// //

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

2024.06.28, 13:59
271

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк пайда болоорун белгилешет. Жыныстык катнашка барганда өспүрүмдөр көбүнчө анын кесепеттерин толук аңдай беришпейт.

Статистика

Өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу олуттуу ден соолук, социалдык жана экономикалык кесепеттери бар глобалдуу көрүнүш. ДСУнун маалыматы боюнча, өнүгүп келе жаткан аймактарда жыл сайын 15-19 жаштагы 21 миллион кыздын боюна бүтүп, анын 12 миллионго жакыны төрөйт.

Кыргызстанда, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 15 жаштан 19 жашка чейинки 100 аялга төрөттүн көрсөткүчү:

  • 2020-жылы - 3,3;
  • 2021-жылы - 2,9;
  • 2022-жылы - 3,0.

Бул нормалдуубу же жокпу?

Галина Чиркина:

- Менимче, заманбап ыкмаларды, технологияларды жана медициналык мүмкүнчүлүктөрдү эске алганда, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугунун өзү норма эмес. Аң-сезимдүү тандоо жөнүндө сөз кылганда, мисалы, кыз колдоосу, таянар нерсеси жана башка шарттар камсыз кылынган учурда аң-сезимдүү түрдө кош бойлуулукка барса, бул башка кеп. Бул адамдын жашоосуна байланыштуу ар кандай учурлар болушу мүмкүн. Бул жерде мен бул жаман же бул жакшы деп айта албайм. Бул ар бир адамдын тандоосу. Бирок бизде болгон статистика боюнча, бул дагы деле жакшы эмес.

Учурда коом өспүрүмдөрдүн алдына башка милдеттерди коюп жатат деп эсептейм. Алар таптакыр башкача - бой жетүү, билим алуу, кандайдыр бир финансылык туруктуулук, бул нерселерге алар билим жана, албетте, эмгек аркылуу гана ээ болушат. Ошондуктан, 16-17 жашында боюна бүткөн кыз жөнүндө сөз кылганда, бул кандайдыр бир жетишкендик эмес, тескерисинче, дагы эле коомдун көйгөйү. Анткени ал кызды алдыда дагы көптөгөн кызыктуу жана маанилүү милдеттер күтүп турат. Мындан тышкары, 17 жашта эне болууда белгилүү бир коркунучтар бар.

Он жыл мурун өспүрүмдөрдүн төрөтү боюнча көрсөткүч жогору эле. Азыр ал төмөндөп баратат. Бирок өспүрүмдөрдүн санынын аз экенин да эске алышыбыз керек. Бирок өспүрүм кыздардын төрөтү дагы эле туруктуу бойдон калууда. Ошондуктан, бул нормалдуу эмес экенин түшүнүшүбүз керек.

Физиологиялык жактан карасак, дээрлик бүт дүйнө азыркы заманда балдарыбыз кеч жетилет деген тыянакка келген. Бул социалдык аспектилер менен байланышкан өзгөчөлүк жана тренд: учурда жашоо мурдагыга салыштырмалуу ыңгайлуураак , 16-17 жаштагы жаштар жашоо үчүн күрөшпөйт, ошондой эле маалымат алмашуунун жогорку деңгээли жана башкалар нерселер бар. Балдар абдан көп убакыт окушат. Демек, психикалык жетилүү кечирээк – 19-20 жашта болот.

Бирок физиологиялык жетилүү психикалык жетилүүгө караганда эрте башталууда. Демек, физиологиялык жана психикалык жактан жетилүүнүн ортосундагы ажырым чоңоюуда. Бул деген адам бойго жеткен, бирок ошол эле учурда эле кичинекей бала деген сыяктуу индивидуалдык трагедия болууда. Ал көп нерсени жасап көргүсү келет, мүмкүнчүлүктөр жетиштүү, бирок тобокелдиктер да арбын.

Кош бойлуулук көбүнчө сексуалдык эксперимент учурунда пайда болот дагы, бул белгилүү бир деңгээлде контрацепция колдонуу же адамдын физиологиясын жакшы билүү менен коштолбойт. Көбүнчө, бул өспүрүм үчүн да, ата-энелер үчүн да күтүүсүздүк.

Биз ар дайым чоңойгонго, кош бойлуулукка, төрөткө даяр болуу сексуалдык тарбия аркылуу келе турганын айтабыз. Даярдык үй-бүлө менен, ата-эне менен, белгилүү бир билимди берген мугалим менен, белгилүү бир көндүмдөрдү үйрөткөн дарыгер менен өз ара аракеттенүү аркылуу болот.

Бирок, тилекке каршы, бул көп учурда мындай эмес. Коом бойго жеткен адистер менен дени сак байланыштарды сунуш кылбайт. Саламаттыкты сактоо системасында өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу боюнча клиникалык көрсөтмөлөр бар. Бул өспүрүмдөр менен иштөө боюнча саламаттык сактоо адистери үчүн абдан жакшы ыкмаларды сунуш кылат. Дээрлик система өзү кош бойлуу кызды күтүп алууга даяр. Айта кетчү нерсе, биз дагы эле кыздарыбыздын биринчиден бутуна туруп алышын каалайбыз.

Бул коркунучтуу

Галина Чиркина:

- Өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу олуттуу изилденген. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу боюнча көптөгөн жакшы көрсөтмөлөрү бар. Өспүрүмдөрдө коркунуч бир жарым-эки эсе жогору. Алсак, төрөт учурундагы энелердин өлүмү, мисалы, кан агуу менен байланышкан, кандайдыр бир жаракат жана башкалар.

Индира Ташыкулова:

- Өспүрүм курактагы кош бойлуулук коркунучтуу, анткени бул куракта, организм өнүгүп-өсүү үчүн бардык күчүн жумшап жаткан кезде, кош бойлуулук өспүрүм кыздын ден соолугуна кошумча коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Преэклампсия (жогорку кан басымы жана заарадагы белок менен мүнөздөлгөн абал) кош бойлуу кезде пайда болушу ыктымал. Кан басымдын көтөрүлүшү өтө коркунучтуу: 23% учурда эненин жана түйүлдүктүн өлүмүнө алып келет. Түйүлдүктүн борбордук нерв системасынын бузулушу, церебралдык шал оорусу, психикалык, физикалык жана психикалык өнүгүү кечеңдеп кетиши мүмкүн. Эрте төрөт болушу мүмкүн, жаңы төрөлгөн бала аз салмак менен төрөлөт. Аз кандуулук өспүрүм кош бойлуулук учурунда да пайда болот. Ал эми бул төрөттөн кийинки кан кетүүнүн пайда болуусу менен кооптуу.

Мен өзүмдүн практикамда бул сыяктуу учурларга туш болом. Кыздар абдан жаш, алар физикалык жактан да, психикалык жактан да төрөткө таптакыр даяр эмес, денеси али жетиле элек. 15-16 жаштагы кыздар өздөрү төрөгөн учурлар да болгон. Бирок бир катар таталдашуулар башталгандыктан кесарево жолу менен төрөгөндөр да бар: кан басымы көтөрүлүп, шишик пайда болуп, аз кандуулуктун оор түрү аныкталган. Кайра жандандыруу бөлүмүнө которулганда эклампсия (кош бойлуулуктун экинчи жарымында, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде пайда болушу мүмкүн болгон булчуңдардын карышуусу) болгон. Өлүмгө алып келген учурлар да бар.

Мисалы, кыз кош бойлуулугун токтотууну кааласа, бул да татаалдашууларга алып келиши мүмкүн. Бойдон алдыруу учурунда организмде өзгөрүүлөр болот, мисалы, менструалдык циклинде бузулуулар болушу мүмкүн.

Кээ бир өспүрүм кыздар бойдон алдыруу үчүн дарыларды дарыканалардан сатып же башка жерден таап алышат. Анан өздөрүнө-өздөрү медициналык аборт жасашат. Бул да абдан кооптуу. Анткени катуу кан агуу жана башка таталдашуулар болушу мүмкүн.

"Дени сак өспүрүмдүн өнүгүүсү, же жыныстык жетилүүнү кантип баштан өткөрүү керек" колдонмосунан алынды:

"Албетте, контрацептивдик ыкмаларды колдонуу менен каалабаган кош бойлуулуктан сактануу жакшы, бирок кош бойлуулукту токтотуу зарылчылыгы болсо, анда эрте мөөнөтүндө заманбап коопсуз технологияларды колдонуу менен дарыгердин көзөмөлүндө медициналык мекемелерде гана жасалышы керек. Эч кандай шартта өз алдынча жасоо аракеттерине барбаш керек. Бул келечекте сезгенүү ооруларына, тукумсуздукка, кээде өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн."

Кесепеттер - ден соолуктагы көйгөйлөр гана эмес

Галина Чиркина:

- Келгиле, психикалык көйгөйлөргө токтойлу. Бул жерде абдан кызыктуу статистика чыга келет. Мисалы, биринчи кош бойлуу болгондон кийин же биринчи кош бойлуулук учурунда кызга контрацепция боюнча жакшы жана сапаттуу кеңештер берилбесе, алар аны колдоо үчүн иштебесе, ыңгайлашууга жана окуусун улантууга уруксат берилбесе, анда эреже катары, мындай өспүрүмдөрдөбир жылдан кийин экинчи кош бойлуулук күтүлөт.

Биздин шаардык төрөт үйлөрдүн биринде болгон окуя эсиме түштү. 16 жашында кош бойлуу болгон 17 жаштагы кыздын толгоосу башталып, дарыгерлер ага мындай дейт: "Жаныңда апаң жана шеригиң жок болгондуктан үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө телефон чалып, ИИМди чакырдык." Кыз күлөт. Анан акушер эмнеге күлүп жатканын сураганда, кыз: "Мен биринчи баламды төрөп жатканда алар кайда эле?" дейт. Башкача айтканда, бул экинчи кош бойлуулугу жана экинчи баласы болчу экен.

Коом өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана жашоосуна жетиштүү көңүл бурбай, алардын башына түшкөн нерселерге коом кайдыгер караган сайын биз көйгөйгө кептелип жатабыз.

Же көздөрүн жумуп коюшат, же: "Биз алар менен күрөшкөндөн тажадык" дешет. Алар менен күрөшүүнүн кереги жок, бул жашоодо аларга жардам бериш керек.

Мен буга чейин айткандай, экинчи кош бойлуулук төрөт ортосундагы аралык сакталбастан дароо күтүлүшү мүмкүн. Бул ата-энелерге экономикалык оорчулук келтирет, эгер бар болсо. Белгилеп кетейин, кыз 18 жашка чыкканга чейин андан төрөлгөн бала ата-энесинин атына катталат. Кийин гана ал баласын кайра каттоодон өткөрө алат. Демек, кыздын ата-энеси бардык юридикалык жана экономикалык жоопкерчиликти тартат.

Бирок бул анын көйгөйлөрү болбойт дегенди билдирбейт. Кыз дагы кош бойлуулукка жана төрөткө даярданган чоң аял кездешчү уйкусуз түндөр жана төрөттөн кийинки мезгилде энеликтин олуттуу кесепеттери менен кездешет. Үй-бүлөдө ар дайым жаңы төрөлгөн муунга жетиштүү көңүл буруу жана колдоо көрсөтүү маселелери пайда болот.

Дарыгерлер Александр Куликов менен Елена Мешкова жаш энелер жетилген курактагы энелерге караганда төрөттөн кийинки депрессияга көбүрөөк чалдыгарын баса белгилешет.

Галина Чиркина:

"Төрөгөн өспүрүм кыздын окуусун улантуусу абдан кыйын. "Баласын белгилүү бир сааттарда тамактандырып, аны кароого кошумча убакыт керек болгон кызды мектепке алат белеңер?" деген суроого мектеп директорлору кандай жооп беришери кызык. Эч бир мектеп "ооба" деп айтпай турганына ишенем. Окуусун улантышы керек болгон баласы бар кыздарды кабыл алган колледждер, эреже катары, буга өздөрү даяр эмес болот. Мисалы, колледжде кыз баласын эмизе ала турган эне-бала бөлмөсү барбы?

Биздин инфраструктурабыз, коомубуз өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугуна, өспүрүм энелерди колдоого даяр эмес. Ал эми, алардын эне макамы менен окуусун улантуусун, кандайдыр бир жол менен коомго аралашуусун сөз кылбай турсак деле болот.

Индира Ташыкулова:

- Өспүрүм кыздын кош бойлуу болушу психологиялык жаралануу катары кабыл алынат. Бул стресс, денеге чоң психологиялык жана эмоционалдык жүк. Келечекке карата тынчсыздануу пайда болот. Коомдон колдоонун жана айыптоонун жоктугу социалдык обочолонууга алып келет.

Галина Чиркина:

- Эреже катары, мындай кыздарда пайда болгон социалдык обочолонуу белгилүү бир психикалык жана психологиялык кесепеттерге алып келет. Ал жерде эмне болууда? Алар кандай шарттарда жашашат? Алар зордук-зомбулук көрүп жатышабы? Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өспүрүм кезинде төрөгөн ар бир экинчи кыз кандайдыр бир зордук-зомбулукка кабылат. Өнөктөшү тараптан гана эмес. Адатта өнөктөштөр бат эле белгисиздикке сүңгүп кетишет. А булар көбүнчө жакын адамдар, кошуналар жана башкалар.

Же ата-энелер кызын турмушка узатууга аракет кылышат. Өспүрүм курактагы кош бойлуулук кандайдыр бир уят катары кабыл алынат. Эмне үчүн бул уят, мен түшүнө албайм? Бизде ар дайым эне болуу кубаныч жана урмат-сыйга татыктуу иш катары каралган. Бирок өспүрүм кыз үчүн бул уят. Демек, 16 жашында төрөсө - уят. Бирок 19дан ары уят эмес. Анан дагы 16 жашында турмушка чыгып төрөсө, бул да уят эмес. Бирок 17 жашта турмушка чыкпай төрөсө, анда бул уят. Логикалык жактан түшүнүү кыйынга турган нерселер көп.

Албетте, үй-бүлө менен иштешибиз керек. Бул эң оор нерсе. Анткени бул азыр баары абдан тез өзгөрүп жаткан социалдык институт.

Мен өспүрүмдөргө кайрылгым келет: биринчиден, эч ойлонбостон барып чоңдор менен сүйлөшүш керек: апаң, психолог, мугалим, дарыгер. Албетте, ар дайым болбосо да, бул окуялар кандайдыр бир ийгиликке алып келет, бирок көп учурда жакшы эле колдоо алса болот.

Адистер ата-энелерге кеңеш беришет:

 

"Кызыңыздын боюна бүтүп калганын билгенде ачууланбаңыз жана дүрбөлөңгө түшпөңүз, аны сынга албаңыз же андан баш тартам деп коркутпаңыз. Көбүнчө ата-эненин биринчи реакциясы кыздын кандай чечим чыгарарын, анын келечектеги жашоосу кандай болорун аныктайт. Ата-энеси туура эмес түшүнүп, четке кагылып, көңүлү чөккөн кыз ого бетер жаңылыштыктарды кетириши мүмкүн - боюнан алдыруу, үйүнөн чыгып кетүү, жадакалса өзүн-өзү өлтүрүү. Ал эми үй-бүлөсүнөн колдоо тапса, ал бул оор кырдаалды жеңет."

Галина Чиркина:

- Өспүрүм курактагы кош бойлуулуктун бир нече натыйжалары бар. Биринчиси, мисалы, кош бойлуулуктун токтотулушу. Экинчиси, төрөп, баланы калтырып, ата-энеси менен макулдашып, азырынча аларга баланы каттап коюп, кийин өзүнө каттатуу. Үчүнчүсү – төрөп, баладан баш тартуу. Бирок, ошол эле учурда, система баланы алып, андан ары өткөрүп берүүгө даярданышы үчүн муну эртерээк жасоо керек. Ал эми төртүнчүсү, төрөө, баладан баш тартпоо, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнөн жардам сурап, бир канча убакытка чейин мамлекеттик мекемеге, фостердик үй-бүлөгө жайгаштыруу.

Кантсе да белгилүү бир колдоо механизмдери түзүлгөң. Болгону ал жөнүндө көптөр билбейт. Мисалы, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн милдети - мындай өспүрүмдөргө жардам берүү: кош бойлуулук, төрөт, андан ары реабилитациялоо ж.б.у.с.

Биздин медицина кызматкерлер мындай кызды кантип тосуп алуу, анын кош бойлуулугун, төрөтүн жана башкаларды кантип башкарса болоруна байланыштуу белгилүү бир клиникалык-методикалык колдоого ээ. Менимче, бүгүнкү күндө бул адистердин эң даярдалган бөлүгү.

Мектептин даяр болушу биз үчүн дагы эле абдан маанилүү. Бул процесс менен иштөө зарылчылыгы бар.

Мен 12 жылдык программа мектептерге, мисалы, жогорку класстарда кош бойлуу болгон өспүрүмдөр менен эмне кылышыбыз керектиги жөнүндө ойлонууга чакырат деп үмүттөнөм. Бул программа ушундай ыкмаларды карашы керек.

Алдын алуу иштери тууралуу

Индира Ташыкулова:

- Көбүнчө өспүрүм курактагы кош бойлуулук контрацепциянын ыкмаларын билбегендиктен же аларга көңүл бурбоодон келип чыгат. Кээ бир адамдар бул маселеге жеңил-желпи мамиле кылышат. Башкалары гинекологго баруудан коркушат.

Алдын алуу - бул албетте контрацепция. Кызга башынан эле жыныстык тарбия берүү керек: балдар кантип төрөлөт, кош бойлуу кезде анын кесепети кандай болот... Ата-эне бала менен тил табышып, баарын алдын ала айтып бериши керек.

Галина Чиркина:

- Албетте, балаңыз менен баарлашып, ушунун баарын айтып бериш керек. Ата-эне бир нерсе туура эмес деп шектенсе да, түз суроо берүүнүн кажети жок. Башка окуяларды мисалга алып, кепти алыстан баштаса болот. Бирок ар дайым, күн сайын, бир адамдын жашоосунда кандай окуялар болушу мүмкүн экенин, адамдар алар менен кантип күрөшөрүн айтып берсе болот. Эмне кылса болорун жана башкаларды айтуу керек. Мына ошондо балабызда туура эмес эмне болуп жатканын түшүнө алабыз.

Албетте, ачык айтып, өспүрүмдөрдүн боюна бүтө электе алдын алуу жөнүндө сүйлөшкөн жакшы. Баарыбыз, мисалы, айыз келгенге чейин кош бойлуу болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Муну ар дайым кайталоо кажет.

Биринчи жумуртка айыз чейин жетилиши мүмкүн. Ал эми кош бойлуулук буга чейин эле ар кандай себептерден улам болушу мүмкүн: бул кызга жасалган зордук-зомбулук же өспүрүмдөрдүн өз алдынча жасаган "эксперименттери" болушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир жолу балага бойго жеткенге чейин кош бойлуулук тууралуу маалымат берүү зарылчылыгы жөнүндө сөз кылып турабыз.

Өспүрүмдөр билиши керек: кош бойлуулук (жадакалса) күтүлүшү мүмкүн, эгерде...

  • үзүлтүккө учураган жыныстык катнаш болгондо;
  • кыз биринчи жолу интимдик (сексуалдык) мамилени баштаганда;
  • айыз толук бүтө электе;
  • кыздык бузулбаганда;
  • жыныстык катнаштан кийин кыз жуунуп же кындын ичине дары салганда;
  • эякуляция кындын ичинде болбогондо;
  • кыз бойго болтурбоочу таблеткаларды туура эмес кабыл алганда;
  • презерватив жыртылганда.

Галина Чиркина:

- Кайталаймм: мунун баары боло электе организмдеги өзгөрүүлөр, жыныстык жетилүү, кош бойлуулук тууралуу сөз кылыш керек. Анын үстүнө маекти эрте баштоо керек. Жылдан жылга, кырдаалга, жашына жана жетилгендигине жараша балага кээ бир нерселерди эске салып туруу зарыл. Бул гигиена жана коопсуздук маселелерине жана коопсуз жүрүм-турумга байланыштуу болгон бардык нерселер.

Балада пайда болчу сүйүү, достук, ашыктык маселелерин талкуулоо зарыл. Бала ата-энеси менен жашыруун нерселерди бөлүшө алышы үчүн колдоо көрсөтүү жана белгилүү бир шарттарды түзүү маанилүү.

"TEENS аймагы" нускамасынын:

Бой жетип келе жаткан балдарга сексуалдык мамилелер күчтүү позитивдүү эмоциялардын, канааттануунун жана бакыттын булагы боло аларын түшүндүрүү керек, бирок алар ден соолугуна, бири-бирине жана үчүнчү бирөөнүн (баланын) пайда болушуна жооптуу болгон эки адамдын ортосунда башталса гана. Өспүрүмдөр үй-бүлө түзүү жана жоопкерчиликтүү ата-эне болуу сыяктуу маанилүү милдеттер жашоонун ушул чөйрөсүнө түздөн-түз байланыштуу экенин түшүнүшсө, алар сексуалдык жашоосуна олуттуураак мамиле кылышат.

Социологдор менен дарыгерлердин байкоолору боюнча, эркек балдар менен кыздардын жыныстык катнашка биринчи баруу курагы төмөндөп баратат. Бирок алардын мотивдери жана интимдик жакындыктан күткөндөрү ар кандай бойдон калууда. Сүйүү үчүн жыныстык катнашка барган кыздар көп учурда узак мөөнөттүү мамилелерди, үй-бүлө курууну, кээде балалуу болууну ойлошот. Жаш жигиттердин көбү өздөрүн көрсөтүүгө, досторун таасирлентүүгө жана физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга умтулушат. Өспүрүмдөр бул тууралуу биринчи жыныстык катнаштарга чейин эле билсе, мындай кадамдын кесепеттерине акыл-эстүү мамиле жасай алышат. Жыныстык жетилүүнүн босогосунда турган ар бир өспүрүм репродуктивдүү системабыз кандай иштээрин, эрте кош бойлуулуктун жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын кооптуулугун, контрацепцияны, репродуктивдүү ден соолук тууралуу маалыматты кайдан алууну жана өзүн сексуалдык асылуулардан кантип коргоону билиши керек. Ал кандай гана кырдаал болбосун ата-энеси жардам берерине ишениши керек.

Өспүрүм менен жетилүү жана секс темалары боюнча кантип сүйлөшүү керектигин шилтемеден окуй аласыз.

Контрацептивдерди берүүдөн коркпоңуз

Галина Чиркина:

- Анан, албетте, балага контрацептивдерди бериш керек. Антпесе алар аны кайдан алышат? Атүгүл, ошол эле презерватив бүгүнкү күндө өспүрүм үчүн абдан кымбат. Бирок бул нерсе балада бар болсо, демек, биз аны коргой алдык. Ал эч качан контрацепцияны колдонбошу да мүмкүн, анткени ага муктаж эмес. Тобокелдик болгон үчүн гана аны пайдалана алат. Же ал аны пайдаланат, анткени ал пайдалангысы келди.

Балабызга презервативди берсек, мисалы, сумкасына салып койсок же гормоналдык контрацептивдер жөнүндө айтсак, анда ал сөзсүз чуркап барып жыныстык катнашты баштайт деп ойлогонубуз, балдарыбызга такыр ишенбегенибизди билдирет. Бул аларда айбандык инстинкттер гана бар, башка эч нерсеси жок деп ойлоо.

Дарыгерлер Александр Куликов менен Елена Мешкова ата-энелер өспүрүм курактагы сексуалдык мамилелерге ар башкача көз карашта болушу мүмкүн экенин белгилешет. Бирок катуу тыюу күтүлбөгөн натыйжаларды берерин эске алуу керек. Тыюу салуулардан алда канча эффективдүүрөөгү – бул жаштардын арасында сексуалдык мамилени ырааттуу калыптандыруу.

Галина Чиркина:

- Өспүрүм корголгондо гана, анда жыныстык катнашка баруу керекпи же жокпу, талдоо мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Ар бир жолу ага мындай ой келет: муну мен эртеңкиге, бүрсүгүнү, бир жылга ж.б.у.с. калтырсам болот, анткени анын мага зыяны тийбей турганын билем.

Ата-энелер үчүн дайыма эле ыңгайлуу боло бербеген суроолорго жооп берүү маанилүү. Мисалы, мен кармансам, "репродуктивдик системамда көйгөй болбойбу", же "менин жыныстык мүчөсүм чоңоебу", же "кыным чоюлуп кетеби" ж.б.у.с.

Ооба, айтылуу нерселерди талкуулоо кыйын, бирок үйрөнүү керек. Бул тууралуу балаңыз менен сүйлөшсөңүз, анда ага кошумча коргоо бересиз. Бул аракеттер сексуалдык жашоого аң-сезимдүү мамиле жана көз караштар менен барууга мүмкүндүк берет: "Эмне үчүн мен муну жасап жатам? Эмне үчүн мен өзүмдү коргоп жатам?" Ар бир жолу муну талдоо керек. Үй-бүлө маалымат булагы болуп саналат. Бирок үй-бүлөгө да кыйын.

Көптөгөн ата-энелер мындай дешет: "Өзүбүз көп нерсени билбесек, эмне кылышыбыз керек?" Мектеп психологдоруна барыңыз, психологдорго барыңыз, кеңешиңиз, белгилүү бир мүмкүнчүлүктөрдү түзүңүз, муну жакындарыңыз менен талкуулаңыз жана бул тууралуу балаңыз менен кантип сүйлөшүү керектиги боюнча бирдиктүү ыкманы табыңыз. Бирок кандай болгон күндө да кайдыгер болбоңуз жана унчукпай койбоңуз, анткени сүйлөшүүгө караганда унчукпай койгонуңуз менен көбүрөөк зыян келтиресиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт