// //

Өспүрүмдүн өзүнө болгон ишенимин кантип өрчүтсө болот?

2024.03.19, 13:36
438

Психологиялык кызматтын жумуш практикасы көрсөткөндөй, өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери көбүнчө психологго бала кантип өзүнө ишенип, уялчаак менен түнт болгондон кантип арыла алат деген суроо менен кайрылышат. Көпчүлүк өспүрүмдөрдү теңтуштарынын алдында күлкүлүү, алсыз жана белгилүү бир кырдаалда ийгиликсиз болуп көрүнүү коркунучу тынчсыздандырат.

"Студия Гештальт-312" адистеринин айтымында, бул өспүрүм курак өнүгүүнүн эң татаал жана эң маанилүү этаптарынын бири экендиги менен байланыштуу.

Дал ушул куракта пайда болгон өзүн-өзү аңдоо сезими өспүрүмдөрдү башкалардын критикасына аялуу, эмоционалдык жактан туруктуу эмес кылып, өзүнө болгон шек саноону жаратат.

Өспүрүм куракта жашоонун сапатына субъективдүү баа берүү, адатта, терс мүнөздү алып жүрөт. Бул өспүрүмдүн өнүгүүсүнүн жалпы дисгармониясы жана ыраатсыздыгы, ошондой эле анда бир катар психологиялык касиеттердин калыптанбагандыгы менен шартталган: алардын бири өзүнө болгон ишеним.

Өзүнө ишенүү - мазмуну абдан татаал болгон психологиялык көрүнүш. Бул өзү чечим кабыл алуу процессине катышкан адамдын абалы, ийгиликке жете алам деген ишеними, инсандын социалдык чөйрө менен өз ара аракеттенүүсүндө талаптарды жана өтүнүчтөрдү кое билүү жөндөмдүүлүгү.

Психологиялык түшүнүк катары "өзүнө ишенүү" XX кылымдын 40-жылдарында пайда болгон. Ишеним көйгөйүнө көңүл бурган биринчи адам Америкадагы бир кыйла чоң невроз клиникасынын ээси жана башкы дарыгери Андре Салтер. Ал невротикалык жактан ооругандардын жана жөнөкөй бейтаптардын көпчүлүгү (өзгөчө жүрөк-кан тамыр патологиясы барлар) тигил же бул даражада өзүнө жана келечегине ишенбөөчүлүктөн жапа чегишерин аныктаган.

Салтер бул фактыны түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, өзүнө ишенбөөнүн себеби, дүүлүктүрүү процесстерине караганда бөгөт коюу процесстеринин басымдуу болушу, бул өз кезегинде инсандын калыптанышна тоскоолдук алып келип, адам өзүнүн сезимдерин, каалоолорун жана муктаждыктарын ачык билдирүүгө жөндөмсүз болуп, өзүн өнүктүрүүдө жана башка адамдар менен байланыш түзүүдө кыйынчылыктарды башынан өткөрөт деп божмолдогон. Өз кезегинде, Салтер дени сак инсанды (өзүнө ишенген инсанды) "эксцитатордук" (латын тилинен "excitate" - толкундануу) деп атаган. Анын көз карашы боюнча, инсандын ден соолугу сезимдерин ачык айтууда, спонтандык жана импровизациялоо жөндөмүнөн билинип турат.

Психологиялык сөздүктө мындай деп түшүндүрүлгөн: өзүнө болгон ишеним субъекттин жетишээрлик татаал маселелерди чечүүгө даярдыгы, ал эми умтулуунун деңгээли бир гана ийгиликсиздиктен корккону үчүн төмөндөбөйт. Эгерде жөндөмдүүлүктүн деңгээли керектелген аракеттен бир кыйла төмөн болсо, өзүнө болгон ишеним пайда болот.

Ишеним өзүнө, өз күчүнө, ийгилигине жана жетишкендигине болгон ишенимди камтыйт жана төмөнкү учурларда байкалат:

  • ишеним сезими (ички күч, туура экениңди билүү жана сезүү);
  • күчтүү позициясы бар адамдарга мүнөздүү ишенимдүү жүрүм-турум, күчтүн демонстрациясы;
  • чечкиндүүлүк (чечим кабыл алуудагы тайсалбастык).

Өзүнө ишенген адам өзүнүн күчүн, укугун, тууралыгын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн сезет, өзүнө ишенет, эч кандай шектенүүсү жана коркуусу жок болот.

Ошол эле учурда өспүрүм куракта коомдук пайдалуу иш-аракеттерге катышуу, курдаштары менен баарлашуу сыяктуу аракеттер алдыңкы орунга чыга баштайт.

Өспүрүмдөр көбүнчө теңтуштарынын пикирине таяна башташат, алардын жүрүм-турумунун негизги мотиви - бул өз ордун табуу каалоосу.

Өспүрүм үчүн мугалимдер жана чоңдорго караганда, теңтуштардын баалоосу көбүрөөк мааниге ээ боло баштайт. Ал белгилүү бир топтун жана анын баалуулуктарынан катуу таасирленет: эгер теңтуштары арасындагы популярдуулугуна коркунуч туулса, катуу тынчсызданат. Өспүрүмдөрдүн инсандыгын мүнөздөгөн эң маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири – өзүн баалоонун жана "мен" деген образдын туруктуулугунун пайда болушу. Өспүрүмдөрдүн өзүн аңдоосунун маанилүү мазмуну анын физикалык "мен" деген образы – анын сырткы келбети, өзүн "эркектик сапат" жана "аялдык сапат" стандарттарынын көз карашынан салыштыруу жана баалоо идеясы.

Физикалык өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрү өспүрүмдөрдүн өзүн баалоо жана өзүн сыйлоо сезимин төмөндөтүп, башкалар тарабынан жаман баа алуудан коркууга алып келиши мүмкүн.

Сырткы келбеттин кемчиликтери (чыныгы же ойдон чыгарылган) өтө азап менен кабыл алынып, өзүн толугу менен кабыл албоого алып келиши мүмкүн. Эгерде башталгыч класстардагы окуучулардын тынчсыздануусу бейтааныш чоң адамдар менен байланышканда күчөсө, өспүрүмдөрдө ата-энелер жана теңтуштар менен болгон мамилелерде күчөйт.

Өспүрүмдөр биологиялык жактан тез өсүп жана өз алдынчалыкка умтулуусунан улам теңтуштар менен болгон мамиледе кыйынчылыктарга дуушар болушат. Өз идеалдарына ылайык жашоого умтулуу жана ага байланыштуу жүрүм-турум үлгүлөрүн өнүктүрүү өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелеринин ортосунда чыр-чатактарды жаратышы мүмкүн.

Өжөрлүк, негативизм, таарыныч жана агрессивдүүлүктөр көбүнчө өзүнө ишенбөөчүлүктү билдирген эмоционалдык реакциялар.

Гештальт-312 адистери, балада өзүнө болгон ишенбөөчүлүк кичинесинде эле пайда болорун айтышат: башкалардын жүрүм-турум үлгүлөрүн көчүрүүдөн, ата-энелердин сыны. Бул таңууланган пикирлер жылдар бою жашоодогу ийгиликсиздиктер, айланасындагы адамдардын орой жүрүм-туруму жана башка көптөгөн нерселер менен бекемделет.

Натыйжада, өзүнө ишенбеген адам жашоодо аз жетишкендиктерге ээ болот. Жашоонун өзү, ал үчүн ишмердүүлүктүн кандай түрү болбосун, терс окуялар менен байланышкан болот, бул өз кезегинде адамдын өзүнүн жана анын жакындарынын ден соолугуна таасирин тийгизет.

Өзүнө ишенбөөчүлүктүн пайда болушуна социалдык коркуу сезими да чоң роль ойнойт. Анда:

  • социалдык коркуу пайда болгондон кийин, белгилүү бир социалдык кырдаалдар менен катуу байланышат жана андан кийин бекемделет;
  • коркуу ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн азайтат, ал эми ийгиликсиздик өз кезегинде коркууну күчөтөт;
  • коркуу аны пайда кылган коомдук кырдаалдарда ийгиликсиздикке негиз түзөт, ал эми ийгиликсиздик коркууну андан ары күчөтөт.

Ошентип, коркуу жана аны менен байланышкан жүрүм-туруму адатка айланат, автоматташтырылат, сакталат, тиешелүү социалдык кырдаалдарга жайылат. Социалдык тынчсыздануу ар кандай формада жана ар кандай кырдаалдарда өзүн көрсөтөт. Коркуу төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

  • сындан коркуу;
  • четке кагылуудан коркуу;
  • көңүл борборунда болуудан коркуу;
  • кемтик көрүнүүдөн коркуу;
  • чоңдордон коркуу;
  • жаңы кырдаалдардан коркуу;
  • доомат коюудан коркуу же дооматтан баш тарта албай калуу;
  • "жок" деп айтуудан деп коркуу.

Албетте, тигил же бул коркуулар,ар бир адамдын психикасында болот. Өзүнө ишенбеген адамдардын көйгөйү – социалдык коркуу алардын үстөмдүк кылуучу сезимине айланат, бул алардын коомдук активдүүлүгүнө тоскоол болот. Коомдук жүрүм-турум көндүмдөрүнүн жетишсиздиги менен бирге, өзүн күнөөлүү сезүү жана уялуу да ишенимсиздиктин пайда болушунда чоң роль ойнойт.

Өзүнө болгон ишенбестикти кантип тааныса болот?

Өзүнө болгон ишенимди жоготуунун негизги белгиси - бул адамдын өз максатына жетүүгө болгон каалоосунун жоктугу: алдын ала ийгиликсиз болоруна ишенип, шылдыңдоодон жана жеңилүүдөн коркот. Психологдор мындай адамдарга бул нерсени эстен чыгарбоону сунушташат: ар бир адам ката кетирет, чечкиндүү кадамга баруу үчүн мүнөз керек. Адамда жетишкендиктердин жок болсо, өзүнө болгон ишенимин жоготуп коюу толук мүмкүн.

Өзүнө болгон ишенимдин жоктугунун экинчи белгиси - чындыкты кооздоо. Калп айтуу каалоосу - адам өзүн жакшы жагынан көрсөтүп, башка адамдарга жакшы таасир калтырууга аракет кылгандыгы менен шартталат. Ал адам башкаларды башка жол менен өзүнө көңүл бурдура албайт, бирок мындай калптан адам өзүн сыйлабай калат.

Үчүнчү белги - өзүн төмөн баалоо. Бул көйгөй өспүрүмдөр арасында кеңири таралган, бирок бой жеткенде дагы пайда болот. Бул учурда, ар бир адамдын көптөгөн кемчиликтери бар экенин түшүнүү керек, ошол эле учурда акырындык менен өзүнө ишенбөөчүлүктөн арылуу үчүн, өзүңдөн кемчилик издебеш керек.

Ата-эненин жардамы

"Студия гештальт-312" студиясынын адистери балдарыңызга болгон ишенимди чексиз сүйүү, кабыл алуу жана колдоо аркылуу жогорулатуу керек экенин белгилешет, окуу жана баалар жөнүндө гана эмес, ошондой эле балаңыздын өзүн кандай сезип жатканын, ал эмнени каалап жатканын, анын күнү кандай өткөнүн сурап туруу зарыл. Бул суроолорго жооп күтүүдө, анын жооп бергиси келеби же жокпу каалоосун эске алуу зарыл. Бала сизден сурабаса деле кеңеш берип, акыл үйрөтүп кыйнабаш керек. Каалаган убакта сизге жардам же кеңеш сурап кайрыла аларын билген бала, керек болгондо сөзсүз кайрылат.

Үй-бүлө – күч жана коопсуздук, эгер бала үйгө келгенде сынга кабылбай, үй жумуштары менен башынан аягына чейин түйшүк тартпай турганын, өзүн сурак берип жаткандай сезбей турганын билсе, анда ал үчүн үй коопсуздук менен айкалышат, үйдөн күч топтоп, кайрадан дүйнөнү багындырууга чыга аларын билет. Бул өзүнө болгон ишенимдин негизи.

Шартсыз кабыл алуу ишенимдин негизи. Көптөгөн ата-энелер баласын шартсыз кабылышса, бала эркелеп, бузулуп, жалкоо болуп калат деп ойлошот. Ал эми бул жерде кеп, ага бардык нерсеге уруксат берилет дегенди билдирбейт, бул силер урушуп кетсеңер дагы, балаңыз дагы эле аны сүйөрүңөргө, силерге керек экенине ишенет дегенди билдирет. Бала бойго жеткенде көптөгөн шарттуу мамилелерде болот, ошондуктан ал үчүн чексиз сүйүү бере турган жалгыз адам - ата-энеси. Бала губка сыяктуу ата-энесинен алган баардык нерсени өзүнө сиңирип алат, демек, бала төрөлгөндө эле чексиз сүйүүгө татыктуу болсо болбойбу?

Бала өз үй-бүлөсүнөн коомго кошулууну үйрөнүп, ата-энесинин жүрүм-турумун өздөштүргөндүктөн, албетте, алардын мамилесин өзүнө жана башкалар менен болгон байланышта үлгү катары колдонот.

Балаңыз менен сүйлөшүп, ага эмне үчүн белгилүү бир нерсе мүмкүн же мүмкүн эмес экенин түшүндүрүү менен, ага келечекте эмне кылса болору тууралуу тандоо укугун бересиз. Ошол эле учурда ага "бул мүмкүн эмес", "ушундай болуш керек" деп мажбурлабай керек, болбосо бала чыгармачылык талап кылынган жашоонун ар кандай кырдаалдарында – коркунучтуу, жагымсыз, жөнөкөй жана жагымдуу жагдайларда бирдей аракет жасап калат.

Балаңызга аны угуу, аны менен сүйлөшүү аркылуу, ага өзүнө болгон ишенимдин жакшы пайдубалын түзүп бересиз.

Сунушталган адабияттар:

Нэлли Аникеева "Главное о воспитании детей", Л. С. Выготский "Педология подростка", Л. С. Выготский "Стадии психического развития личности ребенка".

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт