// //

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

2019.12.02, 12:47
12507

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында келининин кылыгы жөнүндө айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Анаржан: барсам ичи-койнума чейин кирип тосуп алат

Келинибиз биздин үй-бүлөнү уят кылып бүттү. Эгер ошол күнү ата-энемдин үйүнө түнөп калбасам, бейкапар жүрө бермек экенбиз.

Кичүү инимдин аялы. Келгенине бир жылдан өтүп калды. Барсам, “эже келиңиз”,-деп, ичи-койнума чейин кирип тосуп алат. Ой, тообо, сыр билгизбейт го, чиркин! Тим эле периште!

Ата-энем же иним жаман мамиле кылса бир жөн эле. Апам, “кызым”, - деп, бизден кем көрбөйт. Күйөөсү белек-бечкек берип көңүлүн алат. Өзү иштебейт. Бардык шарты бар заңгыраган үйдө жашайт. Деги буга эмне жетпейт?

Башында улуу келиндеримден, “Мээрим ушинтип айтты” дегендерин угуп калчумун. Бирок, анчейин деле маани берчү эмесмин.

Бир күнү апамдардан кабар алганы баратып, кошуна эжеге жолугуп калдым.

- Ой, Гүкү кандайсың?

- Ден соолугуңуз жакшыбы эже?

- Жакшы ай, бирде оору, бирде соо дегендей, Алымкан болуп жүрөбүз. Сурайын дегеним, тиги улуу байкең жакшыбы?

- Ооба. Эмне болду?

- Мээрим айтты эле, ичип алып токтоно албай жүрөт деп.

- Коюңузчу эже, Акбар байкем өмүрү антпейт. Тойдо эле бир аз серп этип койбосо.

- Билбейм. Ай, макул, маршруткам келип калат.

- Жакшы барыңыз.

Бул эмнеси? Үйгө кирдим, бирок, Мээримге үн катпадым. Кургак чай түгөнүп калыптыр. Апам Мээримди дүкөнгө жөнөттү. Ал кеткенден кийин столдун үстүндө турган телефонуна кат келди. Ооба, бирөөнүн телефонун уруксатсыз чукулаган уят.

Бирок, кызыгып, мойнумду созуп, бир сүйлөмүн окусам, курбусунан "тиги ажыдаар кайын энеңен бошодуңбу” деген кат келиптир.

Ачуум менен шарт алып кийинки жазышкандарын окуй баштадым. Мына сага, кызыктын баары бул жакта экен. Апамды бери кой, ар бирибизби туугандарына, кошуна келиндерге, абысындарга жамандап чыгыптыр. Бүт баары жомок. Апам келип калды.

- Ай, колуңдагы Мээримдин телефонубу?

- Ооба, саатты карайын деп эле.

- Ааа.

Ошол күндөн бери келинимди көргүм келбейт. Сүйлөсө жасалма күлүп, жооп берип коем. Психологдон сурайын дегеним, “келиниңиз ушундай” деп апама түз эле айтсамбы же биринчи өзү менен сүйлөшөйүнбү?

Адис эмне дейт

Мария Самсонова, психолог

Саламатсызбы! Менин көз карашым боюнча, эгер келиниңиз менен сүйлөшүп, эмне үчүн антип жатканын билип, ичиңизде болуп жаткан нерселерди айткыңыз келсе, бетме-бет отуруп алып ачык маектешкениңер туура чечим болот. Бул конфликтке үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн тарта турган болсоңуз, анда чыр-чатактан качып кутула албайсыңар. Чыр-чатак эгүүнүн эч кимге кереги жок. Силерде баары жакшы болот деп ишенем! 

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт