// //

Эмне үчүн балдарды башкалар менен салыштырган болбойт?

2024.04.08, 13:29
535

Өзүн-өзү баалоо - бул адамдын өзү, мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдөрү тууралуу таанып билүүсү. Дал ушул нерселерден айланасындагы адамдар менен кандай мамиле түзөрү жана ар кандай кырдаалдарда өзүн кандай алып жүрөрү көз каранды. Өзүн-өзү баалоо сезими балалыктан башталат дагы, өспүрүм куракта калыптануусу уланат. Редакция психологдор Елена Малкина жана Мария Самсонова менен өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү баалоосу тууралуу маектешти.

Өзүн-өзү баалоо – бул адамдын өзүнүн баалуулугуна субъективдүү баа берүүсү болуп саналат. Психологияда көптөгөн классификациялары бар. Көп учурда деңгээлдерге жараша бөлүнөт - жогору, төмөн жана адекваттуу өзүн-өзү баалоо.

Психолог Мария Самсонова өспүрүм куракта өзүн-өзү баалоонун өзгөрүп туруусу табигый көрүнүш экенин айтат: "Өспүрүмдөрдүн дүйнөнү кабылдоосу адатта өзгөрүп турат, бул гормондор менен түздөн-түз байланыштуу. Негизги суроо маселенин оордугуна жараша болот".

Өспүрүмдүн өзүн-өзү баалоо сезими төмөн экенин кантип билсе болот?

Самсонова өзүн-өзү төмөн баалоонун эки карама-каршы стратегиялары бар дейт: ишенимсиздик жана кысылуу, ошондой эле өспүрүмдүн агрессивдүү жүрүм-туруму:

Ишенимсиздик менен кысылууну өспүрүмдүн сүйлөгөн сөзүнө көңүл буруу менен түшүнсө болот. "Менин жолум жок", "Мен баары бир ийгиликке жете албайм", "Мен аны жасай албайм", "Бул кокустук, ошондуктан ийгиликке жеттим", " Мени эч ким жакшы көрбөйт, анткени мен башкалардай эмесмин", "Мен жаманмын", "Менде бир нерсе туура эмес" ж.б. Булар өзүн-өзү төмөн баалоонун ачык белгиси, бул учурда адиске кайрылуу керек.

Баланын өзүнө болгон баасынын төмөн экени анын өзүн жана бардык иш-аракеттерин терс кабылдоосу аркылуу билиниши мүмкүн.

Мисалы, көбүнчө өспүрүм өзүн, ал өзү ийгиликтүү деп эсептеген теңтуштары менен салыштырат. "Жок" деп айта албайт, атүгүл "жок" деп айтыш керек болгон жагдайларда да. Мактоону же комплименттерди кабыл алгысы келбейт, кимдир бирөө комплимент айтса ачууланат.

Агрессивдүү жүрүм-турум коргонуп жатканын билдириши мүмкүн. Эң жакшы коргонуу - бул чабуул деген сыяктуу. Ооба, бардык өспүрүмдөр тигил же бул даражада негативизмди жана козголоңду көрсөтүшү мүмкүн, бирок өзүн-өзү баалоо сезими төмөн болгон өспүрүмдөрдө бул көйгөйлөр көбүрөөк байкалышы мүмкүн. Ошондуктан, эгерде өспүрүм өзүнүн терс жүрүм-турумунан улам социалдык адаптацияда кыйынчылыктарга дуушар болсо, ага көңүл буруу зарыл.

Өспүрүм социалдык нормаларды бузуп, теңтуштары менен баарлашууда кыйынчылыктарга дуушар болуп, башкаларды кемсинтип, кастыкты ачык көрсөтүшү мүмкүн. Мунун баары өзүн-өзү жана курчап турган дүйнөнү кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдирген белгилер болушу мүмкүн. Бул өзүн-өзү төмөн баалоонун көрсөткүчү, бул учурда психолог менен иш алып баруу талап кылынат.

Мындай жүрүм-турумдун себептери жогорку деңгээлдеги тынчсыздануу, алсыздык жана коомго аралаша жатканы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Агрессивдүү жүрүм-турум көзөмөлдүн жана күчтүн элесин берет, ошондуктан балдар бул нерсеге алдырышат.

Өспүрүмгө өзүн-өзү баалоосуна байланыштуу адистин жардамы керек болуп жатканын кантип түшүнсө болот?

Психолог Елена Малкинанын айтымында, өзүн-өзү баалоо менен байланышкан көйгөйлөрдүн себебин так аныктоо жана өспүрүмгө өз убагында колдоо көрсөтүү үчүн колдонула турган диагностикалык ыкмалар бар.

Өзүн-өзү төмөн баалаган өспүрүм, адатта, төмөнкү сапаттарга ээ болот:

  • өзүн-өзү ашыкча сындоо жана өзүнө нааразы болуу;
  • башкалардын пикирине жана сынына болгон жогорку сезимталдык;
  • ар дайым чечкинсиз жана ката кетирүүдөн коркот;
  • башкалардын ийгилигине көз артуу;
  • баарына жагууга аракет кылуу;
  • башкаларга кас болуу;
  • туруктуу коргонуу позициясы жана аракеттерин актоо зарылдыгы;
  • ашыкча салмак;
  • пессимизм, дүйнөгө болгон терс көз караш.

"Өзүн-өзү төмөн баалаган өспүрүм убактылуу кыйынчылыктарды жана ийгиликсиздиктерди туруктуу катары кабылдап, туура эмес жыйынтык чыгарат", - дейт Малкина.

Өзүн-өзү жогору баалоо жакшыбы?

 

 

Көпчүлүк ата-энелер өзүн жогору баалоону өспүрүм үчүн пайдалуу деп эсептешет. Бирок психологдор муну менен макул эмес.

"Өспүрүмдөр үчүн өзүн жогору баалоо да көйгөй жаратат. Бала өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн реалдуулуктан жогору баалаган учурда, чындыкка туш болгондо күчүнүн чектелүү экенин түшүнүшү мүмкүн, анан амбицияларын канааттандыра албай депрессияга кабылышы ыктымал", - дейт Мария Самсонова.

Психологдун айтымында, өспүрүмдүн өзүн-өзү баалоо сезими адекватуу болгону жакшы. Адекваттуу дегенде, өзүн-өзү реалдуу жана объективдүү баалоо, айталы, адам өзү жөнүндө пикирди имиштерге эмес, фактыларга таянып түзөт.

"Бала базасында өзүнө жана аны курчап турган дүйнөгө позитивдүү ишенимге ээ болгондо адекваттуу өзүн-өзү баалоо сезими калыптанат. Ал өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана чектөөлөрүн жакшы түшүнөт, ийгиликтүү социалдашат жана коомдогу жүрүм-турум нормалары жана эрежелери менен кыйынчылыктарды башынан өткөрбөйт",- дейт Мария Самсонова.

Психолог белгилегендей, мектепте алган баалар өзүн-өзү төмөн же адекваттуу баалоонун көрсөткүчү эмес.

"Отличник өзүн-өзү төмөн баалоо сезимине ээ болгондой эле, жаман окуган окуучу да өзүн-өзү жогору баалаган сезимге ээ боло алат. Башкача айтканда, окуудагы жогорку же төмөн көрсөткүчтөр дайыма эле өзүн-өзү баалоодо көйгөйлөр бар же жок экенин көрсөтө бербейт".

Өспүрүмдө адекваттуу өзүн-өзү баалоо сезимин калыптандыруу үчүн анын пикирин, муктаждыктарын жана каалоолорун, физикалык жана психологиялык чектерин сыйлап, конструктивдүү диалог түзүүгө аракет кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү үйрөнүү абдан маанилүү.

Башкалар менен салыштырбоо, мүмкүн эмести талап кылбоо

Елена Малкинанын айтымында, өзүн-өзү баалоо өспүрүмдүн жашоосунда чоң мааниге ээ. Ал өзүнүн жеке сапаттарына, кыймыл-аракетине жана сырткы келбетине катуу көңүл бурат. Ал үчүн башкалардын көзүнө кандай көрүнө турганы абдан маанилүү болуп саналат.

"Өзүн-өзү баалоонун калыптанышына өспүрүмдүн жашоосундагы маанилүү деп эсептелген адамдардын мамилеси таасир этет: ата-энеси, мугалимдери, классташтары, достору же ага жакын башка адамдар болушу мүмкүн. Ошондуктан, биздин менталитетте кеңери таралган көрүнүш, айталы, ата-энелердин балдарынын жетишкендиктери менен гана мактануусу, ошол эле учурда балдарды бири-бири менен салыштыруусу жакшы эмес. Бул жерде балдар актай албай турган ата-энелердин чоң күтүүлөрүнүн көбөйүшүн пайда кылат", - дейт Малкина.

Тескерисинче, психолог ата-энелерге баланын жетишкендиктерин анын мурунку жетишкендиктери менен салыштырып, өткөн жыйынтыктарга карата азыркысы кичинекей жеңиш болсо, ага жетиштүү көңүл бурууну сунуштайт. Эң негизгиси, өспүрүмдөн кандайдыр бир объективдүү же субъективдүү себептерден улам ал көрсөтө албаган нерсени күтпөш керек.

Өспүрүм менен диалог түзүү кыйын же мүмкүн эмес болгон учурларда психологдор адистердин жардамына кайрылууну сунуштады.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт