// //

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

2019.12.03, 13:12
25429

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энеси тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Алмагүл: эки балам эски курткасынан үшүп калган

Деги мындай болчу эмес эле, бирок бул жылы акчадан жакшы эле кыйналдык. Шаарда батирде турабыз. Эки балабыз бар. Күйөөм бир айдан бери жумуш издеп убара. Учурда жалгыз иштеп жүрөм. Алты миң сомду бир айга эптеп жеткирип жашап жатабыз.

Кышкы кийимди бери кой, көмүр алганга акча жок. Электр мешин түндө өчүрүп, кабат-кабат жууркан чүмкөнүп жатып алабыз. Балдарым бала бакчага барат. Кыска келип калганына карабай эски кийимдерин кийгизип жиберем. Күйөөм шабашка чыккан жерге чуркап жөнөйт. Өзүм бейтапканада санитаркамын. Экөөбүз тең пенсионер ата-энебизден жардам сурагандан уялдык.

- Алмагүл бутуң үшүгөн жокбу?

- Жок.

- Койчу ай, карда жука туфли кийип жүрөсүң.

- ...

- Этият бол эми, ооруп калба.

Кесиптештерим жарама туз себишкенин койбоду. Эми, өздөрү деле ойлошпойбу, жок болгон үчүн кийип жүрөт деп.

Ал күнү кайын энем келбесе эмне болмокпуз билбейм.

Жумуштан кийин балдарды бала бакчадан алып, көңүлүм жок үйгө бараткам. Көчөнүн башынан эшигибиздин түбүндө кайын энем турганын көрдүм. Бизге айттырбай айылдан келип калыптыр. Бут кийимим тайгак, чуркай алсамчы. Эки балам эски курткасынан үшүп калган. Кебетебизди көргөн кайын энем шок болуп калды.

- Алда балам ай, бул эмнеси? Бутуңа суук тийдиго. Ооруп калсаң эмне болот?  

- Апа кандайсыз. Келиңиз.

Мындан башка эч нерсе дей албадым. Үйгө киргизип чай койдум. Бүгүн балдарымдын курсагын кантип тойгузам деп отурдум эле, кайын энем ала келген этти астым. Балдарым чоң энеси берген таттууларды деп жыргашты. Ыйлап кыйналып жатканыбызды айттым. Апам көз жашымды аарчып, кучактады. Күйөөм келди.

- Ой апа, келип калдыңызбы?

- Чакырбасаң келем да. Айланайын, бала эмес эле балээ болдуң. Намыстанбай үйгө келип эт-пет алып кетпейт белең. Сен го мейли чоң эркексиң, бул балдарың, аялың кантти. Үй-бүлөңдү бага албасаң, эмнеге үйлөндүң?

- Апа, силерди кыйнабайын деп эле.

- Биз эмнеге кыйналмак элек. Келинимди карачы! Байкушум көк музда таманы жука туфли кийип жүрөт. Бир өтүк алып бергенге жараган жоксуңбу? Ден соолугу эмне болду?

- Апа..

- Болду, токтот.

Ал күнү жыргап курсагыбыз ток жатты. Эртеси кайын энем ой-боюма койбой базарга алып барып, чогултуп жүргөн пенсиясына өтүк, куртка алып берди. Күйөөм менен балдарды да унуткан жок.

Апамды айылга салганы бардык, жөнөп жатып, “Балдарым, башыңарга келген кыйынчылыкты татыктуу өткөргүлө. Караңгыдан кийин жарык болот, жакшылыктан үмүт үзбөгүлө. Бири-бириңерге тирек болгула. Омийн, жолуңар ачылсын”, - деп батасын берди. Эртеси айылдан бир койдун эти менен көмүр, бир аз тыйын-тыпыр келди. Кайын энем менен кайын атам салып жибериптир.

Көп өтпөй күйөөм акчасы жакшы жумуш тапты.

Эгер ошол күнү кайын энем келип жылуу сөзүн айтпаса эмне болоорун билбейм. Күн сайын жатаарда ушундай кайын энем бар экенине шүгүр кылам. Апа, мен сизге абдан ыраазымын.   

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт