// //

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

2022.01.06, 11:27
34500

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Буга чейин элдин көңүлү үчүн жашап келдим. 

Турмушка чыккандан бери буга чейин тынбаган жаным, ого бетер тынбай калды. Түрлөп тамак жасайм, күн сайын полду үч сыйра жууп чыгам. Жума сайын пардаларды жууп кайра илем. Берки кичи үйдү үч күн сайын актап чыгам. Туугандар той-топур кылса, калбай барып, түнгө, суукка калып, иш кылам.

"Эл эмне дейт" деп эле басып жүрөм. Мыкты келин, мыкты жубай болууга аракет кылып гана басып жүрөм. Аттиң, канча эле мактаса деле, эмнегедир бактысыз элем. 

Балалуу болгондон кийин дагы жаным тынбады. Тогуз ай чуркап жүргөнүмө карабай, төрөгөндөн кийин дагы жаным тынбады. Чачым май, уйкудан калган көздөрүмдүн алды кара, ар дайым нерв болуп кабагым ачылбайт. Балам уктап жатса, ага кошулуп эс алып уктап албай, кайра пол жууп, үйдү тазалап кирем.

Үйгө туугандар келген. Жер төлөөдө варенье алып жүргөм. Ашканага кирген туугандар мени көрбөй калса керек. "Ай, тигини (менин атымды айтышты) эле чакыралы, бекер жумушчу, акча төлөбөсөң деле жакшы кызмат кылат. Ар дайым кызмат кылып жүрөт го. Кебетесине карап албайбы э. Жакшы кызматчы." Каткырып мени жамандап жатышты. Ошондо, мага бир нерсе болду. Баарына жакшылык кылып жүргөнүмдүн акыбетин албадым. Мен өзгөрдүм.

Баламды уктатып коюп күзгүнүн алдына келдим. Чачы май, тырмактары сынган, кебетесинен кеткен, жашынан улуу көрүнгөн бирөө турду. Колумдагы пол тряпканы таштап туруп, башымды жуудум дагы, баламды кучактап жатып алдым.

Ооба, азыр үйүм мурдагыдай таза эмес. Кээде идиштер деле жуулбай туруп калат. Бирок, дал ушул нерсе үйдө бирөө жашап жатканынан кабар берет. Эң негизгиси мен өзүмдү биринчи орунга кое баштадым. Элдердин мага болгон мамилеси дагы өзгөрдү. Баары башкача мамиле жасап калды. Бир нерсе жакпаса жакпайт дейм. Өзүмдүн көңүлүмдү ойлойм, бирөөнүн эмес.

Жүзүмө күлкү келе баштады. Жылайып жүрсөм, күйөөм дагы жаныман чыкпай калды. Балам дагы көп ыйлабай калды. Бактылуу болуунун даамын эми тата баштадым окшойт.

Өзүбүздү баалап, сыйлаганды үйрөнөлү. Полдогу кирди жууп койсоң кетет. Бирок, өзүңө чыккынчылык кылуудан калган көңүл эч качан кетпейт. Көр тирилик менен алышып жүрүп узап кеткен жылдар, жаштык кайтып келбейт. Өзүңүздү жакшы нерседен аябаңыз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт