// //

Буллинг деген эмне? Балдар, ата-энелер аны менен кантип күрөшөт?

2024.01.25, 16:04
810

Балаңыз түнт, капалуу, агрессивдүү же тескерисинче коркок болуп калдыбы? Кыязы ал буллингге туш болду. Тилекке каршы, көпчүлүк өспүрүмдөр мектепте, секцияларда, көчөдө, жада калса үйүндө буллинге кабылышат. Өспүрүмдүн буллингге учураганын кантип билсе болот? Балага зыян келтирип албоо үчүн ата-эне өзүн кандай алып жүрүшү керек? Бул тууралуу Кырызстандагы мектеп чөйрөсүндөгү психологиялык коопсуздук боюнча көз карандысыз эксперт Елена Малкина айтып берет.

Буллинг – бул кайсы бир бала же балдардын тобу тарабынан белгилүү бирөөгө багытталган, туруктуу, атайылап жасалган терс аракеттер. Кээде буллинг чоңдор тарабынан да жасалышы мүмкүн.

Буллинг оозеки, психикалык же физикалык таасирлерди камтышы ыктымал.

Көп учурда өспүрүмдөрдү төмөнкү себептерден улам кодулашат:

  • Мурдатан түзүлгөн командада жаңы жүздүн пайда болушу;
  • Көпчүлүктөн этникалык белгилери боюнча айырмаланган балдар;
  • Тышкы өзгөчөлүктөр (бой, чачтын түсү, мурундун формасы ж.б.);
  • Өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар окуучулар;
  • Мектептен жаман же жакшы бааларды алуу;
  • Белгилүү бир коомдо стигматизацияланган топтун мүчөсү болуу.

Эреже катары, жоош, түнт, уялчаак, өзүнө ишенбеген жана тынчсызданган балдар буллингдин курмандыгы болушат. Алар үчүн теңтуштары менен тил табышуу кыйынга турат, ал эми чоңдор менен оңой эле.

Эгерде буллингге эркек балдар кабылган болсо, анда алар теңтуштарына караганда физикалык жактан алсыз, спортто эпсиз, жөндөмсүз болушат. Ал эми жалпылап алганда, эркек балдардын да, кыздардын да өзүн-өзү сыйлоосу жана өзүнө-өзү болгон баасы төмөн келгендер болот. Мындай балдар аялуу, өздөрүн коргой алышпайт. Анын үстүнө депрессияга жана өз жанын кыюуга жакын болушат, ал эми зордук-зомбулук бул нерселерди күчөтөт.

Эркек балдар кыздарга караганда көбүрөөк буллинг жасашат, ошондой эле буллингдин негизги курмандыктары да ошолор. Буллинг жасоодо эркек балдар көбүрөөк физикалык күчкө салышса, кыздар көбүрөөк психологиялык кысым жасашат: ушактарды таратышат, өздөрүнө кошушпайт.

Буллингдин эң коркунучтуу түрлөрүнүн бири - бул бойкот, балага социалдык тобу атайылап көңүл бурбай коет. Дал ушул социалдык обочолонуу суициддик аракеттерге, өзүнө зыян келтирүүгө жана психикалык бузулууларга алып келет.

Буллингди кантип тааныса болот?

Бала буллинге туш болгонун билүү оңой эмес. Алар бул тууралуу айтуудан коркушат, көбүнчө эмне болуп жатканын өздөрү деле түшүнүшпөйт. Мындай аракеттер агрессорго жазадан качууга мүмкүндүк берет, байкоочулар жоопкерчиликтен жана күнөөлүү сезимдерден кутулат, ал эми жабырлануучу көп учурда уялат же жардам сурагандан, болуп жаткан нерселерди мойнуна алуудан коркуп жүрө берет.

Бул белгилер аркылуу бала буллингдин курмандыгы экенин болжолдосо болот:

  • Көкүрөктүн жана ичтин себепсиз оорушу;
  • Энурез;
  • Нерв тамырларынын бузулуусу;
  • Уйкунун бузулушу, жаман түш көрүү, уйкусуздук;
  • Дем алуу органдарынын оорулары жана ден соолукта башка көйгөйлөрдүн көбөйүүсү;
  • Табиттин бузулушу (тамак-аштан баш тартуу же, тескерисинче, ашыкча тамактануу);
  • Тынчсыздануу;
  • Аянычтуу көрүнүш жана узакка созулган депрессиялык абал;
  • Жүрүм-турумда пайда болгон ашыкча этияттык жана ашыкча баш ийүү;
  • Баарлашууга болгон каалоонун жоголушу, бар болгон убакытты жалгыздыкта өткөрүү, мектепке баруудан баш тартуу.

Эгер бул белгилердин бирөө эле кездешсе, анда буллингден кабар бербеши мүмкүн. Эгер тизмедеги бир нечеси узак убакыт бою байкалса, анда бала менен сүйлөшүү керек. Жабырлануучу буллинг абалында канчалык узакка болсо, ошончолук психикалык бузулуулар, депрессиянын оор формалары жана өзүн-өзү өлтүрүү ыктымалдуулугу жогорулайт.

Балага кантип жардам берүү керек?

Ата-энелер жана башкалар баланы, жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү кылдаттык менен көзөмөлдөп турушу керек. Бала менен ата-эненин өздүк баасы адекваттуу болуп, ортолорундагы мамиле ишенимдүү болушу кажет, бул нерсе буллинге каршылык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Эгер бала менен жакындарынын ортосундагы мамиле ишенимдүү болбосо, ал эч качан көйгөйлөрү бар экенин айтпайт. Бирок ал муну жасоонун жолдорун издейт.

Эң негизгиси, эч качан баланын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаңыз, "баары өзү эле чечилип калат" деп ойлобоңуз, кырдаалды жөнөкөйлөтүп, үстүртөн жыйынтык чыгарбаңыз, шашылыш чечимдерди кабыл албаңыз. Бул өзгөчө өспүрүмдөргө тиешелүү.

Бала менен эмне болуп жатканын билүүгө аракет кылыңыз, аны ачык сүйлөшүүгө чакырыңыз жана эмне болгонун сурап талкуулаңыз. Тараптардын ар бирин чогуу талдап чыккыла: балаңызды, аны куугунтуктагандарды жана күбөлөрдү. Алардын арасында буллинг жасаганды активдүү колдогондор жана балаңызга боор ооруп, жардам бергиси келгендер, бирок, өзү курмандык болуп калгандан коркуп жүргөндөр болушу мүмкүн. Чогуу отуруп алып бейбаштарга эмне түрткү берип жатканын, кордогондо өздөрүн кандай алып жүрөрүн жана алардын жүрүм-турумун эмне өзгөртө аларын талкуулагыла.

Эгерде эмоционалдык жаракат балага жактоочу позицияны карманууга жол бербесе, аны өз алдынча чечүүгө аракет кылбаңыз - адистен, мектеп психологунан, тарбия иштери боюнча мугалимден же мектеп директорунан жардам сураңыз.

Балага карата жасалган буллингди кантип токтотсо болот?

Ооба, бала жана анын ата-энеси оор кырдаалга туш болушат. Аны өзгөртүү чыдамкайлыкты жана аракетти талап кылат. Бул учурда класс жетекчиге кодулоо тууралуу маалымат берип, анын бул боюнча пикирин билүү зарыл. Ошондой эле, маалыматты мектеп администрациясына жеткирип, биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу керектелет. Эгер бул аракеттер эч кандай жыйынтыкка алып келбесе, анда жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияга, акыйкатчы институтуна, жада калса милицияга кайрылуу кажет.

Буллинг көйгөйүн жеке жактардын эмес, класстын же мектептин көйгөйү катары кабыл алыңыз. Эгер балаңыз коркунучта деп ойлосоңуз, дароо чара көрүңүз.

Эч качан балаңызды болгон окуя менен жалгыз таштабаңыз. Эч кандай шартта балаңыз менен болгон нерсеге өз нугунда кете берүүсүнө жол берип, көз жаздымда калтырбаңыз. Өспүрүм психологиялык жана эмоционалдык жардамга мурдагыдан да көбүрөөк муктаж болот. Анын үстүнө бала эле эмес, ата-эне да адистерге кайрылуусу зарыл.

Балаңыз өзү буллер болсо, эмне кылуу керек?

Баласы буллер болуп чыккан ата-эне, биринчи кезекте үй-бүлөдөгү психологиялык абалга көңүл бурушу керек. Агрессияны көбүнчө өздөрү зомбулукка кабылган же мурда оор жаракат калтырган окуяларды башынан өткөргөн балдар көрсөтөт. Бул учурда психотерапевттин кеңеши бала үчүн гана эмес, система катары үй-бүлө үчүн да зарыл болушу мүмкүн.

Мындай жүрүм-туруму менен бала чоңдордун көңүлүн бурганга аракет кылат. Ал эми ата-эненин милдети балага эмне керек экенин, ал бул жүрүм-туруму менен кандай жардам сурап жатканын билүү болуп саналат.

Ошондой эле баланын жеке өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу маанилүү, эгерде эмпатия, социалдык интеллект жана психопатиялык сапаттар төмөндөп кетсе, анда катуу чектерди коюп, алардын так аткарылуусун көзөмөлдөө жардам берет. Баланын айлана-чөйрөсүнө көңүл буруңуз, ал жерде агрессия барбы, ага мектеп окуучулары тарабынан зомбулук көрсөтүлүп жатабы жокпу билиңиз (шылдыңдоо, табалоо, кемсинткен тамашалар).

Ата-эне балага мындай деп так түшүндүрүшү керек: "Силердин кылып жатканыңар - зомбулук!"

Көбүнчө балдар эмне болуп жатканын жакшы түшүнүшпөйт, алар үчүн баары зыянсыз оюн сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бул жерде ата-энелер үй-бүлөдө уруксат берилген чектерди так белгилеп, аларды так сактоого тийиш.

Ата-эне буллингге байланыштуу абалга зыян келтирип албоо үчүн эмне кылуусу керек?

Ата-энелер баланын жашоосуна катышып, ар дайым жанында болушу зарыл. Ошондой эле балдары менен эмне болуп жатканын жана ага кантип жардам берүү керектигин жакшылап түшүнүү үчүн адистер менен байланышып, иш алып баруусу керек. Баланын чектерин сыйлаганды үйрөнүү да маанилүү. Ага чек коюуга жардам берип - анын денеси кол тийбес экенин түшүндүрүңүз. Тилекке каршы, өлкөдө балдарды тарбиялоону үйрөткөн бир дагы жогорку окуу жай жок, бул жерде ата-энелер өз алдынча аракет кылып, туура мамиле түзүүнү үйрөнүшү абзел.

Жабырлануучу канчалык капа болсо же ачууланса, агрессор ошончолук күчтүү болоорун балага түшүндүрүп, ошол эле учурда, ата-эне башка балдар менен териштирүү иштерин жүргүзбөшү керек, бул алардын жоопкерчилигине кирбейт.

Балаңыздан кодулоого байланышкан кырдаалдагы өзгөрүүлөр жөнүндө сураңыз. Бул ата-эне эмне болуп жатканынан кайдыгер эмес экенин көрсөтөт. Анан, албетте, балага карата айтылган колдоо сөздөр эч качан ашыкча болбойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт