// //

Маалыматка жеткиликтүүлүк. Өкмөттүн сайтын анализдөө

2021.02.16, 16:15
1374

Kaktus.media мамлекеттик органдардын маалыматына болгон жеткиликтүүлүк боюнча бир катар материалдарды жарыялайт. Жарандар ачык булактардан кандай пайдалуу нерселерди таба алышат жана мамлекеттик мекемелердин телефондоруна чалбай, социалдык тармактарга жазбай туруп суроолоруна жооп алалышабы же жокпу кызыгып көрдүк. Алгач Кыргызстандын өкмөтүнүн расмий сайты - gov.kg’ге анализ жүргүздүк.

Элдерге эмне керек?

Instagram Stories’те жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, жарандарга төмөнкүлөр керек:

  • пандемияга байланыштуу, айрыкча чек араларды ачуу боюнча маалыматтар: тигил же бул өлкөлөргө чек аралар качан ачылат, кайда барып же учса болот, кирүү жана чыгуу үчүн кандай документтер керек;
  • чиновниктер салыктын эсебинен жашарын эске алганда, эл үчүн канча мамлекеттик кызматкерди, кайсы мекемелерди камсыздап жатышканын түшүнүү маанилүү;
  • бюджеттин чыгашалары жана кирешелери жөнүндө график менен көрсөтүлгөн маалыматтарды издешет. Жарандар бул маалыматтарды колдонууга ыңгайсыз болгон Каржы министрлигинин сайтынан гана эмес, өкмөттүн сайтынан дагы көргүлөрү келет;
  • өлкө санариптештирүү жолуна түшкөнүнө карабастан, бир нече жылдан бери онлайн режиминде кандай кызматтарды алууга болот, анын баасы канча жана аны кандайча колдонула турганы түшүнүксүз бойдон калууда. Ар кандай мамлекеттик органдардын сайттарында бул боюнча маалыматтар бар, бирок алар чачыранды, же аны колдонуу ыңгайсыз, же айырым бөлүктөрү жетишсиз;
  • чет өлкөлүктөр үчүн эмгек визаларын кантип алууну түшүнүү абдан маанилүү;
  • өкмөт аппаратынын бөлүмдөрү жана анда иштегендер жөнүндө, кызматкерлердин өмүр баяны, киршелерин көрсөткөн декларациялары тууралуу маалыматтарды билүү кызыктуу;
  • өкмөттүн сайтынан мамлекеттик органдардын башчылары жана алардын орун басарлары жөнүндө маалымат издешет.

Сайтта эмне бар?

Калктын негизги бөлүгү өкмөттүн сайтынан өкмөттүн ишине байланыштуу негизги жаңылыктарды жана министрликтердин тизмесин таап, электрондук форманы колдонуп, суроо же сунуш менен кайрыла алышат. Муну менен пайдалуу функциялардын тизмеси жыйынтыкталат.

Сайтта ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо бөлүмү бар, бирок иш жүзүндө бардык укуктук актылар ошол жерде аккумуляцияланганы белгисиз.

Сайтта эмне жок?

Жарандар издеп жаткан маалыматтардан тышкары, өкмөттүн жана анын бөлүмдөрүнүн - министрликтердин, ведомстволордун функцияларын сүрөттөгөн бирдиктүү бөлүм керек деп чечтик. Бул үчүн өкмөттүн бардык бөлүмдөрүнүн толук тизмеси, алардын функционалдык мүнөздөмөлөрү, даректери жана байланыш номерлери, электрондук почтасы кыскача сүрөттөлүшү керек. Өкмөттүн түзүмү өзгөргөнүн эске алганда, бул бөлүм өзгөчө актуалдуу болот.

Мындай учурда, жарандар үчүн кайсы учурда кандай бөлүмгө кайрылуу керек экени түшүнүктүү болуп калат. Себеби, жарандар гана эмес, жалпыга маалымдоо каражаттары дагы бир мамлекеттик органга сурам жөнөткөндөн кийин, бир нече убакыт өткөндөн соң башка органга кайрылуу керектиги тууралуу жооп алып убара болушат.

Ошондой эле, маанилүү багыттардын бири - санариптештирүү. Сайтта ар бир адамга учурдагы кызматтар жана анын сүрөттөлүшү менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген атайын бир бөлүм болушу керек. Ошондой эле, бул кызмат менен иштөө боюнча көрсөтмөлөр зарыл.

Жарандарга күн тартибиндеги негизги темалар боюнча жаңылыктар баяндалган өзүнчө блок керек. Мисалы, азыр жергиликтүү шайлоолор, коронавирус, онлайн билим берүү, чек араларды ачуу, кризис учурундагы ишкерлерге жардам берүү, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары жана функциялары ж.б. актуалдуу.

Премьер-министр көптөгөн жарлыктарга жана буйруктарга кол коет. Андыктан, оңой навигациясы жана издөөсү бар маалымат базасы абдан маанилүү.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр жана бейөкмөт уюмдар үчүн бардык министрликтер жана ведомстволор, анын ичинде бюджет, чыгашалар жана кирешелер, каржылык отчеттуулук боюнча такай жаңыланып туруучу ачык маалыматтар камтылган бөлүм керек.

Жарандар үчүн, негизги социалдык-экономикалык тенденцияларды чагылдырган жана ай сайын жаңыланып туруучу өзүнчө блок түзүүгө туура келет.

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн, "Басма сөз кызматы" бөлүмүнө пресс кызматтардын байланыштарын, электрондук почтасын ж.б. кошуу зарыл.

Эл аралык уюмдар жана инвесторлор үчүн мамлекеттин позициясын сүрөттөгөн жана зарыл болгондо өкмөттүн түзүмдөрүнө кайрыла турган инвестициялык климат контакттары менен көрсөтүлгөн бөлүм керек.  

IT адисинен кошумча сунуштар

Жаран кандайдыр бир мамлекеттик органга кайрыла турган болгондо, өзүнүн конкреттүү кырдаалында кайда баруу керектигин түшүнүшү зарыл. Бул маалымат түздөн-түз сайтта жок, электрондук кайрылуулар үчүн "Суроо берүү" бөлүмү гана бар. Адистер бул методду расмий кайрылуулар үчүн сунушташат. Ал эми жөнөкөй суроолор боюнча "Көп берилүүчү суроолор" бөлүмүн кошуп, ал жерге жоопторду жайгаштыруу керек. Эгер адам тизмеден өзүнүн суроосун таппаса, анда суроолоруна жооп бере ала турган министрликтерге багыттама берген оператор менен жандуу маектешүү плагини жардам берет. Мындан тышкары, оператор жөнөкөй суроолору бар адамдарга тез жана натыйжалуу жардам көрсөтө алат.

Өкмөттүн сайтында министрликтер менен ведомстволордун тизмеси камтылган "Өкмөт" бөлүмү бар. Бирок, сурамжылоонун натыйжасында, жарандар үчүн алардын ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин билүү зарыл болгондуктан, кошумча маалыматтарды ал жакка киргизип койсо болот. Ошол эле учурда, бөлүмдөрдү адамдар мамлекеттик органдардын иерархиясын түшүнгөндөй кылып жайгаштыруу керек.

Жарандар онлайн режиминде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарга кызыгышат. Бул маалымат жарым-жартылай болсо дагы сайтта бар. Бирок, анын бардыгын "Санариптештирүү" бөлүмүнө бириктирип койгон жакшы. Ал жерге онлайн режиминде өткөрүлө турган мамлекеттик кызматтардын тизмеси, аларга шилтемелер жана көрсөтмөлөр жайгаштырылат.

Жарандар менен журналисттер ар кандай отчеттуулукка кызыгышат: экономикалык көрсөткүчтөр, бюджеттин кирешелери жана чыгашалары. Ал үчүн өзүнчө "Отчеттор" бөлүмүн жасап, учурдагы жана архивдеги маалыматтарды жайгаштырууга болот.

Kaktus.media’нын ар кандай мамлекеттик органдар боюнча сурамжылоолорун талдай турган болсок, жарандарды чиновниктердин кирешелери, тигил же бул мамлекеттик органдын бюджеттик чыгымдары кызыктырат. Жок дегенде, мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын жайгаштыра турган өзүнчө бөлүм ачып коюу керек.

Пандемия учурунда чек аралардын ачылышы, мектептер менен бала бакчалардын иши жөнүндө суроолор дагы эле көп экен. Бүгүнкү күнгө тиешелүү маалыматтарды кыскача кылып өзүнчө бөлүмдө берип турса болот. Ал жакка өкмөттүк жыйындар жөнүндө жаңылыктарды киргизүүнүн кажети жок, бул блокко кыскача маалыматтар гана керек. Мисалы, эгерде өкмөт бардык класстын окуучулары качан оффлайн режиминде окуй тургандыгын аныктай элек болсо, анда бул маселе боюнча дагы бир талкуу качан боло тургандыгы тууралуу маалымат болушу керек.

Ири маалымат каражаттарынын журналисттери пресс-кызматтын кызматкерлери менен кантип байланышууну билишсе керек. Бирок аймактардагы кабарчылар же чет элдик журналисттер үчүн пресс-борбордун байланыш маалыматтарын көрсөтүп коюу пайдалуу болмок.

Дайыма жаңыланып туруучу "Отчеттор" бөлүмүнүн болушу жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт  жана эл аралык уюмдардын мамлекеттик органдарга кайрылуусунун санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Бардык мамлекеттик органдар  "Вакансиялар" бөлүмүн түзүп коюшса жакшы. Ал жерден жарандар бош орундарды көрүп, аларга резюме тапшырып, ошондой эле жаңы кызматкерлерди тандоо шарттары менен тааныша алышмак.

Сурамжылоого ылайык, жарандар өкмөттүн сайтынан шайлоо жөнүндө маалымат издешет экен. Өзүнчө бөлүм түзүп убара болбош үчүн БШКнын сайтына шилтеме жайгаштырса болот. Бирок мындай учурда ал жакка депутаттыкка талапкерлер жана партиялардын курамы жөнүндө кеңири өмүр баяндар кошулушу керек.

Өкмөттүн сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт