Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет
Жыныстык катнаш – адамдардын негизги муктаждыктарынын бири. Ал эми, сексуалдык инстинкт – эң күчтүү инстикт болуп саналат.
Bilesinbi.kg бир нече урологдор жана сексологдор менен байланышып, туруктуу жыныстык катнаштын жоктугу эркектин ден соолугуна кандай таасир берээрин сурап көрдү.
Секстин жоктугу эркектин ден соолугуна терс таасир берет. Узакка чейин жыныстык катнашка барбаса төмөнкү ооруларга чалдыгышы мүмкүн:
- простатит
- эректилдик дисфункция
- мезгилсиз эякуляция
- либидонун төмөндөшү
- жүрөк жана кан тамыр оорулары
- иммунитеттин түшүшү
- тукумсуздук ж.б.
Баса, эркектердин каалоосу аялдарга караганда жогору деген пикирлер негизсиз. Психологиялык жана физиологиялык ден соолугун сактоо үчүн эркек менен аялга бирдей өлчөмдө секс керек.
Ошондой эле, эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса организминде гормоналдык өзгөрүүлөр пайда болот. Бул өз кезегинде ашыкча салмактуулукка, тери ооруларына, психологиялык көйгөйлөргө алып келет.
Жыныстык жашоо туруктуу болуп турганы жакшы (сексуалдык активдүүлүк узарат), болбосо, психикага терс таасир бере баштайт. Эркек:
- кайдыгер, пассивдүү адамга айланат
- жашоого кызыгы жоголот
- болбогон нерселерге кыжырданат
- эс тутуму начарлайт
- стресске чалдыгат
- депрессияга түшөт
- уйкусу качат.
Нормада эркек киши 28 жашка чейин жумасына 5-8 жолу, 28 жаштан өткөндөн кийин 3-5 жолу жыныстык катнашка барып турушу керек.
Эгерде сизде жогорудагы белгилердин бирөөсү байкалса, адиске кайрылып, кеңеш алыңыз.
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат