// //

Көз каранды абалдагы бала менен кантип сүйлөшүү керек

2024.02.26, 12:45
628

Бүгүнкү күндө коомубуздагы актуалдуу көйгөй - өспүрүмдөрдүн көз карандылыгы. Анткени, өспүрүмдөр арасындагы көз карандылык өтө ылдамдык менен жайылууда. Мындан утурлай, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын психоактивдүү заттарды (алкоголдук ичимдиктер, тамеки, баңги заттар) колдонуусу учурдагы Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөй болууда. Балада көз карандылык бар деп шектенген учурда эмне кылуу керек? Балага бул көйгөй менен күрөшүүгө кантип жардам берсе болот? Айтылуу жана башка маселелер тууралуу психолог Маргарита Сабирова менен баарлаштык.

Эмне үчүн өспүрүмдөр психоактивдүү затттарды колдонууга көбүрөөк дуушар болушат? "Өспүрүм куракка мүнөздүү болгон кээ бир жүрүм-турум аспектилери болот. Мисалы, теңтуштары менен бир топ болуу, каршылык көрсөтүү, тууроо, ошол эле эмансипация, айталы, белгилүү бир жагдайларда девианттык жүрүм-турумга (жалпы кабыл алынган, кеңири таралган жана калыптанган социалдык нормалардан четтеген инсандын туруктуу жүрүм-туруму) өбөлгө түзүлөт, анын ичинде психоактивдүү заттарды колдонуу да бар . Бул нерселер өспүрүмдөрдү жогорку тобокелдик тобуна кошууга мүмкүндүк берет",-дейт психолог.

Наркологдор өспүрүмдүн заттарды колдоно башташы үчүн көптөгөн факторлор роль ойношу керектигин белгилешет. Эксперттердин пикири боюнча, эң жакшы профилактика - ата-эне менен баланын ортосундагы тыгыз жана ишенимдүү мамиле, чогуу убакыт өткөрүү, баланын өз алдынча болуусун кабыл алуу жана сыйлоо, жардам берүүгө даяр болуу жана чексиз сүйүү. Ошентсе дагы, өспүрүмдөрдүн өз карандылыгынан эч ким корголгон эмес.

Ата-энеге коңгуроо болуп саналган баланын жүрүм-туруму

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистеринин айтымында, өспүрүмдө төмөндө саналып өткөн бир нече белгилер же атрибуттар байкалса, анда ата-энелер үчүн коңгуроо болуп саналат:

  • маанайынын капыстан жана бат-баттан өзгөрүүсү: жакшынакай эле болуп жүрүп, бир заматта ачуусу кармайт, агрессияга алдырат;
  • бутуна тура албоо, тамтаңдап басуу, кыймылдар координациясынын бузулуусу;
  • хоббилерине, окуусуна, мурунку достору менен баарлашууга болгон кызыгуусунун төмөндөшү же жоголушу;
  • шалдыроо, тайсалдоо, жай, түшүнүксүз сүйлөө, өзүнө кирип кетүү, өзү менен сүйлөшүү;
  • күндүз уктоо, түнкүсүн уйкусуздукка чалдыгуу;
  • табиттин жана чаңкоонун байкаларлык жоголушу же көбөйүүсү,;
  • бир аз калчылдоо, жүрөк айлануу, мурундун тез-тез агышы, өнөкөт жөтөл, галлюцинация, убакытта жана мейкиндикте багытты жоготуу;
  • жарыкка реакция бербеген чоңойгон же ичкерген каректер;
  • дайыма акча издөө, ата-энеден суроо, достордон же тааныштардан карыз алуу;
  • үйдөн акчанын, баалуу буюмдардын жоголуусу;
  • үйдөн бат-бат жана узакка кетип калуу жана мектепке барбай коюу;
  • шектүү жаңы достордун пайда болушу;
  • жаргон сөздөрдүн пайда болушу ( "травка", "колеса", "план", "приход", "мулька", "джеф", "ханка", "кумар" ж.б);
  • шприцтердин, ийнелердин, "жгуттардын", кашыктардын, оролгон кагаздардын, фольгалардын, белгисиз таблеткалардын, порошоктордун, көбүкчөлөрдүн, желим түтүктөрдүн, эриткичтердин жана башка тиричилик химиясынын пайда болушу;
  • чыканак, билек, колдо, көгөргөн инъекциянын издеринин пайда болушу.

Шек саноого түрткү болчу белгилерди байкадыңызбы? Балаңыз менен сүйлөшүңүз.

Өспүрүм менен психоактивдүү заттарды колдонуу жөнүндө сүйлөшүүнү кантип баштоо керек?

"Сүйлөшүүнү баштоодон мурун туура убакыт тандап, ишенимдүү мамиле түзүп алуу керек. Алгач өспүрүм менен абстракттуу темаларда сүйлөшсө болот. Өспүрүм атасын же апасын угушу үчүн, алгач ал укканга даяр болушу керек" - дейт Маргарита Сабирова.

МААНИЛҮҮ НЕРСЕ! Көз карандылык - бул оору!

Дүйнөлүк медицинада баңги жана алкоголдук көз карандылык психоактивдүү заттарга патологиялык берилүү катары классификацияланат, алар бир катар патологияларды пайда кылат. Ошол эле учурда, ар кандай оору сыяктуу эле, психикалык көз карандылык дарылоону, калыпка келүүнү, реабилитацияны жана рецидивди алдын алууну талап кылат.

Психологдун айтымында, ата-эне аны тынчсыздандырган нерселердин бардыгын жылуу-жумшак, жайбаракат сүрөттөп, кызыктырган суроолорун бериши керек. Бирок, балага басым жасап, катуу суракка алуунун кажети жок. "Эгер ата-энелердин колунда баланын психоавктидүү заттарга болгон көз карандылыгын ырастаган далилдер жок болсо, аны мойнуна алдыруунун кажети жок. Сүйлөшүү учурунда ата-эне өспүрүмдү түшүнүп жатканын көрсөтүү үчүн жаңсоо, мимика, интонация менен колдоо көрсөтө алат. "Мен сени түшүнөм", "Мен сени туура түшүндүмбү" деген сөз айкаштары колдонулса дагы жакшы",- дейт психолог.

Адис, ата-эне сезимдерин ачыктап, балага өзүн кандай сезип жатканын толук айтып берсе болорун дагы кошумчалады.

Өспүрүм эмнени колдонуп жатканын тактоо керек, эгер эмне колдонуп жатканы белгилүү болсо, анда биринчи жолу качан жана кантип башталганын билүү зарыл. Мындан тышкары, өспүрүм менен ал ооруп жаткандыктан, аны мурункуга караганда (биз буга чейин эле калыптанып калган көз карандылык (адам сезген обсессивдүү муктаждык) оору экенине таянабыз) көбүрөөк жана тез-тез көзөмөлдөп турушарын макулдашып алуу керек.

Бул кем-каржысына берилчү акча же үйдөн чыгып кеткен убакытына байланыштуу көзөмөлдөө болушу мүмкүн. Ошол эле учурда өспүрүм ата-энесин манипуляциялай башташы мүмкүн, буга жол бербөө керек.

"Өспүрүм үйдө жок болгон учурда ага бат-баттан чалып, анын жашоосуна кызыгып туруу зарыл. Ошол эле учурда ата-энелер өзү компетенттүү булактардан алынган маалыматты пайдалануу көз карандылык көйгөйүн изилдеши керек. Эң маанилүүсү, бул этапта ата-энелер өспүрүмгө нарколог, психолог, психотерапевттен жардам алуу керектигин айтышы зарыл, анткени ар кандай ооруну адис дарылоо керек", - дейт Сабирова.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда ата-энелер өспүрүмгө альтернатива табууга жардам бериши керек. Бул үчүн алар бала менен, анын көз карашы боюнча, баңги заттарды колдонууну эмнени алмаштыра аларын талкууласа болот. Ал эмне менен алектенгиси келет жана аны эмне кызыктырат. Бир хоббини таап, эч ойлонбостон, ага убакыт, керек болсо, акча жумшоо зарыл.

Баласынын психоактивдүү заттарды, өзгөчө наркотикалык заттарды колдонуп жатканын билген ата-энелердин биринчи сезимдери - коркуу, баш аламандык жана дүрбөлөң болору айтпаса да түшүнүктүү.

Шок болгон, көңүлү калган, күнөө сезими калыптанган ата-энелер эмне кылса болот?

"Кээ бир ата-энелер "тарбия берүүдө жаңылыштык кетирдим" дешип өздөрүн күнөөлөп, ынандыруу, көндүрүү жолуна түшсө, башкалары, тескерисинче, катуу жазалоону, анын ичинде мажбурлоо чараларын колдонушат, а бирок ар кандай кысымдар кайра баланы коркутаары эчак эле белгилүү. Сезимдерди жана эмоцияларды атайлап басырмалаган ата-энелер да бар. Алар баладан уялышат, түз барып сүйлөшүүдөн качышат, баш оту менен жумушуна берилгенге аракет кылышат. Натыйжада өспүрүм өзүнө кирип, алар менен байланышпай калат", - деп белгиледи психолог.

Сабированын айтымында, кабар канчалык үрөй учурарлык болбосун, ата-энелер өздөрүн колго алышы керек.

Стресс менен күрөшүүнүн көптөгөн жолдору, дем алуу ыкмалары, физикалык активдүүлүк ж.б дегендей. Ата-эне өзүнө карап эң ылайыктуусун тандап, аны тынчсыздануу менен чыңалууну азайтуу үчүн колдонсо болот.

"Андан кийин нарколог, өспүрүм психологу, психотерапевт сыяктуу адистерден жардам алууну сунуштайт элем. Алар стресс менен күрөшүүгө жардам берип, өспүрүмдүн көз карандылык жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, иш-аракеттердин планын, зарыл болгон учурда, жардам алуу үчүн башка жерлерге кайрылууну сунушташат. Бул өз баласын сактап калгысы келген чоң адамдын көз карандылыкка каршы күрөшкө таштаган биринчи кадамы болот", - деди адис.

Жардам алуу үчүн кайда кайрылуу керек?

"Белгилей кетчү жагдай, адистердин катышуусуз көйгөй менен күрөшүү дээрлик мүмкүн эмес, анткени психоактивдүү заттарга болгон көз карандылыкты дарылоо наркологдун, психологдун, психиатрдын жана психотерапевттин катышуусу менен, атайын иш-чаралардын жана процедуралардын комплексин камтыйт. Өтө маанилүү нерсе – эгер өспүрүм өзү дарыланууга кызыкдар болсо, анда дарылоо жана реабилитациялоо алда канча ийгиликтүү жүрөт. Бул үчүн биринчи кезекте ата-эне ага түшүндүрүп, ишендирип, түрткү бериши керек", - деп айтты Сабирова.

Нарколог, психотерапевт, психолог жана башка ар түрдүү профилдеги квалификациялуу адистердин комплекстүү иш-аракети менен жардам көрсөтүлсө, дарылоо процесси ийгиликтүү болорун эл аралык практика тастыктайт.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алдындагы жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү борбору: 0555 25 08 52, 0777 46 06 20, 0501 56 33 33.

Мындан тышкары, ушундай эле жардам көрсөткөн бир катар жеке менчик борборлор бар.

Наркологдор медициналык көз караштан алганда, көз карандылык өнөкөт оору болуп саналарын жана 100% толук айыктыруу мүмкүн эместигин баса белгилешет. Бирок өмүр бою эч кандай терс кесептеттери болбой тургандай ремиссияга жетишүү мүмкүн. Ал эми бул жерде ата-эненин ролу чоң.

Өспүрүмдү дарылоо жана калыбына келтирүү процессинде кантип колдоо көрсөтүү керек?

Маргарита Сабированын айтымында, бул этапта ата-энелер үчүн өспүрүм менен байланышты үзбөө абдан маанилүү: дарылануу мезгилинде бала ата-энеси аны жакшы көрөрүн жана алар үчүн кымбат экенин сезиши керек, эң негизгиси ата-энеси жана өспүрүм "бул жамандык менен каршы күрөштө бирдиктүү команда" болушу зарыл.

"Эч качан ата-эне баңгизаттан арылуу балага караганда, өздөрүнө керек болгодой кырдаалды түзбөшү керек. Ошондой эле өспүрүмдү ага кымбат болгон нерседен ажыратып, шантаж кылуунун кереги жок. Эң негизгиси - оптимизм, активдүүлүк жана ишеним!" – деп баса белгилейт психолог.

Реабилитация жана ремиссия мезгилинде, чоңдор өспүрүмдү кандай болсо, ошондой кабылдап, аны инсан катары таанып, өткөн чагына карабастан сыйлоосу зарыл; ата-энелер өспүрүм менен чын дили менен мамиле куруп, жоопкерчиликтүү болушу керек; өткөндү эстебей, тескерисинче, анын учур чагы жана келечеги жөнүндө сүйлөшүү маанилүү. Ошондой эле ата-энелер психолог же психотерапевт жана өспүрүмгө жардам көрсөткөн башка адистер менен дайыма байланышта болуп турушу кажет.

Рецидивдердин алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

"Рецидивдүү жүрүм-турумду алдын алуу өспүрүмдөргө көз карандылык менен жардам берүү системасында эң маанилүү нерсе болуп саналат. Бул жерде эң негизги нерсе - убакытты жана ресурстарды сарамжалдуу эмес колдонууну пайдалуураак, кызыктуу нерсеге алмаштыруу жана баланы бир инсан катары өнүктүрүүдө жатат. Айталы, бул бир кызыктуу хобби болушу мүмкүн - мисалы, согуш өнөрүн үйрөтүп эле тим болбостон, моралдык жактан да тарбиялаган атайын күрөш сыяктуу секцияларга жаздыруу. Ошондой эле колдоо көрсөткөн адистерге алып баруу да абдан маанилүү: психолог, психотерапевт, нарколог ж.б.

Өспүрүмдөрдүн ар кандай кызыкчылыктарын канааттандыра турган окуу-тарбия, чыгармачылык, спорт менен машыгууну камтыган эс алууну уюштуруу зарыл", - деп белгилейт Сабирова.

"Профилактика ар дайым дарылоого караганда жакшыраак, арзаныраак, бир сөз менен айтканда эффективдүү, ошондуктан балдарыбызга баңги затын колдонбошу үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек", - дейт психолог.

"Ар бир ата-эненин милдети – өспүрүмдөргө психоактивдүү заттар жөнүндө туура маалыматты жеткирүү болуп саналат. Ата-эне өспүрүмдөрдүн аң-сезимине адам үчүн баңги затын колдонуу коркунучтуу, кыйратуучу, жол берилгис деген түшүнүктү түптөшү керек. Ата-эне, баланын эң жакын адамы катары, ишеним жана кабыл алуу атмосферасын түзүшү зарыл. Өспүрүм менен мүмкүн болушунча көп убакыт өткөрүп, андан кичине өзгөрүүлөрдү байкаса, аларга дароо реакция кылуу керек. Ошол эле учурда үй-бүлөдө калыптынган баалуулуктар баланын тандоосуна таасир этерин унутпайлы", - деп жыйынтыктады адис.

АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН САНАРИП ЭНЦИКЛОПЕДИЯ:

Өспүрүмдөрдүн көз карандылыгы тууралуу психиатр-нарколог айтып берет

Буллинг деген эмне? Балдар, ата-энелер аны менен кантип күрөшөт?

Убакытты туура бөлүштүрүү баланын келечектеги жашоосуна канчалык пайдалуу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт