Шишиген жумуртка эмненин белгиси? Бул 5 нерсени ар бир эркек билиши керек
Салам, достор! Бүгүн биз силерге урологдор сунуштаган сонун кеңештер менен бөлүшөбүз. Адистер ар бир айым бул жөнөкөй нерсени билип алышы керектигин айтышты. Сактап алыңыз, керек болот.
Заарадагы кан нормалдуу эмес
Эгер заараңыздан канды байкасаңыз, урологго чуркап барып жазылыңыз. Ооба бул абдан кооптуу, заарадагы кан табарсык же бөйрөктөгү таштан баштап, табарсыктын рагына чейин бардык нерсенин белгиси болушу мүмкүн.
Жумурткадагы шишик рак дегенди билдирбейт
Урук бездериндеги кандайдыр бир адаттан тыш шишик же оорутуу, рак диагнозун ырастоо үчүн жетиштүү эмес. Андыктан, шишик пайда болсо эле рак деп чочулабаңыз. Кандай гана болбосун, урук бездериңиздеги көйгөй уролог тарабынан бааланышы керек.
Ачык сүйлөшө ала турган уролог табыңыз
Дарыгер менен ден соолук, анын ичинде сизди ыңгайсыз абалга алып келген маселелер тууралуу ачык диалог жүргүзүү маанилүү. Кээ бир эркектер аял дарыгерлерге артыкчылык беришсе, айрымдары уялганынан аялга эмес, эркек дарыгерге эле барууну туура көрүшөт. Дарыгер айыптабай, жардам бериши керек экенин эстен чыгарбаңыз. Ошон үчүн өзүңүзгө жаккан, ачык сүйлөшө ала турган жакшы уролог табууга аракет кылыңыз.
Жарнамадагы сыйкырдуу таблеткаларга ишенбеңиз
Кеч же эрте түшкөн бел суунун дабасын жарнамалардан таба албайсыз. Дарыны врачтар текшергенден кийин гана жазып бере алышат. Бир таблетка ичип айыгып кетүү мүмкүн эмес. Мээнет кылып тапкан акчаңызды жарнамадагы болбогон нерселерге чачпаңыз. Алар баары бир иштебейт.
Жыныс мүчөнүн өлчөмү ар түрдүү болот
Нормадагы жыныс мүчөнүн өлчөмүн билүү үчүн, урологдор атайын изилдөө жүргүзүп, 15 000ден ашык эркекти өлчөгөн. Изилдөө көрсөткөндөй, жыныс мүчөнүн орточо узундугу тик турганда 13,13 сантиметр, ал эми бош турганда 3,61 9,17 сантиметр болгон . Бирок, бул болжолдуу сандар экенин унутпаңыз. Анткени, урологдор өлчөм сексуалдык жөндөмдүүлүктүн көрсөткүчү эмес экенин баса белгилешкен.
Буларды билчү белеңиз?