// //

Кайын энем менен кайын энесинин мамилесин көрүп таңкалдым

2023.06.20, 16:48
10945

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Бүгүн мен үчүн аябай маанилүү күн. Болочок кайын энем менен таанышам. Анан жигитим ата-энем таанышат. Анан той күнүн белгилейбиз. Ааа, аябай толкунданып жатам. 

Бул күнгө деп атайын көйнөк тиккем. Ооба, мен өзүм тигип кийинем. Бир мактанып алайынчы. Базардагы, дүкөндөгү кийимдерди жактырбайм. Мага ылайыктуу фасон жок. Курбуларым, туугандарым дагы тигип беришимди суранышат. Бирок, мен башка бирөөгө тиге албайм. 

Көйнөгүмдү үтүктөдүм. Чачымды жасадым. Жигитим келди. Чуркап чыктым. "Сулуум менин" деп өптү. Көйнөгүмдү көрсөтүп айландым. Мактады. Жарашып калганын айтты. Жөнөдүк.

Кайын энем менен жигитимдин чоң апасы, анан эжеси келиптир. Чынында кимиси ким экенин башында билбедим. Кайын энем менен кайын энеси курбудай эле тамашалашып, ичишип, каткырып отурушту. Экөө тең бири-бирин тамашалап жөн сүйлөшпөйт экен. Келин менен кайын эне деген тосмо нерсе жок. Чогуу бийлешип, ырдашты. Кандай сонун көрүндү. Суктанып отурдум. Алардын курбусу болгум келди.

Кетип баратсам, мени жигитиме дайындап, этияттап жеткирип кой деп, бетимден өөп, дасторкондо калып калган тамактарды салып берип жөнөтүштү. Үйгө жетип алгандан кийин баары жакшыбы чалып сурашты. Мен бактылуумун.

Той. Кайын энем менен кайын энеси күйөөм экөөбүзгө арнап ыр ырдап чыгышты. Тамашалуу ыр экен. Коноктордун баары күлүштү. "Келинимди капа кылсаң, артында эки балбан" турат дешкен жеринде боорум эзилди. Анан экөө мага деп атайын буйрутма менен тигилген көйнөк беришти. Биринчи жолу, өзүм тикпеген көйнөк жакты. Мен бактылуумун. 

"Ай, жүр кеттик!" Үйдө отурсам экөө келип алып кетишет. Үчөөбүз залга барабыз, дүкөн кыдырабыз, кафеге барабыз дегендей. Сонун апаларга туш болдум. Жашоону ушунчалык жакшы көрүшөт экен. "Эл айта берет, биз жыргай беребиз" деген слогандары жакты. Бир келген өмүрдө ушинтип жашаш керек экен. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт