// //

Мамлекеттик органдардын сайттарын анализдеп чыккандан кийинки корутундулар

2021.03.18, 16:31
1467

Маалымат алуу мүмкүнчүлүгү боюнча долбоордун алкагында Kaktus.media  мамлекеттик органдардын 20 сайтына анализ жүргүздү. Алардын окшош жактары көп. Айталы, көпчүлүгү ннтернеттен маалымат издеген жарандардын максаттуу аудиториясына багытталган эмес.

Мамлекеттик органдардын сайттарында эмне бар?

Эреже боюнча, сайттардын башкы бетинин негизги бөлүгүн ведомстволук жаңылыктар ээлейт. Муну менен басма сөз кызматтары министр жана анын кол алдындагылар жөн отурбастан иштеп, кимдир бирөө менен жолугуп жаткандыгын көрсөткүлөрү келет. Эгерде тигил же бул мамлекеттик органдын сайтынын  потенциалдуу аудиториясын алсак, анда министрликтердин жетекчилеринин жолугушуулары жөнүндө маалымат көпчүлүккө кызыктуу эмес.

Ошондой эле сайттарда мамлекеттик мекеменин жетекчилиги жөнүндө маалыматтар камтылган. Бир жерде өмүр баяны бар, бир жерде жок, бир жерде жетекчи гана жөнүндө, бир жерде анын орун басары жөнүндө дегендей. 

Ош шаардык мэриясынан башка бардык анализделген сайттарда байланыштарды оңой эле таба аласың.

Мындан тышкары, көптөгөн сайттарда татаал навигация, көп бөлүмчөлөрү бар бөлүмдөр бар, алардын айрымдары жаңыртылбайт. Бул бөлүмчөлөр кимге керек белгисиз. Эгерде алар өкмөт апаратынан мактоо угуу үчүн, тактап айтканда отчеттуулук үчүн түзүлдү десек, анда алар дайыма жаңыланып турушу керек. Эгер алар мамлекеттик органдардын жетекчилигине керек болсо, сыягы,  министрлер, төрагалар жана башчылар, расмий сайттарга жарыялоо үчүн маалыматтарды топтоо боюнча өздөрүнүн күчтүү жактарын жана кол алдындагыларынын мүмкүнчүлүктөрүн толук баалай алышпайт өңдүү.

Сайтта эмне эске алынбайт?

Сайтта эмне окулуп жатат же окулбайт деген нерсени түшүнүү үчүн администраторлор статистиканы изилдешет. Дал ушул статистиканы талдоо кээ бир блокторду, бөлүмдөрдү, мазмунун өзгөртүү чечимине алып келет. Мамлекеттик органдар колл-борборлордун маалыматтарын, кириш чалууларды жана маалымат алууга аракет кылган жарандардын каттарын анализге киргизсе болот. Бул кымбат изилдөөлөрдү талап кылбайт. Бюджеттин тартыштыгына карабастан,  ведомтсвонун аракети менен бир нече күндүн ичинде бардык маалыматтарды чогултуу мүмкүн. Мамлекеттик органдарда, эреже катары, толугу менен кайра иштеп чыгууга же функционалдык өзгөрүүлөргө акча жок болгондуктан, баштапкы этапта мүмкүн болгон оптималдаштырууну жүргүзүүгө болот.

Колдонуучулар үчүн чынында эмне маанилүү?

Суроолоруна тез жооп алуу. Же болбосо, көп берилген суроолорго даяр жооптордун болушу, же бөлүмдүн кызматкерлери суроолорго тез жооп берүүсү. Бул жерден Мамлекеттик салык кызматы менен Социалдык өнүгүү министрлигинде алдыга жылыш бар. Ошол эле учурда, Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы жакшы структурага ээ, жалпысынан навигациясы ыңгайлуу жана дизайны мыкты. Бирок МСК ишкерлерге, ал эми Социалдык өнүгүү министрлиги жөлөк пул алуучуларга көңүл бурганы анык көрүнүп турат. Келечекте жакшыртуу үчүн бир топ иш-аракеттерди жасоого болот, бирок маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана системанын ичиндеги жүктү оптималдаштыруу үчүн жашкы кадам. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан айрым маалыматтарды тапса болот. Улуттук статистикалык комитеттин жана БШКнын сайттарында белгилүү бир категориядагы аудитория үчүн маалымат жайгаштырылган. Жетишпеген нерселер бар, бирок жалпысынан, буга чейин бир топ маалымат берилген. Албетте, БШК мыйзамдар жөнүндө көп маалымат берүүгө аргасыз, мезгил-мезгили менен айрым гранттарды бөлүп турган эл аралык коомчулуктун кысымы бар, ошондой эле БШКны ар кайсы трибуналардан сындаган талапкерлерды унутпашыбыз керек.

Кызматты онлайн режиминде алуу. Санариптештирүү мамлекеттик органдарда таш баканын ылдамдыгы менен жүрүп жатат. Эл аралык донорлор тарабынан каржыланган ар бир жаңы кызматтын киргизилиши укмуштай нерсе катары көрсөтүлөт. Жалпысынан алганда, Кыргызстанда санариптештирүү өтө татаал: белгилүү бир кызмат башталгандан кийин, мамлекеттик органга жана жалпы өкмөткө сын-пикирлер жаап, колдонуучулар мындан да ыңгайлуулукту же онлайн режиминде көбүрөөк кызмат көрсөтүүнү талап кылышат.

Бирок мамлекеттик органдардын сайтын колдонуп, мектептерге же бала бакчаларга электрондук кезекке туруу порталына кирип, ПИН аркылуу бир нерсе билип, онлайн режиминде салык органдарына отчет тапшырып, доктурга жазылып, каттоодон өтсө болот.

Эң чоң көйгөй - онлайн кызматтардын аздыгы. Буга чейин иштеп жаткан айрым кызматтар туура иштебет. Мисалы, соттун чечимдерин издөө. Же болбосо жеке өткөрүү пункттарында товарлардын өтүшүн онлайн режиминде көрүү мүмкүнчүлүгү. Ачык бюджет таптакыр иштебейт. Жол кайгуул кызматынын сайтында айыптарды текшерүү үчүн иштебеген шилтеме орнотулган. Керектүү кызматты Google аркылуу табуу оңойураак.

Айрым кызматтарды колдонуу ыңгайсыз, натыйжада аудиторияда онлайн кызматын кантип колдонсо болот деген суроолор пайда болот, адамдар айрым талааларды толтурууда ката кетиришет. 

Кызматка же башка пайдалуу маалыматтарга шилтеме сайт ачылганда дароо көрүнбөй калат. Башкача айтканда, керектүү кошумча баракты табуу үчүн колдонуучулар жакшылап аракет кылышы керек. 

Негизги көйгөйлөргө салыштырмалуу, булар майда-чүйдө нерселер. Жалпысынан бир эле сайт визуалдаштыруу жана навигациясы жагынан ар башка болгон бир канча шилтемелерди камтышы мүмкүн, б.а., колдонуучу ар бир жаңы сайтка кирген сайын, кайда басууну билбей кыйналат. Дал ушундай кырдаал социалдык өнүгүү сайтында бар. Себеби, кайсы бир долбоорлорду иштеп чыгуу ар кайсы мезгилде ар кандай донорлор тарабынан каржыланат. Бирок жалпысынан, сайтта бирдей дизайндын жоктугу анын көрүнүшүн бузуп, колдонуучунун маалымат издөөгө болгон убактысын көбөйтөт.

Өкмөттүн ачык-айкындуулугу боюнча бүтпөгөн талаш-тартыш

Чиновниктер эгер жолугушуулар жана иш-чаралар жөнүндө жаңылыктарды берсек болду, бул ачыктык жана отчеттуулук деп эсептешет. Ошондой эле, мамлекеттик органдар кандайдыр бир онлайн кызматын ишке киргизгенде ачыктык жөнүндө эстешет.

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн иштин ачыктыгы жана отчеттуулугу - бул суроо-талаптарга жооп берүүнүн толуктугу жана ылдамдыгы, расмий маалымат аркылуу эмес, чалуу же мессенджер аркылуу ачык маалыматтар аркылуу суроого жоопту тез алуу мүмкүнчүлүгү.

Эксперттер, бейөкмөт уюмдар жана изилдөөчүлөр мамлекеттик органдардын сайттарында ар кандай статистикалык маалыматтарды жарыялоону ачык жана отчеттуулук деп эсептешет. Аналитикалык материалдарды даярдаган журналисттер дагы ушундай эле ойду карманат.

Салык төлөөчү болгон көптөгөн жарандар үчүн, ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө карабастан, ведомствонун өзүн эмес, ага тапшырылган тармакты өнүктүрүү пландары, ошондой эле аткарылган иштер жөнүндө отчет берүү маанилүү. 

Ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн мамлекеттин акчасы кандайча сарпталып жаткандыгыг билүү маанилүү. Демек, киреше жана чыгашалар боюнча суроо-талап жалпы өкмөткө, Жогорку Кеңешке, Каржы министрлигине жана киреше алып келүүчү департаменттерге - салык жана бажы кызматтарына, Социалдык фондго тиешелүү. Жарандар салык органдары жана Соцфонд кандайдыр бир тешикке түшүп жаткан бардык төлөмдөрдү канчалык кылдаттык менен көзөмөлдөп жаткандыгын жакшы сезишет, бирок ал жерде дайыма акча жетишпейт. Буга байланыштуу өкмөттүн отчеттуулугу жок. Каржы министрлигинин сайтындагы чыгымдардын негизги бөлүктөрү жөнүндө сейрек кездешкен Excel таблицаларынын отчеттуулукка жана ачыктыкка эч кандай тиешеси жок.

Эң негизгиси, жарандар үчүн алар төлөгөн салыктарга кимдер жашап жаткандыгын билүү маанилүү: ар бир бөлүмдө канча кызматкер бар, эмне үчүн мынча кызматкер бар, алар кимдер, канча алышат, алардын декларацияларында эмне көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик башкаруу система катары мамлекеттин коом алдындагы отчеттуулугуна негизделет, бул мыйзамдарда дагы көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө биз коомдун мамлекеттин алдындагы отчеттуулугун көрүп келебиз (маалымкаттар, чегерүүлөрдү алуу). Ошол эле учурда, чиновниктер жарандардын жана журналисттердин сынына таарынып, ал тургай ачууланып, төгүндөө жөнөтүшөт, нааразы болгондорду суракка чакырышат. Же болбосо, көңүл бурушпайт, алар үчүн президенттин аппаратына документти убагында жөнөтүү жарандардын өтүнүчүнө караганда алда канча маанилүү сыяктуу. 

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт