// //

Чоң энем жигитимдин бул жоругун көрүп "аның жакшы күйөө болбойт" деди

2023.06.19, 16:40
11934

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Чоң энем атайын айылдан келген. Бүгүн жигитим менен тааныштырмакмын. Апам байкуш таң эрте туруп боорсок бышырып жүрөт. Атам билгизбегени менен ал деле күйпөлөктөп орун таппайт. 

Кеч кирди. Алтыга чакыргам. Жок. Чалсам албайт. Сегизде келди. 

Кийимин айтпай эле коеюн. Ачуум келгени ичип алыптыр. Жыттанды. Аябай уялдым. 

- Эмне толкунданып ичип алдынбы?

- Жок ай, досумдун туулган күнүн куттуктап калдык.

- Мен сага алтыда дебедим беле.

- Келдим да акыры. Кана "мамаша", "папаша"?

Ачуум келди. Апама, чоң энеме гүл да албаптыр. Мен айткам. Майда бирок маанилүү нерсе да, туурабы?

Төрдө отурду. Талтайып алган. Атам ачуусун араң кармап турат. Апам билгизбейт. Чоң энем унчукпай отурат. Ар кайсыны сүйлөп, керсейип жатты. Бир нерсени айтып коеюн, жигитимдин үй-бүлөсү бай, бизден жакшы турушат. Балким, ошон үчүнбү?

Тамак салып жатсам чоң энем келди. "Кызым, тандоо өзүңдө. Бирок, ата-энеңди сыйлабаган жигит жакшы күйөө болбойт. Сүйүүнүн көзү көр дейт. Сен ага чыгам десең деле каршы болбойбуз. Болгону шашпа кызым. Сен жакшыга татыктуусуң."

Сыртка чыктык. Жигитим коштошуп бетимден өбөйүн деди. Өзүмдү алып качтым.

"Биздин үй-бүлөдө силердей байлык жок. Бирок, бул нерсе биз силерден начарбыз дегенди билдирбейт. Жакшы кал."

Кирип кеттим. Дарбазаны катуу жаптым. Атам менен апам чыга калыптыр. Мени карап туруп калышты. 

"Эми өзүбүз чай ичели" дедим. Каткырып жибердик. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт