// //

Абайлаңыз, зордукчулар арабызда!

2018.07.13, 13:26
6213

Зордукчулар арабызда болушу мүмкүн, алар балдарыбызга кол салганын көп учурда билбей калабыз. Балдар болсо бул тууралуу бизге айтып бере албайт. Андыктан балаңызды жакындарга таштап кетүүдөн абайлаңыз.

Туугандардын сексуалдык кол салуусуна дуушар болгон балдар https://bilesinbi.kg/ порталына көп кайрылат. Келип түшкөн бир нече окуяларды жарыялап (анонимдүүлүк сакталды), адистердин кеңешин сунуштайбыз.

Жездем зордуктап койду.

14 жаштамын. Каникулда айылдан шаарга бир тууган эжемдин үйүнө келгем. Ал күнү эжем жумушунда болчу. Сыналгы көрүп олтурсам, жездем жаныма келип, “мен сага бир нерсе көрсөтөм” деп колумдан жетелеп, уктоочу бөлмөгө алып барды. Эшигин бекитип, кыздыгымды алып таштады. Эмне кылсам болот? Эжемe, апама айтсамбы? Бирок эжемдин менин айыман ажырашканын каалабайм. Менин кийинки жашоом кандай болот? Мен күйөөгө кантип тийем?

Тайкем мага асылды

20 жаштамын. Мен төрөлгөндө атам менен  апам студент экен. 7-классыма чейин тайларымдын колунда өскөм. Бир аз чоңоюп, акыл-эсиме кирип калган убакта, таенем менен таятам үйдө жок эле.  Тайкем “бекинип ойнойбуз” деп тийишкен. Зордуктаган эмес, жыныс мүчөлөрүмдү кармалып бир нерселерди кылган. Ошол убакты эстесем коркуп кетем. Өзүм кудайга шүгүр жакшынакай кызмын. Жакында  үйгө куда түшүп келишти. Жигитти тааныйм, жакшы окуган бала.  Бирок апама тайкем мага тийгенин айтсамбы деп ойлоп жатам. Эмне кылсам болот?

Атамды кечирбейм

Азыр 19 жаштамын. Студентмин. Үйдө жалгыз кызмын. Атамды эч көргөн эмесмин. Апам экөө кичинекейимде ажырашып кетишкен экен. Мен 12 жашка чыкканда апам экинчи ирет турмуш курду. Өгөй атам келгенде мага жакшы мамиле кылып, оюнчук алып берип жүрдү. Ал күнү апам эртең менен жумушка кеткен. Уктап жатсам, өгөй атам бөлмөмө келип, жаныма жатты. “Сен жакшы кызсың да, мен айткандарды кыласың а”  деп, өз ишин бүтүрдү. “Апама айтам” деп ыйласам, “апаң мени жакшы көрөт, сени атаң таштап кеткен, эч кимге керегиң жок” дегени эсимде. Апама айткандан корктум. Аз өтпөй апам ал киши менен ажырашып кетти. Мен бул окуя тууралуу эч кимге айткан жокмун. Апам баары бир мага ишенбейт.

Чоң апамдын үйүнө баргым келбейт

Чоң апам бизден бир көчө кийин эле жашайт. Эжем экөөбүз кичинекейибизде үйүнө барып ойноп келчүбүз. Бир күнү дагы ойногонго бардык. Атамдын бир тууган иниси үйдө экен. Ал кезде акыл-эсибизге кирип калган элек, бирок кичинекей болчук. Ойноп жатсак, иниси жаныбызга келип мал сарай жакка алып барды, “сен бул жерде” туруп тур деп, эжемди сарайга алып кирип кетти. Акырын барып карасам, азыр эстесем, жыныстык катнашка баргандай болуп, эжемдин үстүнө жатып алып, имитация кылып жатыптыр. Чоң энемдер үйдө эле телевизор көрүп олтурган. Мени байкап калып “бар эми ойной бергиле” деп, эжемди коё берип койду. Бул тууралуу апабызга айткан жокпуз.

Атамдын досу үйгө келбесе экен

8-класста окуйм. Атам “дальнобойщик” болуп иштейт. Кээде үйгө бир досу менен келип, түнөп кетишет. Мага ал досу жакпайт. Жанынан өтүп баратсам акырын жамбашымды же төшүмдү кармап коёт. Атама айткандан корком, апаман уялам. Ал келгенде, үйдөн качып кетким келет. Мен ал кишиден корком.

Ильдар Акбутин, психолог

“Зордуктоонун 90% жакындар менен тааныш адамдар жасайт”

- Балдарды коркутуу оңой, алар өздөрүн коргой албайт, өтө эле кичинекей балдар алар менен эмне кылып жатканын түшүндүрүп дагы бере албайт. Бул жагынан алып караганда, алар чоң кишилердин жеңил курмандыктары. Көп учурда жазасыз бойдон кала берет деген ишеним туугандардын бул ыплас жолго баруусун шарттайт. Зордукчу тууганды кем акыл деп айтууга болбойт, психикалык жактан ден-соолугу бекем эле адамдар.  

Кылмышкерлер окуянын таралып кетишинен коркушат. Ошондуктан, кичинекей балага ким анын белгилүү жерлерине колун  тийгизип жаткандыгын ата-энесине айтып берүүгө үйрөтүү абдан маанилүү.

Баланын зордуктоого кабылганын кантип билсе болот?

  • Бала басыңкы, маанайы жок, сабыры суз.
  • Абдан коркуп калган жана түнт.
  • Ойногондо зомбулук эпизоддорун колдонот.
  • Өз жашынан эрте жыныстык органдарды жана алар кантип колдонулаарын билет.
  • Тарткан сүрөттөрдө кабылган окуяларын, өзүнүн абалын чагылдырат.

- Балаңыз чоңоюп эле калган болсо,  бул маселелер боюнча алар менен сүйлөшүп, ага ар дайым жардамга келериңизди, кандай болгон күндө дагы жанында болооруңузду, коргой тургандыгыңызды айтып, көйгөйдү чечүү жолдорун сунуш кылыңыздар. Бала жардамга чакыруудан коркпошу керек.

Жаза коркунучу зордукчуну токтотот. Андыктан балага эгерде ким ага тийсе, ата-энесине жана укук коргоо органдарына айтаарын ынанымдуу ишендирүүгө үйрөткүлө.

Гүлбарчын Жумабаева, никелер жана зомбулук боюнча эксперт

Зордуктоого кабылган баланы дароо жуунтпаңыз!

- Биз жашообузда дайыма эл эмне дейт?- деген сɵздɵн коркуп жашайбыз. Зордуктоого же сексуалдык кол салуунун дагы башка түрлɵрүнɵ кабылган учурда мына ушул уят, эл эмне дейт дегенден уялып укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Далилдердин баарын жок кылып, тактап айтканда кийимдерди жууп, жуунтуп салышат. Бирок, бул туура эмес. Далилдерди сактаңыз, дароо жуунтпаңыз. «Жазасыз калтыруу кайрадан кылмышка түртɵт» деген накыл кеп бар. Мындай учурда сɵзсүз түрдɵ укук коргоо органдарына, кризистик борборлорго, саламаттыкты сактоо органдарына  кайрылуу керек. Анткени,  кайрылуу менен жабырланган ар бир жаран адистердин кɵзɵмɵлүндɵ болуп, алардан кеңеш алып, зордуктоого кабылгандан кийинки алгачкы 72 саатын ичинде жыныстык жол менен жугуучу оорулардын, ВИЧтин жугуп калуусунун жана күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын ала алат.

Бала үчүн эң жакыны –ата-эне. Балаңыз менен ачык олтуруп сүйлөшүңүз, ага ишенээриңизди айтыңыз. Бала кандай көйгөйгө туш болбосун, чуркап келип, сизге ачык айткандай болсун.  Балага “мен сенин досуңмун, мен сени коргойм, сенин денеңе кол салууга, башкача көз караш менен караганга, кол тийгизгенге эч кимдин акысы жок” деп айтыңыз.

Тамара Воронцова, психолог, психотерапевт

  • Урматтуу ата-энелер! Кээде баланы туугандарга же жакындарга таштап кетүүгө туура келет. Бирок, зордук-зомбулуктун, сексуалдык асылуунун 80% ашыгын туугандар, достор жана кошуналар тарабынан болоорун билишиңер керек. 3-5 жаштагы балдар бир гана зордук-зомбулукту эмес, денесине болгон сылап-сыйпоону, коркутууну өмүр бою эстеп калышат. Эгер мүмкүн болсо, ар кимге балаңызды ишенип, таштап кете бербеңиз. Таштап кетсеңиз, анда баланын жүрүм-турумуна көңүл буруңуз; ал коркок, түнт же ыйлаак болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле, ал жуунгусу келбей, көчөгө чыгуудан коркуп, өзгөчө ошол адамдарга конокко баруудан качат. Сандары, колдору көгөрүп калган жокпу караңыз.

Балаңыз сиз үчүн мүмкүн болбогон нерселерди айтып берип жатса,  кол шилтеп койбой, сөзүнө кулак салыңыз, айткандарына ишениңиз.

Балдарды баардык нерседен коргоңуздар. Анткени бала чактагы ар кандай окуялар, өзгөчө терс, психикасына гана эмес, келечек тагдарына таасир этет!

Зомбулук  фактылары боюнча каякка кайрылуу керек?

Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн телефондору:

Бишкек ш. ШИИБи (0312) 43-71-75

Чүй облусунун ИИБи (0312) 43-88-85

Ош облусунун ИИБи (03222) 5-59-10

Талас облусунун ИИБи  (03422) 5-29-98

Ысык-Көл облусунун ИИБи (03922) 5-24-14

Жалал-Абад облусунун ИИБи (03722) 5-66-66

Нарын облусунун ИИБи  (03522) 5-09-21

Баткен облусунун ИИБи  (03622) 5-0015

КРнын ИИМнин Нөөмөт бөлүмү (0312) 66-23-31

КРнын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы (0312) 26-62-97

КРнын ИИМнин ишеним телефону (0312) 26-64-18

Кризистик борборлордун телефондору:

«Шанс» КБ, Бишкек ш. (0709) 71-03-20

 «Сезим» КБ, Бишкек ш. (0312) 51-26-40, (0312) 31-64-66

«Ак-Жүрөк» КБ, Ош ш. (0550) 23-13-29, (03222) 4-59-76

«Аруулан» КБ, Ош ш. (0776) 38-07-77,  (03222) 5-56-08

«Мээрбан» КБ, Ош ш. (0559) 49-20-07

«Акылкарачач» КБ, Алай району (0555) 28-14-23

Гүлчө айылы  (0776) 28-14-23

«Жаңыл Мырза» КБ, Баткен ш. (0777) 39-30-77

«Маана» КБ, Талас ш. (0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85

«Теңдеш» КБ, Нарын ш. (03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90

«Энсан-Диамонд» КБ, Ош ш. (0772) 32-89-60                                               

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт