// //

Кайын энем "күйөөңдүн сөзүн укпай эле кой" дегенден кийин жашоо өзгөрдү

2023.04.13, 15:38
2169

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Көптөн бери бук болуп жүрөм. Жашоо кызыксыз. Жеген тамактарым даамсыз. Аргасыз күлөм. Аргасыз эле жашап жүрөм. Мага бир нерсе жетпегендей. Жашоодон артта калып калгандаймын...

Инстаграмга кирсең баары бактылуу. Баары бай. Баарынын сүйүктүү жумушу бар. Ого бетер жарам чоңоет.

Күйөөмдүн жашоосу менен жашап калгандаймын. Ал жумуштан келет. Эмне болгонун айтып берет. Аны угуп отурам. Баламдын кылыктарын айтам. Өзүм жөнүндө бир сөз жок. Киммин? Эмне жагат? Эч нерсе билбейм. Тойго барсам дагы ал жактагы туугандардын окуясын айтып берем. Тажап кеттим...

Күйөөмдүн айтканын кылам. Ал деле менен тажай баштагандай. Албетте, артынан эле калбай жүрсөм. Жумушта отурса зериккенимден жазам. Кээде бул үчүн урушуп кетебиз.

Айылдан кайын энем келгенде жашоом өзгөрдү.

Сүрдүү аял. Көзүңө тике караганда калп айта албай каласың. Бул ирет дагы ошондой болду. "Иий, эмне болду?" дегенде эле ичимдеги букту айтып кирдим.

- Сага эмне жагат? Эмне жасагың келет?

- Эми...

Ойлонуп отуруп кыялымдагы бир планды айттым. 

- Бирок, уруксат бербейт го...

- Күйөөңдүн сөзүн укпай эл кой. 

- Түшүнбөдүм... 

- Анын бул жерде кандай тиешеси бар? Биринчи ирет сага жагышы керек. Ал колдосо жакшы, колдобосо өзүнүн көйгөйү. Сени бактылуу кылган нерсе, сени гана бактылуу кылат, башканы эмес. Эмнеге башкалардын оюн маанилүү көрөсүң? Ошон үчүн бук болуп жүрөсүң. Ошон үчүн күйөөңдүн жашоосу менен эле жашап калгансың. Бара-бара ага деле кызыксыз болуп каласың. Эң жаманы өзүңө кызыксыз болуп калганың. Тур, жаса, бактылуу бол. Баары оңой. Эмнеге татаалданта беерсиңер.

Кайын энем келип кеткенден бери жашоом өзгөрдү. Планымды ишке ашырдым. Акча таба баштадым. Тамактын даамын сезе баштадым. Эң негизгиси кечки тамактанууда эми күйөөм мени кызыгуу менен угуп отурат.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт