учурда адам өзүн тааныбай калган."

Психолог ата-энелер көп учурда балдарынын өздүгүн туура эмес калыптандырат деп эсептейт.

"Биз балдарыбыздын мээсине канчалаган эскирген стереотиптерди жана туура эмес чектелген ойлорду куябыз! Мындай болуш керек, андай болуш керек деп. Бул кандай чектелген ойлор? Мисалы, жакында мага бир кардар келди, анда чектелген ойлор болчу: "Биз кыйналдык, сен да кыйналышың керек", "аялдын бактысы оңою менен келбейт", "урат, демек, сүйөт". Ушундай болушу керек деп ким айтты? Ким билет бул сөздү кайсы учурда жана кандай адам айтты? Бул элдик чыгармачылык, фольклор бойдон кала бергени жакшы. Эмне үчүн мунун баарын адамдын жашоосуна сүйрөп киргизип, турмушту ушул коркунучтуу принциптерге таянып куруу керек? Кардарым ушул чектөөлөр менен жашап келген, ушундай болуш керек, чыдаш керек деп ойлогон", - деди Суюнбаева.

"Же, ата-эненин мындай чектелген ойлору бар: эгер турмуш курбасаң, болду бүттү. А түгүл мындай сөздөрү бар: үйгө өлүгүң гана кайтсын. Мунун мааниси, күйөөң менен жүз жыл жаша, силерди өлүм гана ажыратат дегендей. Бирок, азыр бул нерселерди такыр башкача кабыл алынышы мүмкүн. Өлүктөр кайтып келип жатышат. Ошентсе да азыркы жашоо башкача. Анда балким башка контекстте айтылган, бирок азыр баары башкача чечмеленүүдө. Ошондуктан, же аны туура чечмелеш керек, же такыр колдонбош керек. Мындай чектелген ойлор менен күрөшүү абдан кыйын. Бирок мүмкүн. Көптөр муну автоматтык түрдө айтышат. Бирок алар менен сүйлөшүп, ар бир сөздү чечмелеп берсеңиз, алар бул жөнүндө ойлонбогондугун түшүнүшөт", - деп түшүндүрдү ал.

Психолог кыздарга мындай нерселерди айтса болбой турганын белгиледи: "Кеттиңби, болду, келбе", "Эмне болсо да, ошол жерде жаша, эң негизгиси биз жөнүндө жаман сөз айтышпасын. Адистин айтымында, мунун менен биз "келечектеги кулдарды" тарбиялап жатабыз.

"Же дагы негативдүү чектелген ойлор: "Эркек бала ыйлабашы керек!" "Бала сезимтал болгону туура эмес", "Сен алсыз экениңди көрсөтпөшүңүз керек" ж.б. Кыязы, муну сага жооп бергенге эч нерсе айта албаган алсыз жандар гана жасайт. Бул жерде параллелдү чектелген ойлору болуп жатат. Эркек балага ар дайым күчтүү болуп, күчүн гана көрсөтүшү керек деп үйрөтүшөт. Мунун баарына алардын топко чогулгандагы жүрүм-туруму көмөктөшөт. Өспүрүм куракта жигиттер жалгыз калбоо үчүн, кандайдыр бир "интроверт" болуп көрүнбөш үчүн ага окшогон адамдардын тобуна кабыл алуу абдан маанилүү болуп калган учур келет", - деп белгиледи Асел Сүйүнбаева.

Дагы кандай чектелген ойлор бар? Психолог: "Аялды башынан кармаш керек" деген мисалды келтирди.

"Балада когнитивдик диссонанс пайда болот. Мисалы, атасы кызына ханбийке экенин айтса, уулуна аялдарга катуураак мамиле жасап, аларды катуу кармаш керек экенин айтат. Ал эми бала түшүнбөйт: "Кандайча?" Ата-энеси ага туура эмес нерселерди берип жатканын ал учурда түшүнө албайт. Ата-энеси менен канчалык урушпасын, ар бир бала үчүн ата-эне чоң авторитет болуп саналат", - деп кошумчалады психолог.

Баарын өзүңдөн баштоо керек

Суюнбаеванын айтымында, коом мындай миңдеген уул-кыздарды тарбиялап чыгарат, анткени ата-энелер өздөрүн таанып билбегендиктен, мыкты үлгү көрсөтө алышпайт.

"Сен өзүңдөн башташың керек. Негативдүү үй-бүлө моделин көрүп бой жеткен баланы, аны кантип жакшы үй-бүлө курууга даярдаса болсун?" - дейт психолог.

"Мисалы, бала: "Атам апамды сабачу, мен муздаткычтын артына жашынып калчум" дейт. Анан бул ата-энелер бир нерсе дей алабы? Мисалы, "уулум, сенин үй-бүлөңдө мындай болбошу керек" деп айтканга акысы болобу? Анын үй-бүлөсү башкача болорунан кепилдик барбы? Ал ур-токмоктон башка эч нерсени коргон жок. Ал үй-бүлө курууну билбейт", - деди адис.

"Биздин бактысыз чоңдор кайдан чыгат? Булар бала кезинде токмок жеп, канаты кесилген бойдон, чоң турмушка кадам таштаган адамдар. Аларга мындаш дешкен болушу мүмкүн: "Сен кыла албайсың", "Сен ийгиликке жете албайсың", "Сенин колуңдан эч нерсе келбейт". Ал эми бала буга ынанат. Ошентип, биз башын бийик көтөрө албаган, өзүнүн кыялы жок чоң бир кишиге ээ болдук. Кыялдануу – бул адамдын өзүн таанып билүүсү", - деди. психолог.

"Кайра кайталайым: адам кичинесинде эмне көрсө, аны өз үй-бүлөсүнө алып келет. Жубайлар бири-бирин уга турган мамиледе болсо жакшы. Анткени, бирөөнү уга баштоо абдан кыйын. Ишенип баштоо дагы абдан кыйын. Эгер ар дайым уруш угуп бой жетсең,, анда ишеним маселеси курч бойдон калат. Же ишеним туура эмес адамга калыптанышы мүмкүн. Мисалы, кыз үй-бүлөсүндөгү тозоктон качып - тез эле турмушка чыгып кеткиси келет. Качып барып анан башка дагы бир тозокко түшөт, күйөөсү, анын туугандары, балдары... Дагы бир жолу айтам: ата-эне болоордон мурун өзүңдү билишиң керек," - деп баса белгиледи Суюнбаева.

Жанымдын жарымы деген туура эмес

Психолог "романтикалык тарбияга" каршы экенин айтты. "Жакында жогорку класстын окуучулары менен үй-бүлө тууралу маектештим. Анан алар: "жаныңдын жарымын табуу сонун да" дешти. Мен сурадым: "Жаныңдын жарымын табуу" деген эмне? Тасмалардагы романтикалык түшүнүксүз тарбиянын кесепети ушундай болот. Алардан, түшүндүрүп бергиле деп сурандым. "Элестетсеңиз, алманын жарымы ал, экинчи жарымы мен" дешти. Мен мындай дедим: "Сен бир бүтүн адамсың, кулагың, чачың, сырты келбетиң менен сулуусуң, сендей башка адам жок. Анан өзүңдү сыртыңдан эле тааныбастан, ким экениңди, эмне жагарын, кандай мамилени таптакыр кабыл албай турганыңды билишиң керек. Өзүңдү таанышың керек. Сенде ансыз деле ичиңде күйүп жаткан от бар. Бул лампочка сыяктуу - ал күйөт, сен аны менен басып жүрөсүң."

"Өзүңдү тааныгандан кийин, сага кандай адам керек экенин билесиң. Анан бир күнү ошол эле ичинде лампочкасы бар башка адамга жолугасың. Анткени, лампочкасы жок, сени тааныбаган, сага кол көтөрө турган адамдын кереги жок. Анан эки лампочка күйүп турган экөөңөр үй-бүлө түздүңөр дейли.. Бир эмес, эки лампочка. Ал тургай, ал кетип калышы мүмкүң, жашоо ар кандай болушу мүмкүн. Бирок ласпочкаң күйгөн бойдон каласың. Ал тургай, чоң адамдардай болуп, жакшы мамиледе коштошосуңар. Андан кийин балдарың менен баарлашып, бири-бириңерге жардам берип тура аласыңар. Андан кийин башка адамга жолугасыңар. А эгер лампочкасыз басып жүрсөң, анан сага дагы бир байкуш жарым жанга жолуксаң, анан бир лампочка араңдан жанса, ал кетип калса, кайра эле лампочкасыз, караңгыда жалгыз каласың. Эч ким сени бактылуу кылууга милдеттүү эмес", - деди психолог.

"Бакытыңды бирөөгө ишенип берүү канчалык келесоолук экенин элестетсең? Балким сенин бакыт жаныңдагы адамдын бакытынан башкача? Ал башкача көрөт, мен бир аз башкача көрөм дегендецй. А балким, ал өзүн, сен өзүңдү билгенден кийин, үчүнчү жаңы нерсег жарата аласыңар? Мен сеникин, сен меникин эле алам дегендей эмес. Бакытты кимдир бирөө гана бере тургандай тарбия берүүнү токтототушубуз керек", - деп түшүндүрдү психолог.

Баланы үй-бүлө тиричилик экенин түшүнгөндөй кылып кантип даярдоо керек?

Асель Суюнбаеванын айтымында, чоңдор бул тууралуу бала менен сүйлөшкөндү билишсе, адегенде баары гормоналдык деңгээлде болоорун түшүндүрсө жакшы болмок: кумарлар, гүлдөр, таттуулар... Бирок андан кийин баары башкача болот дегендей.

"Түшүнбөстүктөр болот, анан ага көнүп кетесиң. Ал эми эң негизгиси өзүңдү кармай билүү: кемсинтүүчү сөздөрдү айтпа, адамды капа кылба, аларды жаманатты кылба. Акылдуу бол! Болду. Бул абдан көп... Бир сөздү айтсаң, ортоңордо бир нерсе бузулушу мүмкүн. Бул жакшы мамилелерди бузат. Сөз артынан сөз, урмат жоголот. Аны кайтаруу абдан кыйын", - деди психолог.

Психолог белгилегендей, түшүнбөстүктөр бир нече жылды талап кылат, андан кийин "үй-бүлөлүк жашоодо тынчтык орнойт".

"Ушул этапта аял-эркек келип, никеден тажадык деп айтышат. Бирок, чынында, ал "коопсуз башпаанек" болуп саналат. Буга чыдаш керек. Белгилүү бир убакыт өтөт: эгерде өз ара сый-урматты сактай алсаңар, ошондо гана сүйүү пайда болот. Чындап. Бул өз ара урматтоонун жана бири-бирин кабыл алуунун эң жогорку формасы. Бирок коом бизди кантип үйрөтөт? Кумарлар гана болушу керек дешет. Анан күнүмдүк жашоодо мындай сөздөр айтылат: "Ой, бирок ал андай эмес экен", "Ой, бирок ал мындай эмес экен", - деп кошумчалады Сүйүнбаева.

"Анткен менен ата-эненин үлгүсү маанилүү. Бардык ата-энелерге шашылыш түрдө психологдордон кеңешүү сунушталат. Өзүңдү жакшыраак таанышың керек. Учурда элдер өзү менен жалгыз кала албайт. Бул коркунучтуу нерсе да. Же телефонду сөзсүз текшеребиз, же телевизорду күйгүзөбүз, же жакын жерде сөзсүз бирөө болушу керек. Өзүң менен өзүң отур, китеп оку же өзүңдү ук. Өзүңдү тааныйсың, сага кандай мамиле кылуу керектигин билесиң. Мен билем, ошондуктан мен өзүмө башкаларга мен каалагандай мамиле кылууга жол бербейм. Бул нерсе адамды ушунчалыкөзгөртөт", - деп кайталады ал.

Баланын үй-бүлөлүк жашоосу бакубат болушу үчүн ага кандай позитивдүү көз караштарды калыптандыруу керек?

 

 

"Баары колуңдан келет". Балдардын канатын кыркпагыла. Бир-эки колунан келбесе, 82-жолу сөзсүз келет. Ар бир жеңилүүдөн өзүңүз үчүн кандайдыр бир пайда ала аласың. Утулуу сени жеңишке жакындатат. Сен бир-эки жолу жыгылдың, анан жеңгенде: "Ой, мен буга жеткенге чейин канча жолу жыгылганымды билесиңби" деп айта аласың. А баарына дароо жетишүү кызык эмес.

"Өзүң бактылуу болгонду үйрөн, ошондо сен чыныгы бактылуу үй-бүлө кура аласың", - деп белгиледи психолог.

"Бала жакшы үй-бүлө кура алышы үчүн, алгач балага жакшы үй-бүлө куруп бергиле, ошондо гана ал үйрөнөт. Ага эч нерсе үйрөтүүнүн деле кереги жок, эң негизгиси үлгү көрсөтүү. Анан баарын өзү жасайт", - деп жыйынтыктады Асель Суюнбаева.

Үй-бүлөлүк баалуулуктардын жана салттардын мааниси

"Биз жана биздин балдар" маалымат жыйнагынын түзүүчүлөрү үй-бүлөлүк баалуулуктарды балдарга өткөрүп берүүнүн жана салттарды сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушат.

"Үй-бүлөлүк баалуулуктар – бул үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү тарабынан урматталуучу, маанилүү, баалуу, алардын кызыкчылыктарынын жалпы чөйрөсү. Көпчүлүк үчүн үй-бүлөлүк баалуулуктар болжол менен бирдей: сүйүү, ата-энелик, ишеним, чынчылдык, ата-бабалар менен болгон байланыш... Бир сөз менен айтканда, ансыз үй-бүлөнү үй-бүлө деп айтуу кыйын", - деп түшүндүрүштү алар.

"Үй-бүлөлүк салттар – бул үй-бүлөдө кабыл алынган, муундан-муунга өтүп келе жаткан кадимки нормалар, жүрүм-турум үлгүлөрү, үрп-адаттар жана көз караштар. Үй-бүлө салттары – бул үй-бүлө курулгандан кийин пайда болот, алар туулган күндөрдү, Жаңы жылды майрамдай башташат ж.б. Эгерде бала төрөлгөндөн баштап үй-бүлөсү анын бардык мүчөлөрүнүн, анын ичинде өзүнүн да туулган күнүн кандай кубаныч менен белгилеп жатканын көрсө, алар аны канчалык баалаарын, анын төрөлгөнүнө канчалык бактылуу экенин түшүнөт. Үй-бүлө салтсыз жашай албайт! Эгерде үй-бүлөдө салттар жана баалуулуктар жок болсо же аларды урматтабаса, бул аны жок кылууга түз жол", - деп белгилешти жыйнактын авторлору.

Алардын ою боюнча, күчтүү жана бекем үй-бүлө бул нерселер менен мүнөздөлөт:

 

  • бири-бирин урматтоо;
  • чынчылдык;
  • бирге болууну каалоо;
  • кызыкчылыктардын жана турмуштук баалуулуктардын окшоштугу;
  • жалпы максаттардын жана пландардын болушу;
  • баарлашуу жана бири-бирине кам көрүү.

"Күчтүү жана бактылуу үй-бүлөдө жашаган адам жакшы уктайт. Ал өзүн коопсуз сезип, жалгыз эмес экенин, аны каалаган убакта колдоого аларын билет", - деп баса белгилешти "Биз жана биздин балдар" жыйнагынын авторлору.

Адистер ата-энелерди бала үчүн көңүл буруу жана баарлашуу атмосферасын түзүүгө, ошол эле учурда ашыкча камкордуктан алыс болууга чакырат. Анткени, бул анын өздүгүн калыптандырууга терс таасирин тийгизет жана келечектеги өз алдынча үй-бүлөлүк жашоого даярданууга жардам бербейт.

Бул жөнүндө ойлонуу маанилүү:

 

  • Жакшы каралып, өз убагында тамактанган, таза кийинген бала ички дүйнөсү жалгыз болушу мүмкүн. Анткени, анын маанайы, кызыкчылыктары кандай эч кимге маанилүү эмес.
  • Балдарыбыздын жашоодо ката кетирип алуусунан ушунчалык корккондуктан, алардын тынч жашашына жол бербей жатканыбызды байкабай калышыбыз мүмкүн. Туулгандан бери берилген укуктарын тебелеп-тепсеп, анан алардын өз алдынча эместигине, коркоктугуна таң калабыз.
  • Иш-аракети чектелген бала өзүнүн турмуштук тажрыйбасына ээ болбойт; кайсы иш-аракеттер акылга сыярлык, кайсынысы туура эмес экенине жеке ынанбайт; эмне кылуу керек жана эмнеден качуу керек экенин билбейт.

Өспүрүм өз организмин билиши керек

 

 

"Үй-бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсы" бейөкмөт уюмунун директору Бактыгуль Бозгорпоева өспүрүмдү келечекте өз үй-бүлөсүн курууга даярдоодо жыныстык тарбия берүү чоң роль ойнойт дейт.

"Өспүрүмдөр алардын денесинде эмне болуп жатканын, адам кантип бой жетерин, балдар кайдан, кантип төрөлөөрүн түшүнүшү керек. Эгерде алар муну түшүнсө, алар келечекте мүмкүн болуучу көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын ала алышат, мисалы, күтүлбөгөн кош бойлуулук, жыныстык жол менен жугуучу ар кандай инфекциялар. Өспүрүмдөр өз укуктарын, анын ичинде репродуктивдүү укуктарын билиши керек. "Менин денем - качан үйлөнөм, качан төрөшүмдү жана башкаларды өзүм чечем". Башкача айтканда, негизги нерселер жөнүндө", - деп түшүндүрдү адис.

Анын айтымында, өспүрүмдөрдү окутуу жана жыныстык тарбия берүү абдан маанилүү жана зарыл. Анткени төрөткө кайсы органдар катышаарын жана алар кандай болуп, кантип өнүгүп жатканын билбөө чоң көйгөйлөргө алып келет.

"Мисалы, кыз турмушка чыккандан кийин анын эки мүйүздүү жатын (жатын эки бөлүккө бөлүнүп, ылдый карай бир көңдөйгө кошулган тубаса патология) бар экенин билген. Же башка мисал - мен турмушка чыктым энелик бездери жок болуп чыкты ж.б.у.с. Кыздар турмушка чыккандан кийин кандайдыр бир көйгөйлөр бар экенин билбеши керек", - деп кошумчалады Бозгорпоева.

Анын айтымында, өспүрүмдөр репродуктивдүү органдар кайсылар тууралуу билимге ээ болушу керек? Алар эмне үчүн керек? Кандайдыр бир көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн кантип профилактика жасоо керек? Репродуктивдүү ден соолук жаатында кандай көйгөйлөр бар?

"Эгерде өспүрүмдөр муну билбесе, анда алар интернет аркылуу бурмаланган маалыматтарга ээ болушат. Өспүрүмдөрдү үй-бүлө курууга даярдоодо муну эске алуу керек", - дейт бейөкмөт уюмунун директору.

Анын айтымында, эркек балдар өспүрүм куракка киргенде, мисалы, заара чыгаруучу дисфункцияга жана варикоцелеге дуушар болушу мүмкүн.

"Атасы менен апасы эгер бала кандайдыр бир көйгөйгө дуушар болсо, анда ал тез арада, мисалы, андрологго, урологго барышы керектигин айтышы керек. Бирок бул тууралуу эч ким айтпайт. Анан жаштар турмушка чыкканда тукумсуздук деген диагноз коюшат. Өспүрүм куракта эч ким көңүл бурбаган көйгөйлөр болгонун ошондо биле баштайбыз", - деп белгиледи Бозгорпоева.

Адистин айтымында, Кыргызстанда тукумсуздук көйгөйү күч алууда. "Анын негизги себеби, өспүрүм куракта кандай профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү керектигин түшүнүшкөн эмес жана билишкен эмес. Ошол эле жыныстык жол менен жугуучу оорулар. Өспүрүмдөр өздөрүнө жуктуруп алаарын, оору симптомсуз болуп, өнөкөт түргө өтүп, андан кийин эркектин да, аялдардын да тукумсуздугуна алып келиши мүмкүн экенин билишпейт", - деди.

Анын айтымында, көбүнчө диагноз үйлөнүү тоюнан кийин, кыз дарыгерге кайрылып, кош бойлуулукка катталгандан кийин коюлат.

"Анан ал кыз таң калып: "Мунун баары кайдан чыкты, мен такыр эч ким менен болгон эмесмин" дейт. Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Бул деген жаштарда бала менен көйгөйлөр жана анын дарылануусуна кеткен чыгымдар болорун билдирет", - деп эскертти эксперт.

Бозгорпоева аял бир да жолу дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтпөсө, анда кыйынчылыктар болушу мүмкүн экенин эске салды.

"Мисалы, ал турмушка чыгып, боюна бүтпөй, анан гормоналдык бузулууларга кабылат. Эмнеге балалуу болууну пландап жаткан жубайлар чогуу барып, баары жайындабы, жыныстык органдардын баары өнүккөнбү, бардык анализдери нормалдуубу билсе болбосун?", - дейт Бозгорпоева.

Адис мындай деп баса белгиледи: келечектеги кош бойлуулук үчүн жубайларды алдын ала даярдоо абдан маанилүү. "Медицинада "прегравидардык даярдык" деген термин бар (жубайларды ийгиликтүү кош бойлуулукка, кош бойлуулуктун нормалдуу жүрүшүнө жана дени сак баланын төрөлүшүнө даярдоого багытталган диагностикалык, дарылоочу жана профилактикалык иш-чаралардын жыйындысы). Атайын текшерүүлөрдүн, экспертизалардын, консультациялардын тизмеси бар. Балада кийин эч кандай патология болбошу үчүн генетикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү маанилүү. Үй-бүлө курууга даярдануу - бул абдан маанилүү кадам. Анткени, биринчи кезекте курсактагы бала үчүн силер жооп бересиңер", - деп жыйынтыктады Бактыгуль Бозгорпоева.

Балаңыз менен маанилүү темалар боюнча сүйлөшүүгө даяр болуңуз жана ага жакшы үлгү көрсөтүңүз, ошондо - келечекте ал өзүнүн бактылуу үй-бүлөсүн курат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт