// //

Айымдар үчүн жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүүбү? Урологго 10 кызыктай суроо

2020.11.25, 15:59
4740

Bilesinbi.kg уролог Нурбек Моноловго мастурбация, эрекция, простатит, жыныс мүчөнүн өлчөмү жана цистит жөнүндө кызыктай суроолорду берип, акылдуу жоопторду алды.

1. Уролог болуу уятпы?

Заара ушаткан уятпы? Кучакташкан уятпы? Бала жасаган уятпы? Төрөгөн уятпы? Булар уят эмес, табигий нерселер, туурабы? Ошон үчүн уролог керектүү жана сыйлуу кесип. Балалуу боло албай жатсаңар, бөйрөгүңөр ооруса, урологдордун көйгөйү. Уролог десе эле жыныс мүчөнү элестетишет. Бирок, ал гана эмес, бөйрөк, табарсык, сийдик чыгаруучу каналдар баары урологияга кирет. 

2. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда турбай калса эмне кылуу керек?

Көбүнчө бул көйгөй менен жаш жигиттер кайрылат. Аларды түшүнсө болот. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда нервденип, уялып, өзүн жоготуп коюшу нормалдуу эле көрүнүш. Демек, 99 пайыз психологияга байланыштуу. Буга көп кабатыр болбой эле коюш керек. Экинчи же үчүнчүсүндө өтүп кетет. Өтүп кетпесе урологго кайрылсын. 

3. Айымдар үчүн жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүүбү?

Сүйүү деген жыныс мүчө эле эмес. Сүйүү деген эркектин касиети, мүнөзү, аракетчилдиги, мамилеси ж.б. Ушулардын баары кошулуп сүйүү болот. Ал эми жыныс мүчө эң аягында турат. Бул суроо уят кинолорду көрүп алгандан пайда болушу мүмкүн. Ал жакты көрсөң чынында эле көңүлүң түшөт. Бирок, жөн гана кино экенин унутпаш керек, реалдуулук таптакыр башка. Жашоодо 90% эркектин мүчөсү орточо, бирдей эле десек болот. 

4. Ар бир эркек простатит болобу?

Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө ар бир экинчи же үчүнчү эркек простатит менен ооруйт. Өнүккөн өлкөлөрдө андай жок, себбеи ал жакта простатитти 95% оору деп эсептебейт. Эч качан антибиотик колдонбош керек. Ошондой эле көпчүлүк эркектер эректилдик дисфункцияны простатит менен алмаштырып, башка эле белгилерди айтып урологдорду адаштырат. Простатит  - бар, бирок ал өтө чоң көйгөй эмес. 

5. Мастурбация бул оорубу?

Мастурбация - бул оору эмес, аны жасабаган оору. Мастурбация сексуалдык тажрыйба, айталы, өсүпүрүм куракта биринчи тажрыйбаны мастурбация жасоодон алышат. Ошондуктан баланын мастурбация жасап жатканын ата-энеси көрүп калса, коркутуп, урушуп, күнөөлөп, стресске алып келип салбаш керек. Бул нормалдуу эле нерсе, эч зыяны жок. 

6. Жумасына жыныстык катнашка канча жолу барыш керек? 

Белгилүү бир норма жок. Баары адамдын темпераментинен жана мүнөзүнөн көз каранды. Кээ бирөөнө күнүнө бир жолу аздык кылат, айрымдарына болсо бир айда бир жолу көптүк кылат. Демек, баары индивидуалдуу. Ооба, жаш кезекте көп жолу болушу мүмкүн, бирок убакыт өткөн сайын сөзсүз азаят.

7. Эшиктеги суук жыныс мүчөгө кандай таасир берет?

Өпкөгө суук тийгенде кандай көйгөй  пайда болсо, жыныс мүчөгө деле ошондой болот. Ал деле шишийт, сезгенет. Бир гана нерсе жумурткалар муздакты жакшы көрөт, дененин температурасынын бир градуска төмөн болуп турат. Бул нерсени билип коюу керек.

8. Зааранын өңү алмашып турушу керекпи?

Заара кызарса же кочкул болсо, дароо урологго чуркап барыш керек. Нормада үч түстө болот. Тунук - сууну нормада ичип жатасыңар. Кичине сары - сууну жетишсиз ичип жатасыңар. Кочкул сары - сууну таптакыр эле аз ичип жатасыңар. 

9. Эркек туалетке барар алдын колун жууш керекпи же чыккандан кийинби?

Барар алдын дагы, чыккандан кийин дагы сөзсүз колду жууш керек. Анан жыныстык катнашка барар алдын колу менен жыныс мүчөсүн жууганды унутпаш керек.

10. Урологго бир жериң ооруса эле барыш керекпи?

Үйлөнөр алдын же жыныстык жашоосу башталганда урологго кайрылып койсо жакшы болот. Ал эми кырк жаштан кийин жылына бир жолу сөзсүз келип туруш керек. Ага чейин профилактика катары көрүнүп турса өзүнө жакшы. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Тамакты жакшы жегендер төшөктө мыкты болобу? Сексологго 10 кызыктай суроо

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт