// //

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

2019.12.01, 14:13
10498

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында байкесинен биринич үйлөнүп алганы айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Темирлан: байкем келин алып келем деген боюнча жок

Салам Bilesinbi.kg! Силерди ар дайым калтырбай окуйм. Өзгөчө окурмандар айтып берген баяндар жагат. Мен да өз башымдан өткөн кызыктуу окуя менен бөлүшкөм келди. Эмесе кеп башынан болсун.

Үйлөнгөнүмө бир ай болду. Өзүм болгону жыйырма бир жаштамын. Келинчегим жыйырмада. Быйыл, деги койчу, жакында баш кошолу деген ниетибиз жок болчу. Апам жуурканды мага ченебей эле койсо болмок экен.

Байкем үйлөнмөкчү болду. Күнүн белгилеп, тоодон мал алдырттык. Шаарга түшүп азык-түлүк сатып келдик. Үйлөрдү бир сыйра оңдоп-түзөдүк. Туугандарга кабар айттык. Айтоор, даярдык жүз бир пайыз.

Апам байкем менен аялына деп жууркан тиге баштады. Байкем келээри кеч жумушта. Мен жаңы эле окуумду бүтүп келгем. Үйдөмүн. Анан апам “экөөңдүн боюңар тең”, - деп жуурканды мага ченеп, улам чакырып өлчөп жатты. Байкем костюм алганы бара албай калып, анысын да мени кийгизип көрүп алышкан. Кыскасы, байкемдин ордуна модель болдум.

Коноктор эбак эле келген. Байкем келин алып келем деген боюнча жок. Чалсак албайт. Бир маалда телефонум шыңгырады.

- Теку, мени куткарбасаң болбойт.

- Эмне болду байке. Баары тынчпы.

- Бүгүн келин алып барбай калдым.

- Ыя?

- Кызыңа айт, макул болсо үйгө алып кел. Коноктор келип, кой союлуп калды. Кур кантип барам?

- Мен, мен, неме...

- Теку, суранам.

Бегайымга чалдым. Жашырбай баарын ачык айттым. Макул болду. Ошентип үйлөнүп калдык. Кызык бекен? Өзүм таң калып бүтө элекмин.

Чогуу чай ичип отурабыз. Апамдар төшөктү мага ченеп, костюмду кийгизип көргөндөрүн айтып күлүп жатышты. Ошондо эле байкемен биринчи мен үйлөнөрүм билинген окшойт. Болгону эч кимибиз маани бербептирбиз. Кээде ушундай ырымдарга да ишенип кетет экенсиң.

Баса, тиги байкемдин кызы эмне болду деп жатасыңарбы? Ал экөө ошол күнү кызганычтын айынан уруша кетишиптир. Кызы жарым жолдон баш тартып үйүнө кетип калыптыр. Чуркагандыкы эмес, буйругандыкы деген ушу экен да.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт