// //

Динамика, инновациялар жана баарлашуу эркиндиги! MEGA компаниясына 17 жыл!

2023.04.29, 15:46
509

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түптөлгөндүгүнүн 17 жылдыгын белгилөөдө. Бул аралыкта компания байланыш рыногунда көптөгөн инновациялык сервистердин FinTech-чечимдерин, пайдалуу тарифтерди жана уюлдук санариптик кызматтарды сунуштап келет.

Кыргызстандын телекоммуникация секторунун флагмандарынын бири жана масштабдуу digital-долбоорлордун демилгечиси болгон MEGA компаниясынын жеткиликтүү тарифтик пландарын, сапаттуу байланышын, жогорку ылдамдыктагы интернетин жана актуалдуу уюлдук контентин колдонуп, уюлдук операторго ишеним арткан абоненттердин саны 3 миллионго жетти. Компания кызматтарын кардарларынын мүдөөлөрүнө ылайык жаңылап турууга өзгөчө басым жасайт.

Жашоо бүтүндөй смартфонго байланган

MEGA’нын экосистемасын өнүктүрүүнүн алкагында, уюлдук оператордун жамааты сервистик тизмекти кеңейтүүнүн жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын арттыруунун эсебинен кардарлардын лоялдуулук деңгээлин көтөрүүнүн үстүнөн тыным албай, күнү-түнү эмгектенишет. Кыргызстандын ар бир жашоочусунун, айрыкча алыскы аймакта жашаган тургундарынын жакындары менен байланышта болуусу, муну менен гана тим болбостон, MEGA заманбап мобилдик технологиясынын жардамы менен контенттерди бөлүшүүсү, бизнесин онлайн жүргүзүүсү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусу, билим алуусу жана эмгектенүүсү биз үчүн өзгөчө мааниге ээ.

«17 жылдан бери MEGA өлкөнүн санариптик трансформациясынын чыйырын түптөп келет. Компания түйүндүн буга чейин болуп көрбөгөндөй өнүгүүсүн ишке ашырып, натыйжада MEGA’нын Кыргызстандын калкынын 99%ын байланыш түйүнү менен камсыздоо менен, MEGA санариптик чечимдерге басым жасап, жаңы 998 кодун ишке киргизди, 5G технологиясын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү, ошондой эле Кыргызстандагы уюлдук операторлордун ичинен алгачкы болуп, көз ирмемде чалуу аткарууну, байланыш учурундагы үндүн премиалдык сапатын жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик трафикти баалагандар үчүн MegaBlack виртуалдык картасын жана VoLTE кызматын сунуштады. MEGA‘нын эволюциясынын маанилүү этабы – «Альфа Телеком» ЖАКтын уставдык капиталын 8,7 млрд сомго чейин көбөйтүү жана компаниянын масштабдуу ребрендинги болду. Муну менен катар эле, MEGA өткөн жылда компаниянын пайда жана кирешелери боюнча планды алдын ала толтура алды», − деп белгиледи «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов.

Ыңгайлуу чечимдер – ар бирибиз үчүн

Кардарлар менен алака түзүү процессин жүргүзүүдө экосистемалуу ыкмаларды колдонгон MEGA’нын көңүл борборунда кыргызстандыктардын ар бирине инновациялык технология менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү турат. «Элдики + MegaTV» тарифтер тизмегинен ар бир абонент билим алууда, жумушунда, көңүл ачууда же жакын адамдар менен баарлашууда керек боло турган нерселерди таба алат. MEGA24 тиркемеси кыргызстандыктарга байланыш үчүн сарпталуучу каражатты оңой көзөмөлдөөгө жана актуалдуу санариптик жолдорду пайдаланууга жардам берет.

FinTech багытын өнүктүрүү менен, MEGA өз абоненттерине толук кандуу санариптик ассистентке айланган ыңгайлуу MegaPay сервисин сунуштайт. Сервистин жардамы менен кардарлар телефондун балансынан же QR-код аркылуу 1000ден ашуун товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү, Кыргызстандын 7 банкынын карталарына акча каражатын комиссиясыз которуу, ж.б. мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн эң зарыл болгон түрлөрүн да колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. MEGA 2023-жылдын соңунда тиркемеде жеткиликтүү болгон кызматтардын санын 1600гө чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Аралыктан төлөм жүргүзүү, нейротүйүндөрдү киргизүү, криптовалюта менен иштөө үчүн шаймандарды өнүктурүү жана башка иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Масштабдуу камтуу

MEGA’нын 17 жыл аралыгында түйүндү техникалык жактан өнүктүрүүсүнүн алкагындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Fintech-чечимдерди аймактык деңгээлде өнүктүрүү жана жайылтуу Компаниянын ишиндеги өзгөчө орунду ээлейт. 2022-жылдын ичинде эле уюлдук оператор 200дөн ашуун базалык станцияларды курду – компаниянын монтаждоо бригадалары эң оболу алыскы аймактарга заманбап жабыктарды орнотуу менен күн сайын эмгектенип жатышты. 2023-жылы MEGA түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү боюнча жогорку ылдамдыкты сактоо менен, эки жүздөй жаңы станцияны ишке киргизүүнү пландоодо.

Кардарларга ыңгайлуу болуусу үчүн, компания Сатуу жана тейлөө борборлорунун түйүнүн улам кеңейтип турат – бүгүнкү күндө алардын саны 70ке жетти! Фирмалык салондордогу консультанттар менен бирдей эле, абоненттер менен түз байланышта тыныгуусуз, майрам күндөрү жана эс алуу күндөрүсүз күнү-түнү иштөөчү Байланыш борбору кызмат көрсөтөт. Өз кезегинде 100дөй чалууну кабыл алган ар бир оператор *500 номери аркылуу абоненттерге кеңеш берүүгө ар дайым даяр.

Социалдык жоопкерчиликтин алкагында MEGA салттуу түрдө калктын аялуу катмарына кайрымдуулук иштерин жасап келет. Компания балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына кам көрүп, улгайган адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана согуштан майып болгондорго, тылда эмгектенгендерге, концлагерь жана блокада туткундарына колдоо көрсөтүп келет. Мамлекеттик уюлдук оператор жыл сайын чек арачыларды техника жана форма менен камсыздоодо жардам көрсөтөт, экология жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашырат, ошондой эле ири спорттук иш-чараларды MEGA бренди менен байланыштыруу да бекеринен эмес, бул көрүнүш компаниянын өнөктөш катары ар дайым колдоо көрсөтүп келгендигинен кабар берип турат.

№1 максат

2023-жылга карата MEGA өз алдына бир катар максаттарды койгон. Жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле чакан жана орто бизнести жүргүзүүдө жаралган бюрократиялык тоскоолдуктарды санариптик чечимдер аркылуу жоюу максатында Кыргыз Республикасынын санариптешүү процессине көмөктөшүүгө компания болгон күч-аракетин жумшап келүүдө. Компания пайданы 15 пайызга чейин жогорулатууну, FinTech-чечимдерди иштеп чыгуунун деңгээлин жаңы баскычка чыгарууну, фонддук рынокко чыгууну, «Евразиялык Сактык Банкы» менен биргеликте атаандаштык артыкчылыктарын бекемдөөнү пландап, өлкө боюнча глобалдык кызматтардын жана сервистердин борбордук платформасы катары №1 болуу максатын ишке ашырууга белсене киришүүдө.

«MEGA’нын эң башкы жетишкендиги жана сыймыгы – бул анын абоненттери! Замандаштар, бизди ишенимдүү байланыш оператору катары тандагандыгыңыздар үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирбиз! Биздин мыкты болуубузга түрткү берген ишеним, чогуу болгон жылдар жана тандооңуздар үчүн ыракмат айтабыз. Сиздердин ишенимди актоого жана эркин баарлашууңуздар үчүн эң жогорку мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө сөз беребиз», – деп белгилейт компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов.

17 жыл MEGA үчүн – өнүгүүнүн, инновациялык технологияларды киргизүүнүн, мыкты чечимдерди кабыл алуунун жана өз миссиябызга терең ишенүүнүн ийгиликтүү жылдары. Баарлашууну мындан да ыңгайлуу, пайдалуу жана мобилдүү кыла турган байланыш кызматтарыбыз – алдыда!

MEGA – мыктыны тандоо

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт