// //

Бишкекте туруп Американыкындай айлык алса болот. Эмир Мамашовдон кеңеш

2022.07.11, 12:06
1838

Салам достор! Казакстандагы эң ири банктардын биринин туунду компаниясы болгон ONE Technologies компаниясында фронтенд-разработчик жана тимлид болуп эмгектенген Эмир Мамашов түз эфирибизде конокто болуп, жаштардын суроолоруна жооп берди. Маектин урунтуу учурларын төмөндөн окуңуз, түз эфир инстаграмда. 

- Мен IT тармакты эскирген китептерди окуп, видеолорду флешка сактап, жай интернет менен үйрөндүм. Ал кезде ушундай болчу. Учурда мүмкүнчүлүктөр көп. IT курстар бар, интернет ылдам иштейт, бекер видеокурстар толтура. Ошолорду пайдалангыла. 

- Өзүм 5 жыл университетте окудум. Окуу жайлар базалык билимди берет. Эгер азыр болсо, бир жылдык IT курстарды тандамакмын. 

- IT тармактар абдан көп. Алгач өзүңөрдүн кызыгууларыңа карагыла. Сайт жасагыңар келеби, тиркеме ойлоп тапкыңар келеби дегендей. Анан ошого жараша багыт тандагыла.

- Жалпысынан математиканын кереги жок. Мен өзүм математиканы жакшы билбейм. Бирок, өзүңөр көргөндөй программист болуп жүрөм. Андыктан, математиканы билбейм, программист боло албайм деген жөн гана шылтоо. 

- Программист болом десеңер орус тилин билбесеңер анче деле зыяны жок. Бирок англис тилин сөзсүз билишиңер керек. Бардык маалыматтар англис тилинде, жумушка орношууда дагы бул тил керек болот.

-  IT тармагын үйрөнүп, дүйнөлүк компанияларда иштеп жүргөн кырктан ашкан байке-эжелерди билем. Демек, кеп жаш куракта эмес.

- Ооба, мурун программисттер инроверт болчу. Азыр баары башкача, IT адиси шайыр адам, команда менен иштегенди билет. Адамдар менен иштешкенди дагы үйрөнгүлө. 

- Өзүңүздүн колуңуздан келбей жатса, ментор табыңыз. Ал сизге айтып, кеңеш берет. Анан оңой эле турбайбы деп каласыз. Ментор менен бул кесипти үйрөнүү дагы алда канча жеңил болот.

- Биринчи жолу Минске барганда программисттери бизден кыйын болуш керек деп ойлогом. Бирок, мен жаңылыпмын, алар биздей эле экен. Андыктан, коркпой эле иштеп, үйрөнө бергиле. 

- Ооба, башында түшүнбөйсүң, бир жылдап кыйналасың. Чыдап койсоң эле баары жеңил болуп калат. 

- Мен жумушка орношууга барып, маектешүүдөн жүз жолу куладым. Баарын эстесем мындан дагы көп. Андыктан, оңой эле багынып калбаңыз. Ар бир кулаганыңызды тажрыйба катары кабыл алып, алдыга гана умтула бериңиз. 

- Башка өлкөлөрдөй болуп бизде нефть жок, бирок бизде күчтүү адамдар бар. Эгер IT тармагын өнүктүрсөк, Бишкекте туруп Американыкындай айлык алып иштейбиз. 

- Кызыктуу болуш керек. Кызыксаң эле сага челлендж болот.

- Кичине ийгиликтериңер үчүн өзүңөргө белек алып бергенди унутпагыла. Бул үйрөнүү процессин жеңилдетет.  Мисалы, бир маселени чечкенден кийн өзүңүзгө белек алып бериңиз. Ошондо, үйрөнүү жеңил болот. Мен ошентип турам. Мисалы, өзүмдү мактап, өзүмө кымбат кийим алып берем. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт