// //

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

2019.04.09, 10:53
71812

Бел суунун эрте түшүшү - өнөктөштөр ортосундагы мамилени бузган олуттуу көйгөй. Bilesinbi.kg бир нече урологдор менен байланышып, бул кандай оору экенин билип көрдү.

Мезгилсиз эякуляция – жыныстык катнаш башталгандан 60 секунд өткөндөн кийин, кээде жыныс мүчөнү кындын ичине киргизээрден мурун уруктуктун түшүп калышы.

Бул көйгөйгө ар кайсы курактагы эркектер туш болушу мүмкүн. Бирок, бел суу түшкөн ар бир учурду оору деп эсептеп, диагноз коюу туура эмес.

Диагноз коюлат, эгерде:

  • Бел суу ар дайым бир мүнөткө жетпей түшсө
  • Жыныстык катнаш учурунда эякуляцияны көзөмөлдөй албаса
  • Жыныстык катнаштан кийин көңүлү чөгүп, кийинки сексуалдык мамиледен качып калса.

Мезгилсиз эякуляциянын эки түрү бар:

Биринчиси - туубаса эякуляция - жыныс мүчөсүнүн астындагы жүгөнчөсү (уздечка) кыска болгондо уруктук бат түшөт. 

Экинчиси - эректирдик дисфункциядан, тубаса простатит, гипертериоздон улам пайда болот.

Көпчүлүк эркектер уруктугу 1-2 мүнөттөн кийин түшүп калса мезгилсиз эякуляцияга чалдыгып калдык деп ойлошот. “Мурун 10 мүнөт болчу, азыр 4-3 мүнөт”,-деп кайрылгандары да жок эмес. Бирок, бел суу 1 мүнөткө жетпей түшсө жана бул адат көптөн бери кайталанса гана текшерүүгө алынат.

Бел суунун эрте түшүүсүнө так эмне себеп болгону белгисиз. Ошентсе да айрымдарына токтоло кетсек:

  • нерв системасынын жабыркашынан
  • стресс же депрессиядан
  • бел суу бир нече ирет эрте түшкөн болсо, кийинкиде дагы эрте түшөт, - деп тынчсыздануудан
  • эректилдик дисфункциядан
  • өнөктөшү экөөнүн ортосундагы мамиледеги көйгөйлөрдөн
  • сийдик чыгаруучу каналдардын же простата безинин сезгенүүсүнөн
  • жыныстык жактан жугуучу инфекциядан ж.б.

Мезгилсиз эякуляция өтүшүп кеткенде:

  • Простата безинин сезгенүүсү өрчүйт
  • Эркек жыныстык катнаштан качып калат
  • Импотенцияга чалдыгат.

Мезгилсиз эякуляциянын анык себебин билүү үчүн бейтапканага барып анализ тапшыруу керек. Өз алдынча дарылануудан эч кандай жыйынтык чыкпайт! Убагында дарыгерге кайрылса, толугу менен сакайып кетет.

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
23.04.2019, 16:11

Меники бир минөткө жетпей түшүп калат эмне кылыш керек

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
30.04.2019, 15:26

Хех сен коп кабатыр болбо . Болгону тошок техникасын жакшы оздоштуро албаганында. Издениш керек 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
08.05.2019, 19:40

Мен бир да секс кылып коро елекмин 

0
Пайдалуу жооп
10.11.2019, 15:25

меники 2 мунот болот ошоун дары мене кеч тушурсо болбу

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт