// //

Баланы быйыл биринчи класска бериш керекпи? Адистердин кеңеши

2020.07.24, 15:08
3714

Быйылкы окуу жылдын биринчи чейреги дистанттык негизде өтө турганы белгилүү болду. Ал эми экинчи чейрек кандай болот өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет.

Билим берүү министрлиги биринчи класска бара тургандар үчүн линейка болобу, дегеле алардын окуусу кандай форматта өтөт, жарыялай элек. Биз баштапкы класстын мугалими жана психологдон быйыл баланы мектепке бериш керекпи же жокпу деген суроого жооп алдык.

Баштапкы класстын мугалими

Атын атагысы келбеген баштапкы класстардын мугалими, биринчи кезекте баланын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө көңүл бөлүүнү сунуштады.

“Эгер баланын дени сак болсо, нормага ылайык өнүгүп жатса, мектепке кабыл алуу тестин тапшырса, демек, бардыгы жайында. Сарысанаа болууга негиз жок. Албетте ата-энелер кооптонуп жатышат, бирок өзүңөрдүн жеке коркууларыңардан улам баланы теңтуштарынан артта калтыруу болбойт. Ал эми ден соолугуна же өнүгүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр болсо, доктурга кайрылып, кеңешип, анын рекомендацияларына ылайык чечим чыгарыңыз”, - деп мугалим белгиледи.

Анын айтмында, эгер кандайдыр бир себептерге байланыштуу баланы быйыл мектепке берүү керекпи же жокпу деп күмөн санап жатсаңар, балдар психологуна кайрылсаңар болот.

“Андан тышкары, эмитеден балдарды окутуу онлайн түрүндө боло турганын айткыла. Жеке санаркоо, нааразычылык, коркуу сезимдерин балага билдирип, көрсөтүүнүн кереги жок. Тескерисинче, ага колдоо көрсөтүп, окутуу процессин максималдуу деңгээлде комфорттуу жана кызыктуу кылууга аракет жасагыла”, - деп кошумчалады.

Балдар психологу

Психолог Эльвира Лисова азыркы кырдаал качантан бери калыптанып калган жашообузду өзгөрттү. Коркуу, этият болуу, сактануу сезимдерине карабастан жаңы кырдаалга ыкташып, көнүшүп кетүүбүз зарыл.

Айрым ата-энелерде баланы быйыл биринчи класска берүү керекпи, деген суроо жаралып жатат. Мектепте иштеп, көп жылдык тажрыйбасы бар психолог катары, албетте, бериш керек, деп жооп бермекмин.

Так ушул 7-8 жашка толуп калган балдарда маалыматты ирээттештирүү жана логикалык ой жүгүртүү калыптана баштайт. Демек, алар маалыматты кабыл алууга даяр. Билим алууда бул башкысы да.

Ооба, ата-энелердин коркуу сезимин, балдарынын ден соолугу үчүн кооптонуусун түшүнсө болот. Бирок, урматтуу ата-энелер, бул процесс аркылуу бардыгыбыз акыры өтүшүбүз керек: балдар, ата-энелер, мугалимдер.

Онлайн окутуунун кантип уюштуруу керек?

  • Окуу жылын онлайн түрүндө баштоо бардыгына, өзгөчө бала үчүн чоң сыноо. Ошондуктан келаткан окуу жылына алдын ала даярдык көрүп алган оң.
  • Алгач компьютерге тиешелүү программаларды орнотуп алгыла. Алдын ала баланы “мышка” менен колдонгонду, клавиатурадан өз атын жазганды үйрөтүп койгула.
  • Бүгүн кайсы сабактар өтөт, күн тартибинде эмнелер болот, алдын ала билдиргиле.
  • Сабактардын ортосунда сөзсүз тыныгуу болсун. Ал учурда бала суу ичип, ары бери басып, сергип алса боло турганын айткыла.
  • Сабак менен тыныгуулардын саны мектептегидей болсун.
  • Сабактары бүткөндөн кийин балада сөзсүз эс алуу убактысы болууга тийиш. Айрым балдар чарчаганынан уйкусу келиши мүмкүн. Аларга адаптация мезгили өткүчө кайрадан күч топтоо үчүн бир аз уктап алуу керек.
  • Андан кийин өтүлгөн сабактарды кайталап, үй тапшырмаларын аткаргыла. Окутуу аралыктан өтсө дагы, бала мугалимин, классташтарын көрө алат. Мындай шартка акырындык менен көнүп кетет.

Ата-энесинин жардамы менен окутуунун жаңы форматта өтүшүнө бала тез эле адаптация болот. Жаңы, белгисиз нерселерден коркпоңуз. Баланын ордуна жасап эмес, бала менен бирге иштегенди үйрөнгүлө. Ийгилик!

Баары бир күмөн саноолор болсо

Балдарды мектепке 6,5 жаштан баштап кабыл алышат. Анын физикалык жана психикалык өнүггүүсүнө көңүл бурулат. Адатта жөн гана баарлашуу жүрөт. Баладан буга чейин бакчага барганбы, мектепке даярданганбы сурап, жалпысынан эле дүйнө таанымын текшеришет.

Балдардын өнүгүүсү ар кандай, ошондуктан бардыгын бир критерий менен өлчөгөн болбойт.

Эгер баланын психологиялык даярдыгы жагынан күмөн саноолоруңар болсо, психологдон индивидуалдуу консультация өтүүнү сунуштайм. Ата-эне жана бала менен консультация онлайн режимде өтөт.

Bilesinbi.kg бардык окуучуларга жана ата-энелерге жаңы окуу жылында чоң ийгиликтерди каалайт!

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт