// //

Мектеп курагына чейинки балдар үчүн пайдалуу 5 тиркеме

2018.07.06, 15:29
6819

Технология өнүккөн 21-кылымда телефон, планшеттерди байланышуу үчүн гана колдонуу жаңылыштык. Балдардын аң-сезимин өстүрүүдө, тарбиялоодо, окутуп үйрөтүүдө атайын тиркемелерди пайдаланууга эмнеге болбосун. Bilesinbi.kg долбоору мектепке чейинки балдар үчүн пайдалуу 5 тиркемени сунуштайт.

Ойноп китеп окуйбуз 2

Ойноп окуңуз. Балдар жана алардын ата-энелери үчүн билим берүүчү тиркеме. Кызыктуу жомок, аңгемелерди, логиканы өстүрүүчү, аң сезимди кеңейтүүчү тапшырмалар жана көнүүгүлөрдү камтыйт.

Балага оңой окуганды, мектепке даярдыкты, ишенимди көбөйтүүнү, пикир алышууну, достору менен тил табыша билүүнү үйрөтөт.

Оюнду үч тилде ойноого болот.

• Русский - Читаем играя 2; 
• Английский - Fun kitep 2; 
• Кыргызстан - Ойноп китеп окуйбуз 2.

Жүктөө үчүн: Coogle Play

 

"Смешарики. Кулинария"

Оюн, балдар үчүн арналган “Смешарики” мультсериялынын алкагында түзүлгөн. Тиркеме ар кандай баш катырмалары менен баланын логикасын, ыкчамдыгын, көңүл буруусун өркүндөтөт.

Ойноо ыкмасы: Бала каармандарга буйрук берүү менен фрагменттерди пайдаланып, түшүмдү ирети менен жыйнап, мөмө жана жер жемиштерди арабага жүктөйт.

Ойноо учурунда кыска анимациондук ролликтер көрсөтүлүп турат. Бекер версиясында жарнама орун алат жана 16 баскычтын 8ин ойноого мүмкүн. Чектөөлөрдү алып салүү үчүн сатып алууга туура келет.

Жүктөө үчүн: iTunes  жана Coogle Play

"Дошкольное обучение вместе с Пингви"

Бул тиркемеде мектепке барууга даярданып жаткан балдар үчүн  окутуп үйрөтүүчү 15 оюндар топтолгон. 

Ойноо ыкмасы: Бала шайыр пингвин менен биргеликте санаганды, өңдөрдү, фигураларды, сүрөттөрдү бири-бирине дал келтиргенди, чоң кичине белгилерди тандаганды ойноп үйрөнөт.

Ийгиликтүү табылган тапшырмаларга чаптама белекке берилет. Эгер балада тапшырмаларды аткарууда кыйынчылыктар жаралса, пингвин жардамга келет. Тиркеме бекер, сатып алуулар жок.

Жүктөө үчүн: iTunes

"Буквы, цифры, алфавит"

"Буквы, цифры, алфавит" – тиркеме тамгаларды, арифметиканы үйрөтүүчү, эс тутум менен көңүл коё билүүнү калыптандыруучу бир нече майда оюндардын топтомун камтыйт.

Ойноо ыкмасы: Бала негизги арифметикалык (саноо, кошуу, алуу ) эсептерди аткарып, фигуралар менен өңдөрдү айырмалайт. Андан сырткары кыйынчылыктарды (пазл) жайгаштырып, сүрөттөрдөн айырмаларды таап, экранга  колунун жардамы менен тамга жана сандарды жазат.

Ар бир сөз, тамга, фигура, сан үн менен коштолот. Баскычтарды ийгиликтүү аяктаса сыйлыктар берилет. Тиркеменин толук версиясын сатып алуу керек.

Жүктөө үчүн: iTunes

"Учим буквы!"

“Учим буквы!" – мектепке чейинки балдар үчүн тамгаларды жана тез арада окуганды үйрөтүүчү интерактивдүү алиппе.

Ойноо ыкмасы: Тиркемеде 3 режим бар: “Электронная азбука” – оюн учурунда балага көңүлдүү иллюстрация көргөзүлөт жана баштаган тамгага жараша кыска ырларды жаттайт. "Конструктор букв" - 3-4 тамгадан турган сөздөрдү түзгөндү үйрөнөт. “Двойные пазлы"-тамгаларды сүрөттөр менен салыштырууну өздөштүрөт.

Оюн учурунда баардык тамгалар, сүрөттөр жана иллюстрациялар үн менен коштолот. Акысыз версиясында А дан Ёго чейин окуп үйрөнүүгө болот. Уландысын сатып алуу керек.

Жүктөө үчүн: iTunes  жана Coogle Play

Балдар – биздин келечегибиз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт