// //

Мода деп программист болуунун кереги жок! Андрей Минкинден кеңеш

2022.07.27, 12:30
1003

Андрей Минкин 15 жылдан ашуун убакыттан бери IT тармагында. Алгач системалык администратор иштеп, андан кийин программист болгон. Учурда америкалык Percona компаниясында маалымат базалары менен иштейт.

- Бир-эки айдан кийин курстарга жазылып, программалоо тилин үйрөнүүнү чечкен жаштарды эмне күтүп турат?

- Көпчүлүктү көңүл калуу күтүп турат. Жеке өзүм, эки-үч айда эмнени үйрөнсө болорун түшүнө албайм. Бул курстарды бүтүргөндөрдүн 90%ы жумуш берүүчүнү кызыктырбайт. Ал эми мындай курстар акча табуу милдетин жакшы аткарып жатышат. 

Маселен, университеттерде эч нерсе үйрөтпөйт деген мифтер бар. Бирок, чындыгында, бардыгы студенттин өзүнөн көз каранды, ал бир нерсени үйрөнүүгө даярбы же жокпу дегендей. Ал эми курстарга барып жаткандардын арасынан программалоого кызыккан, курстарда бергендер менен гана чектелбей, өз алдынча жаңы нерселерди үйрөнүп, акырында жумуш таба ала турган адамдар дагы болот.

- Биринчи жумушту кайдан издөөнү сунуштайсыз?

- Мен мурун өзүң жашаган шаарда, көп нерсени үйрөнө турган офлайн командага кирүү керек деп ойлочум. Эми мен бул суроону кайра башкача өңүттөн карап калдым. Кыргызстанда жашап, кандайдыр бир европалык же америкалык компанияда иштесе болот. Эгер Бишкекте сага джун катары 300 доллар, максимум 500 доллар төлөй турган болсо, Европанын кайсы бир компаниясында онлайн иштеп эле 800-1000 долларга чейин алаласың. Анын үстүнө Бишкектеги бир фирма курс бүтүрүүчүлөрүн стажировкага алыш үчүн акча талап кылганын уктум. Менимче, бул ашыкча нерсе.

- Менин билишимче, кээ бир компаниялар джундарга нормалдуу акча төлөп берүүнүн кажети жок деп эсептешет. Бул тууралуу кандай ойдосуз?

- Сиз алар менен иштешпей эле кое турган компаниянын мисалын келтирдиңиз. Бул жерде логика жок. Джунду окутуу милдеттүү бөлүк болуп саналат. Ошол эле джунду алалы, ал алсыз болсо да, ар дайым продуктту өркүндөтүүгө салым кшо алат - документтерди оңдой, тесттерди жазат дегендей.

- Ал эми джун кайсы жерде иштеги туура болот : аз акчага болсо да жергиликтүү компаниядабы же чет элдик компанияда онлайн иштегениби?

- Бишкектеги ишканаларда коллективде баарлашуу тили же кыргызча, же орусча. Орус тили КМШ өлкөлөрүндө гана сүйлөшөт. Ал эми чет өлкөлүк компанияда иштей баштасаңыз, анда англис тили керек болот. Сиз үчүн бүт дүйнө ачык болот. Программисттин биринчи тили англис тили деп дайыма айтам.

-Джун чет өлкөдөн жумуш таба алабы?

- Бардыгы өзүнөн көз каранды. Эреже катары, курстар интервьюдан өтүүнү үйрөтүшпөйт. Бирок аларды кантип тапшырууну үйрөнүүнүн эң жакшы жолу - интервьюлардан дайыма өтүү. GitHub'да бир нече пет-проекттерди жасаңыз, дайыма джунга ылайыктуу кызматтарга тапшырыңыз, интервьюлардан өтүңүз, кайсы суроолордон өтпөй калганыңызды жазыңыз, кайра ал боштуктарды толтуруңуз.

Иштөөнү кыялданган компаниялардын тизмесин түзүп алсаңыз дагы ашыкча болбойт. Резюмеңизди бардык жерге жөнөтүңүз. Кайсы бир жерде сизге жооп берип, интервьюга чакыруу мүмкүнчүлүгү бар.

- Жаман IT компания экенин кантип аныктоого болот?

- Биринчи көрсөткүч бул сиз жана эмгегиңиз бааланбайт. Экинчи көрсөткүч бул компанияда код-ревью жана тест жазуу маданияты жок. Андай болбосо, анда продукциянын сапаты күмөн жаратат. Ал эми ушундай продукция чыгарган компанияда иштөө жаман идея. Үчүнчү көрсөткүч - иштеп чыгуучуларга так тапшырма берилиши керек. Эгер сиз кайра сурап, эмне кылып жатканыңызды тактап, дагы эле түшүнүктүү жооп ала албасаңыз, анда бул жаман белги. 

- Эмне үчүн IT тармагына барбаш керек деп көп айтасыз?

- Анткени азыр көптөгөн жаштар IT тармагына бул тармакты жактырганы үчүн эмес, мода болгондуктан келип жатышат. Мен үчүн системаны башкаруу, программалоо ар дайым сүйүктүү жумуш болуп келген. Жакшы акча  менин сүйүктүү жумушум үчүн төлөнүп жатат экен. Бул жерде негизги сөз "жакшы акча" эмес, "сүйүктүү жумуш". Рекламага карап же сиздики эмес экенин билип туруп программист болуунун кереги жок.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт