// //

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

2020.07.12, 13:36
73046

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Кошуналар аны “делдең кулак Жоки” деп коюшат"

Ой, достор! Эмнеден баштасам экен. Кыскасы, арманым аттын башындай.

“Сварщик” болуп иштейм. Колумдан баары келет. Бирок, мендейлер көп, жумуштун табылышы оор. Жарыяларга чалсам, “жаңы эле алып алдык” дешет. Айлак жок, миң сомго кыла турган ишти 200-300 сомго түшүрөм. Антпесем болбойт, бала-чака деген бар.

Эшектей иштеп үйгө түндө келем. Балдарым эбак уйкуда. Келинчегим макарон жасап күтүп отурат. Тамак ичип алып уйкуга кетебиз. Эртең менен жумушка жөнөп баратып, кечеги тапкан 300 сомдой акчамды колуна карматам. Бир күндүк продуктубуз. Эгер бүгүн шабашка болбой калса, анда эртең балдарым ач калат.

Үйгө келсем келинчегим отко тамак бышырып жатыптыр. Эмне болгонун сурадым. Карызыбыз көбөйүп светти өчүрүп коюушуптур. Ушул эле жетишпей жатты эле. Кечээ квартальный келип “суу менен таштандынын карызын төлө”,- деп жаңжал салып кеткен. Тажадым.

Шаарда турган туугандардын баарына чалдым. Бир тыйын чыккан жок. Айылдагылар менен байланыштым. Трубканы албай коюшту. Эми жашырып эмне кылам, мени көбү кошушпайт, анткени жашоо деңгээлим аларга салыштырмалуу төмөн.

“Бул дагы бир нерсе сурайт” дешип, менден качып турушат.

Бирок, жумуштары болгондо чакырып иштетишет. Акчасын беришпейт, түшкү тамагын эмгек акы кылып эсептеп коюшат. Жаман да болсо тууганым деп унчукпайм. А мени аяган киши жок.

Кошуналар аны “делдең кулак Жоки” деп коюшат. Кыска бойлуу, шыпылдаган байке. Огородунда эмне гана өспөйт. Тооктору жайнайт. Кышында мал кармайт. Кичинекей сары аялы бар. Сонун эже. Ушул экөө болбосо ачкадан өлмөкпүз.

Башында жаман көрчүмүн. “Балдарың жакшыбы?”, “Бүгүн жумушуң болдубу?” деп дубалдан башын чыгарып сурай берет эле. Кабатыр болуп жатканын кайдан билейин, бирөөнүн ишине мурдун тыга берет деп ойлочум.

Ал күнү үйгө “балдарыңа” деп бир чака алма көтөрүп келген. Светибизди өчүрүп коюшканын билип унчукпай чыгып кетти. Таң атары менен свет күйдү. Делдең кулак Жоки байке карызды төлөп коюптур. Андан кийин квартальныйга барып абалыбызды айтып, “гумпомощко” кезекке жаздырыптыр. Ал эми кечке маал аялы союлган эки тоок  менен жыйырмадай жумуртка таштап кетти. Туптуура эки жумадан кийин бир уюм келип продукту берди.

Отуруп эсептесем 376 тууганым бар экен. Керек болбосом бирөө чалып акыбыламды сурабайт. Келсе ичип-жеп, сынап кетишет. Ал эми жанымдагы бөтөн эле кошунам берген тыйынын доолабайт. Бир тууганындай мамиле кылат. Мына, кечээ балдарыма дарбыз көтөрүп келди. Макул болбогонубузга карабай “мындан кийин тооктордун жумурткасын силер алгыла, биз баары бир жебейбиз” деди.

Баса, сарай куруп жатканын айтып, мени жумушка чакырды. Акчасын эки эселеп төлөп бере турган болду. Ыраазы болуп жашыдым. Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык деген чын экен.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт