// //

Маалыматка жеткиликтүүлүк. Жогорку Кеңештин сайтын анализдөө

2021.02.17, 16:40
963

Kaktus.media буга чейин өкмөттүн сайтына анализ жүргүзүп, жарандар үчүн пайдалуу маалыматтар барбы-жокпу аныктаган. Бүгүн Жогорку Кеңештин - kenesh.kg сайтын талдайбыз. Ал өкмөттүкүнө салыштырмалуу кыйла маалыматтуу болуп чыкты. Бирок сайттан мыйзам долбоорлорун издөө жана анализдөө таптакыр ыңгайсыз.

Колдонуучулар сайттан эмнени көргүсү келет?

Баарынан дагы, элге парламент депутаттары менен  Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери канча эмгек акы алганы жана аларга кандай бонустар, жеңилдиктер берилери кызык. Мыйзам чыгаруу органына жыл сайын бир нече жүз миллион сом сарпталып жаткандыгын эске алганда, жарандардын кызыкчылыгы акталышы керек. Бирок, сайтта андай маалымат жок. ЖКнын онлайн режиминдеги ачык бюджети ЖКнын аудиториясына ыңгайлуу болуп, жарыяланган санариптик трансформация саясатына жана өкмөттүн ачыктыгына туура келмек.

Колдонуучуларга ченемдик укуктук актыларды категориялар боюнча издөө ыңгайлуу болмок: салыктар, эмгек акылар жана башкалар. Алар сайттан кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун градациясын оңой түрдө көргүсү келет: электрондук базага депутаттын аты-жөнүн же сөз жазып, ал канча мыйзам долбоорун демилгелегенин эсептөө үчүн.

Жарандар ЖКнын аппаратынын көлөмүн, ошондой эле анын түзүмүн, анын ичинде фракциялардын катчылыгындагы кызматкерлердин санын жана депутаттардын жардамчыларын түшүнүшпөйт.

Кабыл алынган мыйзам долбоорлору боюнча кыскача түшүндүрмөлөр жөнөкөй жарандарга дагы, жалпыга маалымдоо каражаттарына дагы пайдалуу болмок.

Жарандарга жыйындарга, комитеттерге жана фракцияларга депутаттардын кимиси катышып, кимиси катышпагандыгы жөнүндө күн сайын отчет берип туруучу статистика жана архив камтылган ыңгайлуу формат керек. Баарыбызга белгилүү болгондой, жыйынга катышкан парламентчилердин жана шайлоочулардын саны ар кандай болот, анткени көпчүлүк ишеним кат менен добуш беришет. Ошол эле учурда, жумуш ордунда жок болгонунун себеби белгисиз бойдон калат.

Көпчүлүккө ЖКнын аппаратындагы бош кызмат орундар тууралуу маалыматтар кызык.

Депутаттар жана фракциялар жөнүндө ай сайын отчет берүү да маанилүү. Алсак, шайланган чиновниктер чындап эле иштештиби же салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын жөн эле жеп коюп жатыштыбы билүү үчүн канча кайрылуу каралды, канча отурум болду, канча мыйзам долбоору демилгеленди ж.б. тууралуу отчеттер.

Сайтта колдонуучулар көргүсү келген нерселердин ичинен эмнелер бар?

Жогорку Кеңештин сайтында парламенттин түзүмү, депутаттардын өмүр баяны, айрымдарынын байланыш маалыматтары бар. Мыйзам долбоорлору жөнүндө маалымат, жыйналыштардын календарлык планы жана күн тартиби, долбоорлорду коомдук талкуулоо, добуш берүүнүн жыйынтыктары, ыңгайсыз түрдө болсо дагы жана ЖКнын токтомдору бар. Жаңылыктар дагы салыштырмалуу үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана кызыкдар тараптар үчүн дагы кандай өзгөртүүлөрдү киргизсе болот?

Редакциянын пикири боюнча, бир жагынан алып караганда сайтта көп маалыматтар бар, экинчи жагынан ал маалыматтар структурага ээ эмес. Керектүү мыйзам долбоорун издөө бир топ убакытты талап кылат. Жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттары, активисттер, бейөкмөт уюмдар үчүн маалыматты структуралаштырылган түрдө берүү керек. Ар бир бөлүм үчүн тема, ачкыч сөздөр, сандар, чекиттер, статус боюнча издөө формасын иштеп чыгуу зарыл.

Материал жарыяланып жаткан учурда мыйзам долбоорлору бар бөлүм жеткиликсиз болгон.

Скриншот 17-февралда саат 9: 00дө тартылган.

Мындан тышкары, жарандык көзөмөл үчүн бир жылда, бир айда, бир жумада канча мыйзам кабыл алынганын жана канчасы каралып жаткандыгын так көрсөткөн блок зарыл. Бул маалыматтар интерактивдүү болушу керек. Мисалы, колдонуучу ЖК май айында 15 мыйзам кабыл алгандыгын көрдү дейли. Окурман "15" баскычын басат, анан ошол 15 мыйзамдын тизмесине кирет.

Ошондой эле, ар бир мыйзам долбоору боюнча добуш берүүнүн деталдаштырылган жыйынтыктарын машинада окула тургандай жана интерактивдүү түрдө билүү өтүнүчү келип түштү, албетте, депутаттарга жана фракцияларга бөлүштүрүү менен.

Мындан тышкары, депутаттардын жыйындарга кандайча катышып жаткандыгы жөнүндө маалымат керек. Ким бар, ким жок дегендей. Бул система архивге кирүү мүмкүнчүлүгү менен онлайн режиминде иштеп, машинада окула турган форматта болушу зарыл.

IT адисинен кошумча сунуштар

Учурдагы "Добуш берүү жыйынтыктары" бөлүмүндө, ар бир добуштун жанына "Толук маалымат" баскычын кошуп койсо болот, анда добуш берүүнүн чоо-жайы, анын ичинде шайлоочулардын аты-жөнү камтылат.

Адамдар резюмени кантип жана кайда тапшыруу керектигин жана учурда ЖК аппаратында кандай вакансиялар бар экендигин билгиси келет. Андыктан бош жумуш орундарынын тизмеси, бланк (аты-жөнү, телефон номери, резюме файл бекитилген талаа) жана резюме тапшыруу формасы турган өзүнчө бөлүм түзүү маанилүү.

Жогорку Кеңештин сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт