Кайын энеси эмнеге тамды айланып качат экенин айткан келиндин баяны
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Ата-энем студент кезинде баш кошушат. Мен төрөлгөндөн кийин кыркымды чыгарып, чоң энеме таштап, шаарга окуусуна жөнөп кетишет. Ошентип, кемпирдин колунда тарбия алып, мектепти бүткүчө айылда болдум.
Эми чоң энеме сөз жок, колунан баары келет. Бир эле нерсе айтайын: чоң атам койду мууздап берсе, калганын өзү жайгарып койчу. Этегинен чыкпай жүрүп, билгендерин үйрөнүп алдым.
Чоң энем көп сүйлөчү эмес. Айтчусун айтчу, болду унчукпай жүрө берчү. Башка чоң энелердей болуп үстүмө үйрүлүп түшкөн жок. “Кыйратыптырсың!” деген сөзү эркелеткени болчу. А мага бул жетишсиз эле.
Мектепти бүтүп шаарга бет алдым. Майрамдарда гана көргөн өз ата-энемдин үйүнө бардым. Билесиңерби, баары бир апам экөөбүз эне-баладай жакын боло албадык. Бири-бирибизге бөтөн киши элек. Сылык-сыпаа сүйлөшөбүз, бирок сырдашпайбыз. А мен ушунчалык мээримге зар элем.
Курбуларым четинен турмушка чыга баштады. Жолугуп калсак кайын энесинин кылыктарын айтып, төбө чачымды тик туругузушат. “Оо, кудай, жакшы кайын энеге туш кыла көр”, -деп жакамды кармап тиленип койчум. Көрсө, ошол эле убакта кайын энем “Оо кудай, жакшы келинге туш кыла көр”,-деп, мага кошулуп тилек кылып жүрүптүр. Акыры экөөбүз издешпей табыштык.
Үйдүн жалгыз келинимин. Эки балам бар. Улуусу быйыл мектепке барат. Кайын энемдин колундабыз. Кудай мага эне мээримин кайын эне аркылуу берди.
Келген күнүмөн тартып мени “Беку”,- деп эркелетип алган. Өмүрүмдө укпаган сөздөрдү айтат: айланып кетейин, кагылып кетейин, келегой, алтыным, отурагой ж.б. Мындайга көнбөгөн жаным, тартындым, ыңгайсыз болдум. Анан дагы эмне деп жооп беришти билбей, катып туруп калчумун.
Неберелерине үзүлүп түшкөнүчү, тимеле чаң жугузбайт: каралдым, көлөкөм, секетиң болоюн, алдыңа кетейин деп эле турат.
Мен жасаган оокатты, тамакты, курган курактарымды келген-кеткенге айтып, мактап бүтпөйт. “Элдин көзүнчө кечке эле мени мактап жатсаңыз, ыңгайсыз болуп кетип жатам”, десем. “Жакшыны жакшы деш керек”, -деп, божурап сүйлөп, андан бетер эркелетип кирет. Бассам-турсам жакшы экенимди айтап жатса, жаман боло албайт экенсиң.
Бир мүнөз, түнтү, токтоо, күлбөгөн, эмоцияларын ашыкча көрсөтпөгөн адам элем. Бирок, кайын энем мени өзгөрттү. Ичим эзилип кеткенде чүкөдөй кайын энемди катуу кучактап өпкүлөп кирем. “Ии, берекем, сөөгүмдү сындырасың, кое бер”,- деп, тамды айланып качып жөнөйт. Кармап алып дагы өпкүлөйм. Каткырып күлөт.
Ушунча жыл зар болуп жүргөн мээримге турмушка чыкканда жеттим. Кээде балдарыман талашып кайын энемдин тизесине жатып алып уктап калам. Мен бактылуумун! Рахмат сизге апа!
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту
Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды
Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды
Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым