// //

Жыныс кыны балык жыттанса эмне болот? Гинекологдордон баалуу кеңеш

2023.03.13, 10:52
18139

Салам, достор! Бүгүн биз силерге гинекологдор сунуштаган сонун кеңештер менен бөлүшөбүз. Адистер ар бир айым бул жөнөкөй нерсени билип алышы керектигин айтышты. Сактап алыңыз, керек болот. 

Жыныс кыныңызды өз жайына коюңуз

Вульва (аялдын жыныс кынынын сырткы бөлүгү, башкача айтканда жыныс эриндери) үчүн өзгөчө эч нерсе кылуунун кереги жок. Айталы, атайын скрабдарды же ссамын сыяктуу жуучу каражаттарды колдонбоңуз. Алар терини дүүлуктүрүп, кычышууну пайда кылышы мүмкүн. Сизге суу гана жетиштүү. Сыртын жууңуз, ичине киргизбеңиз. Ал эми жыныс кыныңызга (ички түтүк) келсек, аны өз жайына калтырыңыз. Ал өзүн өзү эле тазалап коет. Ар кандай каржаттар менен менен ага жардам берүүгө аракет кылуунун кереги жок. Бул сезгенүүнү пайда кылып, инфекцияга алып келиши мүмкүн.

"Выделенияга" көз салып туруңуз

Кичинеден "выделения" келип турушу  - нормалдуу нерсе, бул менструалдык цикл учурунда өзгөрүшү мүмкүн. Кээ бир "выделениялар" жыныс кынынын өзүн тазалап жана майлоосуна байланыштуу келсе, көпчүлүгү жатын моюнчасынын былжырлары болуп саналат, ал денеңизде эмне болуп жатканына жараша ар кандай болот. Эгерде "выделения" быштак сыяктуу нерсеге окшошуп кетсе, анда бул инфекциянын белгиси . Ал эми түсү жашыл, боз, сары же ак болсо, бул бактериалдык вагиноз. Жагымсыз жыттанса - жыныстык жол менен жугуучу инфекция. Тезинен дарыгерге чуркаңыз. 

Жыныс кыны бир аз жыттанып нормалдуу

Жыныс кынынан бир аз жыттын чыгышы нормалдуу көрүнүш, бирок ал өтө күчтүү же жагымсыз боло баштаса, анда сизге медициналык жардам керек болушу мүмкүн. Сиздин жыныс кыныңыз таттуу печенье же гүл эмес, андыктан мындай жагымдуу жыт болбойт. Кындын жыты ар бир адамда ар кандай, мисалы, "выделения", жыныс кынынын бактериялык флорасы жана гигиена сыяктуу факторлорго жараша болот. Балыктын жыты же башка сасык жыт инфекциянын, мисалы, бактериалдык вагиноздун белгиси болушу мүмкүн. Жагымсыз жыт күчөп баратса, эмне болуп жатканын билүү үчүн дарыгерге кайрылуу керек.

Биринчи алдыны, анан артты сүртүңүз

Дааратканага барганда сөзсүз түрдө бир эрежени карманышыңыз керек: алдыдан артты карай сүртүңүз. Эгер тескерисинче жасасаңыз, көтөн чучуктун бактериялары заара чыгаруучу каналга кирип, заара чыгаруу жолдорунун инфекциясын пайда кылышы мүмкүн.

Жактыбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт