// //

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

2020.08.23, 17:57
58952

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет тоюн токтотууга аргасыз болгон жаш кыздын баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Экөөбүз жетелешип алып бийиктиктерге чогуу жетебиз деп ойлогом

Шкафта илинип турган ак көйнөгүмдү алып чыктым. Кирдетип албайын деп акырын баштыгына салдым. Бир саамга сылап отурдум. Чакырган таксим келип калды. “Саламатсызбы! Бул көйнөктү үлпөт салонго алып барып таштап коесузбу.” Жол киреси менен дарек жазылган баракты бердим. Баары бүттү.

Арсен экөөбүз бир класста окуганбыз. Мектептин активисттери элек. Концерт, КВН, дебат, конкурс, дискотека биз жок өтчү эмес. Кызыл аттесттат менен бүттүк. Экөөбүз эки башка университетке тапшырдык. Анан байланыш үзүлдү.

Үчүнчү курста бир тренингден кезигип калдык. Ошондон кийин жолуга баштадык. Көп өтпөй кыз-жигит болдук.

Биздин мамилебиз башкача эле. Чогуу киного баруу, бак аралап сейилдөө, белек берүү дегенге убактыбыз жок. Эки айда бир жолугабыз, анда дагы бир саатка. Себеби анык, активист болуп ар кайсы жакта жүрөбүз.  

Университетти бүттүк. Мен чет элдик бир компанияга ишке орноштум. Ал дагы жакшы жерге жумушка кирди. Кайда барбайлы досторубуз, туугандарыбыз “той качан” деп тынчыбызды ала баштады. Азыр ойлосом, ошондо элдин сөзүнө кирип эле баш кошууга шашыптырбыз.

Ресторанга чакырып колумду сурады. Макул болдум. Тойго камына баштадык.

Чакыруулардын баарын таратып, рестаранга буйрутма берип койгонбуз. Эки жумадан кийин той болмок.

Түштө жолугуп тамактанып отурганбыз. Арсен ошондо сөз баштады.

- Мага үйдө отурган, эч жакка чыкпаган, социалдык тармактарга катталбаган, эмне десем ошону аткарып, көзүмдү карап турган аял керек.

- Сен тамашалап жатасыңбы?

- Жок, экөөбүз баш кошкондон кийин менин айтканды аткарасың.

- Макул, сенин каалоолоруң аткарылсын дейли. Менин каалоолорум эмне болот? Мен эмне адам эмесминби?

- Аял болгондон кийин, бала багып үйдо отурушуң керек. Эмне каалашыңды мындан кийин мен чечем. Эң биринчи жумушуңду таштайсың. 

- Жок, Арсен, андай болбойт. 

- Анда тойду токтотолу.

- Макул.

Экөөбүз жетелешип алып бийиктиктерге чогуу жетебиз дегем. Көрсө, Арсен өзү гана жеткиси келчү экен. Чакыруулардын баарын артка чогултуп, үн-сөзү жок эки жолго түштүк.

Азыр баары мени бактысыз деп ойлошот. Бирок, мен бактылуумун. Эгер Арсенге турмушка чыксам, мына ошондо бактысыз болмокмун. 

Али жашмын, келечегим алдыда. Буйруса, мени сыйлаган, кандай болсом ошондой кабыл алган адамга сөзсүз жолугам.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
24.08.2020, 20:11

мен алам иштеп карьеранды уланта бересин ,555911138, чал суйлошобуз

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт