// //

Билим берүү министрлигинин сайтында кандай маалыматтар бар экенин аныктайбыз

2021.02.18, 17:00
3111

Мектепке чейинки курактагы балдардын, мектеп окуучулардын, студенттердин ата-энелери эмнелерди билиши керек (айрыкча, коронавирус пандемиясынын шартында жана баары окуй баштаганда)? Баланы кантип жана кайсы мектепке киргизүү керек? Билим берүү жана илим министрлигинин edu.gov.kg сайтында пайдалуу маалымат барбы? Булардын баарын Kaktus.media анализдеп чыкты.

Аудиториянын сурамжылоосу. Ачык булактарга кандай маалыматтар керек?

Билим берүү министрлигинин сайтына көптөгөн конкреттүү маалыматтар керек. Аудиториянын суроолорун талдап бүтүп, аларды бир нече блокко бөлдүк.

Мектепке чейинки мекемелер

  • Мектепке чейинки мекемелердин иши. Карантинден кийин жумуш качан калыбына келет?
  • Бала бакчада кандай жөндөмдөргө жана канча жаштан баштап үйрөтөт?
  • Бала бакчада окутулган класстар мектепке кирүү үчүн жетиштүүбү?
  • Байланыштары жана даректери көрсөтүлгөн муниципалдык бакчалардын картасы.
  • Байланыштары жана баасы көрсөтүлгөн жеке бала бакчалардын картасы.
  • Бала бакчалардагы кадрлардын саны, жетишсиздик жана бош орундар жөнүндө маалыматтар.
  • Мектепке чейинки билим берүүнү реформалоо жөнүндө. Кайсы бала бакчаларда кандай технологиялар киргизилип жатат?
  • Бала бакча ачуу үчүн эмне кылуу керек?

Мектептик билим берүү

  • Бала биринчи класска барганга чейин эмнени билиши керек?
  • Мектеп формасына карата талаптар.
  • Аймактар ​​үчүн транспорттук чечим: кайсы мектепке жана кантип жетсе болот.
  • Бала бакчалардагы кадрлардын саны, жетишсиздик жана бош орундар жөнүндө маалыматтар.
  • Мектептеги билим берүүнү реформалоо жөнүндө. Кайсы мектептерде кандай технологиялар киргизилип жатат?
  • Кайсы класстарда кандай окуу китептери колдонулат?
  • Кайсы мектептерде кайсы окуу куралдары жетишпейт?
  • Баланы биринчи класска киргизүү же башка мектепке которуудан мурун класстарда бош орун барбы же жокпу билүү.
  • Беренелер боюнча мамлекет эмнени каржылайт жана ата-энелерден эмнелер үчүн акча чогултулат?
  • Мектеп ачуу үчүн эмне кылуу керек?

Жогорку билим

  • ЖОЖдордогу контрактын баасы, адистигине жараша.
  • Канча бюджеттик жана келишимдик орундар бар?
  • Кайсы ЖОЖдорго жана кайсы адистиктерге ЖРТдан канча упай керек?
  • Дистанттык окутууга байланыштуу келишимдер кандайча өзгөрдү жана дагы кандайча өзгөрөт?
  • Калктын социалдык жактан аялуу катмарына, жетим балдарга, жарым жетим балдарга, майыптарга жеңилдиктер. Кайда жана кандай адистиктер боюнча бар? Жеңилдик алуу үчүн эмне кылуу керек?
  • Университет ачуу үчүн эмне кылуу керек?
  • Кантип квоталарды колдонуп чет өлкөлөрдөгү ЖОЖдорго тапшырса болот?

Сайтта эмне бар жана эмне жок?

Сайт билим берүү процессин уюштуруу үчүн маанилүү болгон документтерге жана маалыматтарга көп шилтемелерди камтыйт. Алар министрликтин жаңылыктар блогунун алдында жайгашкан. Тилекке каршы, бардык бөлүмдөр толук эмес.

Сайтта бала бакча жана мектеп ачуу боюнча маалыматтар бар. Бала бакча жөнүндө маалыматтар Power Point презентациясы тиркелген бөлүкчөгө жайгаштырылган. Ал эми мектеп ачуу жөнүндө маалымат сайттын башкы менюсундагы "Лицензиялоо" бөлүмүндөгү укуктук актыларга шилтеме түрүндө берилген. Бирок, маалыматтар анчалык ыңгайлуу эмес. Берилген документтердин негизинде гана билим берүү мекемесин ачууга болобу? Эгер буга туш болсоңуз, комментарийге жазыңыз.

Мамлекеттик бала бакчаларга жана мектептерге электрондук каттоонун формалары бар, колдонуучулар муну тез арада таап алышы үчүн, шилтемелер башкы менюга жайгаштырылган. Бирок бир нече жылдан бери электрондук жазылуулар боюнча бир топ көйгөйлөр жаралып келет. Биздин редакция бул электрондук порталдар тууралуу ондогон материалдарды жазган. Бирок министрлик айрым көйгөйлөрдү чечип буткүчө, башкалары пайда болуп жатат.

Бала бакчалар

Мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энелери үчүн "Мектепке чейинки билим берүү" бөлүмүнүн мазмунун кайра карап чыгуу туура болот. Себеби  бөлүм бар болгону менен, андагы маалыматтар жетишсиз. Ата-энелер үчүн мектепке чейинки билим берүү мекемесине кирүүдө кандай документтер керек экендиги жөнүндө гана маалымат бар. Бала бакча кантип ачса болот, кандай лицензия керек деген маалыматтар көпчүлүк колдонуучулар үчүн актуалдуу эмес. Аны өзүнчө рубрикага киргизип койсо, каалагандар өздөрү кирип окуй берет.

"Бала бакчалардын картасы" бөлүмүндө карта жок.

Кыргызстандын кайсы районунда канча мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар деген жөн гана статистика жайгаштырылган.

Мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энелери үчүн бала бакчаларды жана ал жакка каттоону көрсөткөн багыт берүүчү интерактивдүү карта керек. Ошондой эле, бул картада мамлекеттик бала бакчаларды гана эмес, жеке менчик бала бакчаларды да көрсөтүп, байланыштарын, даректерин жазып коюу зарыл. Мамлекеттик бала бакчаларга электрондук каттоонун буга чейин колдонулуп келген формасын картанын астына жайгаштырса болот.

Таң калыштуу, бирок бардык билим берүү мекемелеринин картасы бар. Негизги менюдан баштап, картага кантип баруу керектиги толугу менен түшүнүксүз, бирок сол жактагы ички барактарда "Пайдалуу шилтемелер" деген блок бар. Ал блок аркылуу көпчүлүк ата-энелер биле бербеген "Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы" порталына өтсөңүз болот. Мамлекеттик жана жеке менчик мекемелер жөнүндө толук маалыматты камтыган картанын көрүнүктүү жерде болушу көптөгөн адамдар үчүн кыйла жеңил болор эле.

Ушул эле сайтта, башкы менюда "Ачык маалымат. Графиктер, таблицалар" дегенди басасыз. Көрүнүктүү болбосо дагы, ал жерде билим берүү мекемелеринин картасы бар.

"Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы" порталынын скриншоту

Алардын аттары картада көрсөтүлгөн. Эгер каалаган бир мектепти тандап бассаңыз, визуалдык жактан ыңгайлуу иштелип чыккан дагы бир баракча ачылат, бирок мектеп жөнүндө толук маалыматтарды таба албайсыз. Дарегин, байланыштарын, баасын же кызматкерлердин арасында канча эркек менен аялдын бар экендигин билүү сиз үчүн маанилүү да, туурабы? Бирок, бул жерде андай так маалымат жок.

Бала бакчалар качан иштей баштаары белгисиз. Тиешелүү бөлүмдө карантинден кийин ишти кантип улантуу керектиги жөнүндө презентация бар. Маскалар жана санитайзерлер жөнүндө ар бир адам билет, бирок качан иштей баштайт, бул белгисиз.

Бала бакчалар жөнүндө маалыматтар камтылган "Система ДОО" жана "Регулирование" бөлүкчөлөрү пайдасыз. Ал эми "Бала бакчага электрондук кезекке туруу" шилтемеси ачылбай койду. Бирок, бул бөлүм башкы беттин жогору жагында ачылгандыктан,  ал кайра жакка барууга туура келет.

Ошондой эле, мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакчада окутуу үчүн эмне талап кылынарын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кандай мектепке чейинки мекемелер бар экендигин көрсөтүү зарыл.

Мектептер

Азыр баары  балдар качан мектептерге жана бала бакчаларга барарын билгиси келет. Өкмөттүн чечими жок болгондуктан, бул маалымат сайтта дагы жок. Пандемия учурунда мектептерде окутуу бөлүмүндө мектеп администраторлоруна талап кылынган документтерге шилтемелер келтирилген. Басканда Word форматындагы документ автоматтык түрдө жүктөлөт.

Сайтта предметтик программалар жана предметтик стандарттар боюнча документтерге шилтемелер камтылган. Баракча ички көрүнүшү анчалык деле эстетикалуу эмес, бирок документтер ошол жерде. Ошондой эле, ар кандай класстар үчүн сунуш кылынган окуу китептеринин тизмеси менен PDF форматындагы буйрукту таба аласыз. Колдонуу ыңгайсыз, бирок жоктон көрө жогору.

Жыйынтыктоочу аттестация жөнүндө маалыматтар 2019-2020-окуу жылы үчун гана жетиликтүү.

"Мектептеги билим берүү" бөлүмүн басып жатканда, мектептердин байланыштары бар тизмени, же электрондук кезекке шилтемени, же пайдалуу бир нерсе табам ойлошуңуз мүмкүн. Бирок ал жердеги маалыматтар төмөндөгүдөй.

Айрым бөлүмчөлөр жаңыртылган эмес же жаңыртылса дагы толук эмес. Мисалы, "Олимпиадалар", "Балдардын ден-соолукту чыңдоо борборлору".

Жалпысынан мектеп окуучуларынын ата-энелери үчүн "Мектепте билим берүү" бөлүмүнүн мазмунун кайра карап чыгуу туура болот. Мектепке чейинки билим берүүдөй эле, районун, жашаган жерин көрсөтүп, кабыл алууга даяр мектептердин тизмеси менен таанышуу үчүн мектептердин интерактивдүү картасы же форма керек. Ошондой эле жеке менчик мектептердин тизмеси, билим берүү баалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектептердин тизмесин көрсөтүү зарыл. Андан кийин, мектепке кирүү үчүн кандай документтер керек жана кабыл алуу мөөнөтү кандай экендиги жөнүндө маалыматты жарыялоо зарыл. Картага мамлекеттик мектептер үчүн электрондук катталуу формасын жайгаштырса болот. Ошондой эле, альтернатива варианттары - үйдө окутуу, аны кантип уюштуруу ж.б. көрсөтүлгөн бөлүм керек.

Мектептен тышкары билим берүү

"Мектептен тышкары билим берүү системасы" бөлүмү ата-энелер үчүн эң пайдасыз.

"Балажан" Республикалык окуу-методикалык эстетикалык тарбия берүү борборун” бассаңыз дароо сайтын борборуна өтөсүз. "Балдарга билим берүү борборлору" бөлүмүн басып, бул нерсени гана көрө аласыз:

Атайын орто окуу жайлары

Бул бөлүмдө төрт бөлүмдүн үчөөсү гана толукталган. Абитуриенттерге  керек болушу мүмкүн болгон кошумча маалыматтар жайгаштырылган эмес.

Жогорку билим

"Жогорку окуу жайлардын системасы", "Жатаканалардын тизмеси", "Документтер", "Стандарттар" бөлүмдөрү абитуриенттер үчүн бир аз да болсо пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок "Абитуриенттер үчүн", "Жобо", "Жарыялар" баскычын бассаңыз, анда кызыктуу жана маанилүү бир нерсе таба албайсыз.

Чындыгында, бул азыр көпчүлүк үчүн маанилүү эмес. Студенттер окуу акысын төмөндөтүүнү талап кылышууда.

Келечектеги студенттер жана техникалык окуу жайлардын студенттери үчүн адистиктердин тизмеси, келишимдик окутуунун наркы жана бюджеттик орундардын болушу менен форма түзүү актуалдуу болмок. Форманы толтурулгандан кийин даректери, телефон номерлери жана маалыматтары, ал жакка кандайча кирүүгө болот жана кандай документтер керектиги көрсөтүлгөн жеткиликтүү билим берүү мекемелеринин тизмеси пайда боло тургандай кылса болот. Абитуриент  үчүн "ЖРТ деңгээли" тилкесин кошуп койсо дагы туура. ЖРТнын жыйынтыгынын маалыматтарын киргизип, арыз ээси эмнеге ишенсе болорун билип алат.

Илим

Байланыштар көрсөтүлгөн "Илимий мекемелер" бир гана салыштырмалуу маалыматтык бөлүм. Бирок, алардын канчалык деңгээлде актуалдуу экендиги белгисиз.

Белгилей кетсек, сайттын айрым бөлүктөрү жаңыртылбайт, эскирген маалыматтарды камтыйт (мисалы, "Аспирантура жана докторантура" графасында 2015-2016-окуу жылына аспирантура жана докторантура үчүн орундардын саны жөнүндө маалымат жарыяланган), ал эми кээ бир бөлүмдөр жөн эле толтурулган (мисалы, "Илимий долбоорлор" графасында Илимий-техникалык кызматташтык комитетинин 2019-жылдагы сыйлыгы жөнүндө маалыматтар жарыяланган, башка эч нерсе жок).

Кошумча сунуштар

Жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр жана бейөкмөт уюмдар үчүн, Кыргызстандагы билим берүүнүн учурдагы абалы жөнүндө актуалдуу жана жаңыланган маалыматтарды камтыган, машинада окула турган формада ачык маалыматтарды камтыган бөлүм түзүү зарыл.

Компаниялар жана ишканалар үчүн ЖОЖдордун студенттеринин арасынан кызматкерлерди издөөгө мүмкүнчүлүк берген форманы иштеп чыгуу туура болмок.

Жарандар көбүнчө тигил же бул райондордо мектептер качан курула тургандыгын жана кайсынысы кайсы жерде, качан оңдолуп жаткандыгына кызыгышат. Бул маалымат, ошондой эле аткарылган иштер боюнча отчеттор менен министрликтин пландары, маалымат архивинде такыр эле жок же ыңгайлуу форматта эмес.

Жалпысынан министрликтин ишинин ачык-айкындуулугун көрсөткөн маалыматтар жетишсиз. Ачык маалыматтар менен, анын ичинде чыгымдарды толтуруп турган "Отчеттуулук" бөлүмү актуалдуу болмок.

Бардык мамлекеттик органдар сайттарына бош орундардын тизмеси чагылдырылган жана резюме жөнөтүү формасы бар "Вакансиялар" бөлүмүн түзүп койсо ашыкча болбойт.

Билим берүү министрлигинин сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт