// //

Күйөөм өзү жетелеп алып барып аборт жасаткан күн жашоомду өзгөрттү

2023.07.19, 16:27
2300

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Ортодо мамилебиз сууй баштады. 15 жыл оңой эмес. Көп урушчу болдук. Акыркы кездери ажырашып кетсекпи деп ойлоп кетем. Эки бала деле чоңоюп калды. Түшүнүшөт. 

Биз 18 жашыбызда эле баш кошуп алганбыз. Ата-энебиз аябай каршы болушкан. Мени үйгө камап, аны да байкесине жөнөтүп салышкан. Экөөбүз акыры көөшөрүп жатып баш коштук. Ызылдап жаткан кудалар кол алышты. 

Окуубузду бүттүк. Чакан иш баштап алдык. Ойлоп көрсөм, биз ар дайым чогуу экенбиз. Үйдө да, жумушта да. Ошон үчүн го акыркы кездери аябай бири-бирибизден тажай баштадык. 

Бултуңдап сүйлөшпөй калчу болчук. Бир жума бир айга созулчу болду. Кадимкедей сагынып кетем. Кучактап жаткым келет. Бирок, кайра эле таарыныч жеңет.

Боюмда бар экенин билдим. Эки баламды жакшы көтөргөм. Мунусунда катуу кыйнала турган болдум. Балдар чоңоюп калган. Кичине балага зар болуп, бул баланы аябай күткөнбүз. 

Же мен, же бала... Дарыгер тандоо койду. Жашоом токтоду. Төрөйм деп ыйладым. Анализдер барган сайын жаман болуп чыгат. Жашоом кыскарып баратты. Ошондо күйөөм мени сүйрөп абортко алып жөнөдү. Мен жасатпайм деп бакырып бараттым.

"Сен жок мен кантип жашайм! Ооба, акыркы кездери көп урушчу болдук. Бирок, аркы бөлмөдө сенин уктап жатканыңды билем, могу жүрөк тынч. А сен жок экенин билген могу жүрөк кантип жашайт! Мага бала эмес, сен керексиң. Кандай түшүнбөйсүң! Менин жашоомдун баарында сен барсың. Бүт бөлүгү, бүт элестер сени менен. Анан кантип сенсиз жашайм. Ыйлабачы. Суранам. Сүйөм..."

Ошондо көзүм ачылды. Мен өзүмдү гана жатыпмын. Күйөөмдү таштап кантип кетем. Ден соолугум балалуу боло албайсың деди. Айла жок. 

Палата. Көзүмдү ачтым. Баары бүттү. Күйөөм жанымда экен.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт