// //

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

2022.04.12, 15:03
2347

Салам достор! Google компаниясынын швейцариялык кеңсесинде инженер-программист болуп иштеп жаткан мекендешибиз Нурбек Акпаралиев түз эфирибизде конотко болуп, кеңештери менен бөлүштү. Эфирди инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

Университетте окуунун зарылчыгы жок

Мен окуп жатканда азыркыдай курстар жок эле. Эгер карьерамды азыр баштай турган болсом, курстарга эле барып, стажировка өтүп тажрыйба топтомокмун. Университетке илим менен кетүүнү чечкендер, айталы, макала жазып, конференцияларга катышып, профессор болом дегендер тапшырса болот. Ал эми прораммист болуу үчун жылдап университетте окуунун зарылчыгы жок.  

Адамдар менен баарлашканды билүү

Программист болгуңуз келсе, техникалык жагын гана эмес, командада иштегенди, адамдар менен баарлашканды дагы билишиңиз керек. Мен мектепте интроверт элем. Бирок, жумушта чоң позицияга ээ болуш үчүн коммуникативдүү болуш керек экенин билдим. Жашооңузда интроверт боло бериңиз, бирок жумуштан экстроверт болсоңуз, мындан дагы көп ийгиликтерди багынтасыз. 

Суроо бергенден коркпо

Кантип экстраверт болсо болот. Баары жөнөкөй. Мен мага караганда тажрыйбасы көп адамдар менен сүйлөшүп, алардан кеңеш сурай баштадым. Бара-бара көнүп калдым. Эң негизгиси суроо бергенден коркпогула. Суроо берген аябай жакшы. 

Математика зарыл эмес

Программист болуу үчүн математика керек деген бул стереотип. Баары программист боло алат. Мен бул тармакка ар кайсы кесиптен келген адамдарды билем. Болгону каалоо жана аракет керек. 

Тил үйрөнүш керек

Программист болуп дүйнөлүк деңгээлге чыгам десеңиз англис тилин билишиңиз керек. Ал эми Кыргызстанда эле калып иштейм десеңиз, тилдин өтө зарылчылыгы жок. 

Жаңы нерсеге умтулуу

Бул кесиптин бир оорчулугу бир орунда сегиз сааттай отурасың. Ал үчүн спорт менен машыгып турушуңуз керек. Анан дагы күн сайын жаңы нерсени үйрөнгөнгө даяр болушуңуз керек. Бул тармак бат жаңыланып турат. Буга даяр болушуңуз зарыл. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт