// //

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

2022.03.28, 14:22
2689

Салам достор! Бүгүн биз силерге Германиядагы Turbine Kreuzberg компаниясында иштеп, ошол эле компаниянын Кыргызстандагы бөлүмүн жетектеп, IT тармагынын өсүшүнө салым кошуп келаткан мекенбешибиз Данияр Асановдун кеңештерин сунуштайбыз. Баса, маекти толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

Каалоо жана аракет

Мурда програмист болуш үчүн информатиканы окуш керек болчу. Азыр андай эмес. Ар бир адам бул тармакка кире алат. Мисалы, келечеги жакшы болбой калган кесип ээлери, чет өлкөгө кетүүнү пландап жаткандар, көп акча табууну кыялдангандар, баары бул тармакты үйрөнүп жатышат. Бир гана каалоо жана аракет керек.

Тил үйрөнүү

Англис тилин окугула. Бул тил жок абдан кыйын болот. Европага чыгууну кыялдангандар бул тилди сөзсүз билиши керек. Эч качан кеч эмес, азыр баштаңыз.

Портфолио чогултуу

Чоң компанияларга стажировкага өтүү үчүн аракет кылыңыз. Проекттерди жазыңыз. Ар кайсы жерден стажировкалардан өтүңүз. Кичине проекттерди жазып, аларды компанияга барганда көрсөтө бериңиз. Алар үчүн ар бир аракет кылуу баалуу болуп саналат. 

Коддон башка тармак бар

IT тармактары абдан көп. Сөзсүз эле код жазып программист болуунун кажети жок. Проект менеджер, тестировщик, системный администратор ж.б. Ошол багыттарды деле тандап, ошого жараша билим топтой баштаңыз. 

Коммуникация маанилүү

Програмисттер интроверт деген жалган пикир. Сүйлөшкөндү билиш керек. Ачык болуңуз. Биз ошол жагын карап жумушка алабыз. Тажрыйбаңыз аз, бирок сүйлөшө билүү жөндөмүңүз болсо, бат эле өсүп кетесиз. 

Жумуш ырахат тартылашы керек

Бул тармакка каалоо болуш керек. Ооба, акчасына кызыгып тандагандар бар. Башында жагабы же жокпу аракет кылып көрүңүз. Бирок, жалпысынан бул жумуш сизге жагыш керек. Код жазуу бул үй кургандай эле процесс. Кыйынчылыгы абдан көп. Сиз бул нерседен ырахат алышыңыз керек. 

Математиканы билүү шарт эмес

Математиканы билсең жакшы, бирок милдеттүү түрдө эмес. Бул тармакта иштеш үчүн ачык болуш керек, билим алууга умтулуп, ар дайым изденип жүрүш керек. Формула деле жок. Баары оңой. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт