// //

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

2020.09.25, 13:10
75295

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет "мен азыр бактылуумун" деп сөз баштаган келиндин баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Ошол учурда жашагым келбей, жер бетинен жок болуп кетким келди

Базарга түшүп чогултуп жүргөн стипендияма жаңы көйнөк сатып алдым. Парикмахер болуп иштеген курбума чачымды жасаттым. Торт көтөрүп жигитим айткан дарекке жөнөдүм.

- Аябай сулуу болуп калыпсың.

- Апаңа жагайын дедим.

- Албетте, жагасың. Жүр сени күтүп жатышат.

Жигитимдин ата-энеси бай экенин билген эмесмин. Короо-жайын көрүп таң калдым. Менин үйүм булардын жанында кепе там болуп калат. 

Атасы тапчанда гезит окуп отуруптур. Учураштым. Жооп берген жок. Апасы чыкты, оозу бош эмес экен, алма жеп жатыптыр. Бутумдан башыма чейин сынап карады. Тортту берсем кире бериштеги терезеге коюп койду.

Дасторкондо унчукпай отурдук. Бир маалда сырттан “тарс” эткен үн чыкты. Мойнубузду созуп карасак, мышыгы мен алып келген тортту жерге түшүрүп алып жеп жатыптыр.

"Ата-энеңдин ким деп дагы сурабайм. Кебетеңден эле кандай жердин кызы экениң көрүнүп турат. Тең-теңи менен деп коет. Балабыздын башын айлантпай жакшылыкча кое бер."

Жигитимди карасам башын жерге салып унчукпайт. Сыртка чуркап чыктым. Ошол учурда жашагым келбей, жер бетинен жок болуп кетким келди. Апасы мени сындырды. Төрт ай эч жакка чыкпай жатып алдым. Ата-энем байкуш айланчыктап жаныман кетпейт. Акыры турмушка чыкпайм деп чечтим. Баш отум менен жумушка кирдим.  

Муздап калган жүрөгүм отуз жашымда ээриди. Азыр күйөөм кызымды кучактап алып жанымда уктап жатат. Алардан биринчи ойгонуп алып экөөнө суктанып отура бермей жайым бар.

Күйөөмдүн аты Кайрат. Сүйлөшүп жүргөндө, “жүр, апам менен тааныштырам” деп көп жолу айтты. Ар кандай шылтоо таап качып жүрдүм. Себеби баягы окуядан кийин кадимкидей коркуп калгам.

Бир күнү жумушта отурсам, бир эже келди.

- Кандайсың кызым, күтсөм жоксуң, акыры минтип өзүм келдим.

- Саламатсызбы! Сизди тааныбай турам.

- Кайраттын апасы болом.

Кайын-журтум мурунку жигитимдин ата-энесинен жүз эсе бай, аттары дагы көпчүлүккө белгилүү, кадыр барктуу адамдар экен. Эң негизгиси адамгерчилик дегенди жоготушпаптыр. Ата-энемди сыйлагандарын көрсөңөр таң каласыңар. Мени болсо кайын атам менен кайын энем экөө тең “кызым” деп алышкан.

Той. Ресторан. Күйөөм экөөбүз эл алдына чыкканы даярданып жатканбыз. Ошол учурда тааныш үн угулду. “Эже, баары жакшыбы, капа эмессизби, эмне кылайын”,- деп администратор кайын энеме жагалданып жатыптыр. Тааныш адамдай көрүндү. Жакшылап карасам баягы жигитимдин апасы экен. Мени көрүп таң калып туруп калды. Башымды өйдө көтөрүп жанынан өтүп кеттим.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт