// //

Кайын инимдин бул сөзүнөн кийин күйөөм мени коргоп калды

2022.09.02, 17:28
19517

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Бүгүн кайын эжем нотация окуп кетти. Эки күн мурун кайын сиңдим келип акыл үйрөткөн. Ага чейин кайын энем кыялын көрсөткөн. Кыскасы, ушул үйгө келин болуп келгенден бери бир жакшылык көрө элекмин.

Күйөөм уулусу болгону менен үйүндө эч нерсе чечпейт экен. Кыз-жигит болуп жүргөндө мени ар кимден коргоп сөз тийгизчү эмес. Азыр болсо “эми, бир аз чыдап койчу, ага эч нерсе дей албайм да”,- деп ийнин куушурат. 

Кайын энем жаман эмес, бирок өз оюу жок. Кыздары жокто унчукпай жүрө берет. Анан тигилери келип “келиниңизди катуу кармаңыз”,- деп бир нерселерди шыбырашса, токсон градуска өзгөрүп калат. Мени жаман көрсөтүп эмне пайда табышат билбейм. Тынч эле өздөрүнүн турмушу менен жашай беришсе болот да, туурабы?

11-класста окуган кайним анан Актөш мен тарапта. Көз жашымды көргөн кайним дүкөнгө чуркап барып шоколад алып келип берип, “жеңе көңүлүнүзгө албаңыз”,-деп алаксытат. Актөш айланчыктап жаныман чыкпайт. Байкуштун тили гана жок, болбосо ал деле бир нерселерди айтып көңүлүмдү жубатмак. 

Кайним акылдуу, оор басырыктуу, анан бетке айткан жигит. Эжелери келип калса, “апамды оолуктурбай тынч кеткиле, өзүңөр бактысыз болсоңор, жеңемде эмне күнөө”,- деп бетке айтат. Тиги экөө, “ай, сенин бир туугандарың биз, ал эмес” деген боюнча калышат. 

Кеч кирип калган. Тамактанып алып, баарыбыз чогуу телевизор көрүп отурганбыз. 

- Апа, эмне үчүн ушу жеңемди эле жей бересиңер? Кыздарыңызды кой деп, кызматыңызды кылып жаткан келиниңизге болушсаңыз боло. Бир нерсе болсо, жаныңызда жеңем болот, тиги кыздарыңыз күйөөсүнүн жанынан чыкпайт.

- Туура айтасың, балам, туура айтасың.

- Ошенте бересиз, анан кыздарыңыз келсе эле башкача болуп каласыз.

Күйөөм "эмне эле деп жатасың, апама дагы ошентесиңби",-деди. 

- Апамды коргой турган сиз экөөбүз бар. А жеңем эмне болот? Баары эле келип асылганы ошол. Аялыңыздын көзү күн сайын кызарып жүрөт. Өз үй-бүлөңүздү коргой албаган “лох” экенсиз. Андан көрө үйлөнбөй эле койсоңуз болмок. Ак көңүлдүктүн дагы чеги болот байке. Ушундай үйдө жашагандан көрө, жеңемдин кетип калганы оң. Эжелеримдин кылыгынын айынан күн сайын анын алдында уялам.

Азыр бир балээ болот дедим. Бирок, күйөөм унчуккан жок. Кайнимди бир саамга карап турду дагы, сыртка чыгып кетти. Кайним эч нерсе болбогондой телевизор көрө берди. Күйөөмдүн артынан чыктым. Сарайдын алдында ойлуу отуруптур. Жанына барып отурдум. “Мени кечирип койчу”,- деди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт