// //

Уулума "кыз эмес экен" деп сүйгөнүн алып бербегениме өкүнөм

2023.03.20, 12:00
21122

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Уулум аябай өзгөрүп кетти. Мага мурдагыдай эле сый менен мамиле жасайт. Бирок, баары бир муздактык пайда болду. Ал муздактык башкача үшүтөт экен. Баарына өзүм күнөөлүүмүн. Аттиң, артка бара алсам кана.

Уулум абдан боорукер, акылдуу, жароокер жигит. Колунан келсе баарына жардам бергиси келет. Атасы экөөбүздү кыйнабай, бюджетке өз күчү менен өттү. Дем алыш күндөрү шаардан айылга келип мал-жанга кол кабыш кылат. Баарына жетишип жатканын көрүп кудуңдап сүйүнөт элем. 

Кошуналар, тааныштар кыздарын уулума бергиси келерин айтышчу. Куда болоу дегендер толтура. Ким элпек күйөө балалуу болгусу келбесин. Үйгө келсе түнгө дейре чөп жыйнап иштечү. Баары ага суктанып турушчу. 

"Уулуңа кызымды туура көрбөйсүң, көрөм балалсы бар бирөөгө үйлөнүп албасын!" Мага жакпаган бир тааныш аял ушинтти. Ачуум келип урушуп кеттим. Аттиң, уулум үйлөнөм дегенде ошол жамандын сөзүнө тирешкенимди кийин билдим.

Мурда турмушка чыккан кыз экен. Ала качып кеткен экен. Жашай албай ажырашып кетиптир. Баласы жок экен. Бирок, могу мээмдеги "Эл эмне дейт!" деген нерсе баарын бузду. Уулумдун сүйүүсүн бузду. 

- Апа, эмнеге улуу муун ушундайсыңар? Кыз эмес болсо эмне экен? Болбогон нерсени баалуулук кыласыңар. Мен үчүн бул маанилүү эмес, жакшы жашап кетсек болду да. Эмнеге апа? Апа, угуңузчу мени. Эмнеге бирөөнүн сөзүн, кур намысты бакыттан өйдө коесуңар? Эмнеге бирөөнүн жашоосуна кийлигишесиңер? Апа, үйгө алып келбе дедиңиз, сиз жоолук салып, батаңызды бербесеңиз, мен кантип жашайм? Апа? Апа жаман уулуң сүйүп калды, апа...

Уулум бөлмөсүндө бакырып ыйлап жатты. Мен өз бөлмөмдө ыйлап жаттым. Чуркап баргым келдим. Уулумду кучагыма кыскым келди. Баягы жамандын кур сөзү, мени токтотум алды. Мендей болбогула.

Уулум башкача. Андан бери бир жыл өттү. Баягыдай эле шаардан дем алыш күндөрү келип жарадм берет. Бирок, көп сүйлөбөйт. Кабагы бүркөө. Жан дүйнөсү канап жатканын сезип турам. Ошол күнгө кайра баргым келет. "Алып кел кызыңды, таанышайын, балам сүйсө кантип жок дейм, сен бактылуу болсоң болду уулум" деп айткым келет. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт