// //

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

2019.12.04, 16:28
13299

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энесинин обу жок кылыктары жөнүндө айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Динара: дааратканага барсам, “кайда бардың” дейт

Турмушка чыкканыма беш жылдын жүзү болуп калды. Эки баланын энесимин. Күйөөм менден алты жаш улуу. Шаарда бир бөлмөлүү батирде турабыз. Өзүбүздүн үйүбүз жок. Мен жогорку билимдүүмүн. Бирок, азырынча иштебейм, балдарды карап үйдөмүн.

Кайын энемдин кылыктары кокомо жетти. Кудайдын куттуу күнү, оорудум эле дей берет. Келиндерин жумшаганды ушунчалык жакшы көрөт. Кайын атама боорум ооруйт. Басып-турган сайын аны тилдейт. Кайын атам өзү ичпейт, чекпейт. Ошондо да жакпайт, “атаңар ушундай”,-деп бизге жамандай берет.

Күйөөмө эмне жок десеңер. Апасына кошулуп алып атасын жемелейт. Болбогон бир майда-чүйдө нерсе үчүн эки саат уруш. Бир тынч отуруп тамактанган күнүбүз болгон эмес. Дагы жакшы биз өзүнчө турабыз. Кичүү келин байкуш жадаганын айтат.

Кайын энем обужоктоно берет. Бир туруп башы, бир туруп буту ооруп калат. Мындай күндөрдө үйдө тынчтык жок. Ооруду, деп аяп коеюн десең, ооруган адамдай эмес, керээли-кечке коңурук тартып уктайт.

Баарын көзөмөлдөп турат. Дааратканага барсам, “кайда бардың” дейт, телефонума бирөө чалса да, "ким экен?", "эмне деди?", - деп сурай берет.

Кайын агам менен кайын иним аялдарын коргоп сөз тийгизбейт. Меники болсо, апасынын сөзүнөн чыкпайт. Мен туура айтып жатканымды билип турса да, “жок апамдыкы туура” - дегенде күйүп кетесиң. Унчукпай кутулам.

Неберелерине эч нерсе алып бербейт. Ата-энем балдарыма кийим-кече сатып берсе, “анча эмес экен”, - деп мурдун чүйрүт.

“Үй алгыла, иштегиле” деп кеңеш бербейт. Тескерисинче "шашпагыла, аласыңар да убагы келгенде" - дей берет. Шаарда турсак да телефон аркылуу жашообузду тескеп турат. Кээде айттырбай үйүбүзгө неберелерин ээрчитип келип алат. Бир бөлмөлүү үйдө тыгылып 15 күн жашайт. Келбесин дебейм, бирок мынча күнгө эмес да!

Мен жолдошумду аяп, өзүмө же балдарыма бир нерсе алып бер деп кыйнабайм. Кайын энем андай эмес, пенсиясы жетип турса да, бизден акча сурайт. Интернеттен көйнөк буйрутма кылганды үйрөнүп алыптыр. Бизге чалып, “акчасын берип, алып койгула”,- дейт. Кыскасы бирөөнүн эсебинен жашаганды жакшы көрөт.

Алдында турган пультту алыш үчүн келиндерин эшиктен чакыртат. Үйүндө келини жүрсө деле, “оорудум” деп мени чакыра берет. Балдарым менен алыс жолго чыккандан заарканып, жүдөп-какап араң жетип барсам, “эми эле жакшы болуп калбадымбы”,-деп жакшынакай эле отурган болот.

Ушул беш жыл ичинде бир катуу айтып сүйлөгөн жокмун.

Кайын энем уулдарын өтө кызганат. Окуткан да эмес. Баары кара жумушта иштейт. Кичинесинен “айлыктарыңарды мага бересиңер”, - деп үйрөткөн экен.

Келиндери же балдары ооруп калса иши жок. Өтө мерез адам. Бул кылыктарынан аябай тажадым. Жолдошума айтсам, кайра апасына болушат.  Эмне кылсам болот?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Жөнөткөн катыңыздын узундугуна караганда, сабырыңыз түгөнгөндөй. Кеп башкада болуп турса да, кайын энеңизди өзгөрткүңүз келгендей сезим жаралууда. Аны өзгөртүүнүн кереги жок. Күйөөңүз коргоочунун ролун аткарып, сизди жактабайт экен. Ошондуктан, кайын энеңизден өзүңүз коргонууга мажбур болуп жатасыз. Жолдошуңуздун башка бир туугандары кандайдыр бир жолдор менен аялдарын коргогону үчүн, кайын энеңиз ал келиндериинин башына, сиздикиндей болуп чыгып алган эмес. 

Сиздин негизги максат -  күйөөңүз менен сүйлөшүп, сиз тарапта болушун айтыңыз. Болбосо, жолдошуңуз кайын энеңиз менен өзүнчө, сиз балдарыңыз менен өзүнчө бир үй-бүлө болуп калгандайсыңар. Үй-бүлөнүн мындай модели узак убакыт жашай албайт. 

Дагы бир нерсе - бул сиздин жеке чек араңыз. Кайын энеңиздин аша чаап баратканын сезсеңиз, "кеңешиңизге рахмат, бирок бул менин жеке ишим" - деп коюңуз, бүттү. Актанып, ким менен сүйлөшкөнүңүздү, эмне дегенинизди, дааратканага барганыңыздан өйдө отчет берүүгө милдеттүү эмессиз. Сиз унчукпаган үчүн жеке жашооңузга кийлигишсе болот экен леген ойдо жүрөт. Эмитеден чектөо койбосоңуз, аягы жакшы болуп бүтпөйт. Бул нерсеге уруксат бересизби же жокпу, баары сизден көз каранды. 

Жакшы келин - кул эмес. Жакшы келин - башкаларга, биринчи кезекте өзүнө сый мамиле кылган адам болуп саналат! 

Психолог Эльвира Чокоева менен Instagram аркылуу байланышсаңыз болот. @elvira_psiholog 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалат? Анын терс жактары

Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси

Кайын энем “баламды адам кылдың” деп менден кечирим сурады

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт