// //

Көйнөгүмдүн топчусун кадап отуруп аялымды сагынып ыйладым

2023.06.19, 16:20
6442

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Айкоу, чай ичпейлиби?

 - Азыр, анда чай коеюн.

Тигип жаткан төшөгүн таштай туруп, чайнегин көтөрүп алып жөнөдү. Карап жатам. Акыркы убакта ооруп жүрөт. Мурдагыдай эмес. Арыктап да кетти. Айтпайт.

- Бакы, кел, кайнады...

Үнү дагы башкача. Унчукпай чай ичебиз. Мен аны карайм. Ал жерди карап ойлуу отурат. 

Түн. Онтогон үн. Машинамды от алдырдым. 

"Чыдабай калдым Бакы, кыйналып кеттим, кудай алып кетсинчи, Бакыы!" Жанында ыйлаган бойдон машинаны айдап баратам. Аттиң оору... Шишик табылгандан бери жашоо токтоп калды. 

Күн чыкты. Колумда келинчегимдин сумкасы. Жоолугун мыкчыган боюнча бейтапканын алдында отурам. Бүттү...

Балдарым апасынын сумкасын көрүп дароо чаңырышты. Бүттү...

Көйнөктүн топчусу, байпактын жыртыгы өзү бүтөлбөйт экенин эми билдим. Мен байкабаган толтура майда нерселер анын мойнунда экенин эми билдим. Жадакалса, дааратканадагы кагазды да ал жаңыртчу экен.

Колумда ийне. Топчу кадап отурам. Ыйлап отурам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт