// //

"Бул жабдууну алгандан бери суугат иштери илгериледи". Дыйкан менен маек

2021.07.27, 12:09
1122

Ысык-Ата районунун фермери Каныбек Орозбеков “Айыл Банктан”  - Ocmis R4A жамгырлатып суугаруучу жабдуусун лизингге алды. Эми фермерде аба ырайынын шарттарына карабастан чарбасын үзгүлтүксүз сугарып туруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

"30 гектардан ашык жерге төө буурчак менен жүгөрүнүн түрүн өстүрөм. Бул жылы башка дыйкандардай болуп сууугат суунун тартыштыгынан жапа чекпедим. Себеби, "Айыл Банк" аркылуу суугат сууну үнөмдөөгө шарт түзгөн жабдууну лизингге алдым. Бул жамгырлатып суугаруучу жабдуу аркылуу аз өлчөмдөгү суу менен көп жерди суугарса болот. Мурда 1 гектар жерди суугарууга көп суу талап кылынчу. Бул шайман абдан үнөмдүү болуп чыкты."

Каныбек Орозбеков 10 жылдан ашуун убакыттан бери айыл чарба тармагында эмгектенип келет. Фермер жерди өз убагында сугаруу маанилүү экенин, анткени бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир эткен негизги факторлордун бири болуп саналарын кошумчалады.

"Ocmis R4A жамгырлатып суугаруучу жабдуусу абдан мобилдүү. Ар бир талаага жылдырып суугарып жүрө беребиз. Сууну арыктан эле насосу аркылуу соруп алат. Эгер фермерлер арасында бул жабдууну колдонууну жайылтсак, суугат сууга болгон таңкыстыкты алдын алалабыз. Ошондой эле топуракта ным жакшы сакталат, өсүмдүк текши өсүп чыгат."  

Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун бардык ыкмаларынын ичинен жамгырлатып суугаруу - өсүмдүктөрдүн тамырларына жана жалбырактарына ным жеткирүүнүн эң табигый жолу катары таанылган. Акыркы жылдары бул жабдуулар жакшы бааланып, бүткүл дүйнөгө жайылууда. Алар кичине жана чоң талааларда бирдей иштей алышат. Жасалгасы жөнөкөй жана өсүмдүктөрдү тегиз сугарат.

Каныбек Орозбеков сөзүнүн аягында буларга токтолду:

"Айыл Банктын" кызматкерлерине ыраазычылык билдиргим келет. Лизинг боюнча кеңештерин берип, мыкты деңгээлде жардам көрсөтүштү. Буйруса алдыда пландар көп. Аларды дагы ишке ашырууда "Айыл Банкка" кайрылам."

"Айыл Банк" жагымдуу шарттарда лизингге техника сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат. Кенерээк билүү үчүн бул жерди басыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт