// //

Баланы өз алдынча сабак окууга кантип үйрөтүү керек? Психологдун кеңеши

2020.07.21, 16:01
9320

Быйылкы окуу жылынын биринчи чейреги да дистанттык негизде өтө турганын Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги билдирди. Bilesinbi.kg психолог Карлыгаш Акимкуловадан баланы өз алдынча сабак окууга үйрөтүү үчүн эмне кылыш керек экенин сурады.

  • Өз алдынча окууга биринчи классынан баштап эле үйрөтүү зарыл. Албетте, бул аны такыр карабай коюу дегендик эмес. Үйрөнүп, көнүп кеткиче жарым жыл же бир жыл жардам берип туруу керек. Бул убакыттын ичиндее балада өз алдынча иштөөгө жөндөмү пайда болот. Кийин акырындык менен үйрөнүп кетет.
  • Өз алдынчалыкка аз-аздан үйрөтүү кажет. Алгач оор эмес тапшырмаларды өзүнө калтырыңыз. Аны аткаргандан кийин ата-энесинен же мугалиминен мактоо сөздөрүн угуп, жакшы баа алса, мындан да таталыраак сабактарын өзү жасоого умтулат.
  • Ата-эненин колдоосу жана мактоосу бала үчүн башкы мотиватор экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Кенедей болсо да жетишкендиктерин, өз алдынча жасоого умтулуусун белгилеп, айтып туруңуз.
  • Эч качан баланы кыйкырып урушпаңыз. Максималдуу деңгээлде сабырдуу болууга аракет кылыңыз. Бул жөн гана кичинекей бала, ал да ката кетирүүгө, түшүнбөй калууга, кайра суроого акысы бар экенин унутпаңыз. Жаңылып калганын өзү байкаса, анысын да белгилеп: “Ырас, айтпадыңбы. Сен корбөсөң мен байкамак эмесмин”, - деп.
  • Эч качан балаңызга сын такпаңыз. “Мээси жок”, “Шалтак”, “Ошону да көргөн жоксуңбу?!” – бул сөздөр өзүнө болгон ишенимди жоготот. Катасын көрүп турсаңар жөн гана ошонусун көрсөтүп, оңдоп коюу керектигин айтыңыз.
  • Өзгөчө учурларда гана белек берип, акчалай байге берсеңиз болот. Ашыкча убада берүүдөн этият болуңуз. Биринчиден, сиз айткан сөзүңүзгө тура албай калышыңыз мүмкүн, экинчиден, акча менен кайра өзүңүздү манипулияция кыла башташы мүмкүн.
  • Балага үлгү болуңуз. Күн тартибин сактаңыз, белгилүу бир убакытта ойгонуп, белгилүү бир убакытта уйкуга жатыңыз. Китеп окуңуз, балага тарых, илим, адабият жөнүндө кызыктуу фактыларды, окуяларды айтып бериңиз. Бирге түрдүү тажрыйбаларды жасап көрүп, табышмактардын жообун издеп, ыр ырдаңыз. Кыскасы, балаңыз үчүн кызыктуу инсан болуңуз.
  • Өзүңүз мектепти кантип окугансыз, кандай күлкүлүү, кейиштүү окуяларга туш болгонсуз, айтып бериңиз. Балдар үчүн ата-энесинин балалык кезин угуу абдан кызыктуу.
  • Жалпысынан 5-6 класс окуп калган балдар сабактарын толугу менен өз алдынча аткарып калышы керек. Бирок бардыгы баланын өзгөчөлүгүнөн, мүнөзүнөн жана жөндөмдөрүнөн көз каранды. Айрымдары эрте эле сабактарын өзү бүтүрүп, өзу окуйт, айрымдар бир топко чейин ата-энесинин жардамына муктаж болот.
  • Гиперактивдүү жана көңүлүн бир жерге топтой албаган балдар бул өз алдынча тема. Аларга өзгөчө мамиле жасап жана көңүл буруу зарыл.

Келаткан окуу жылы ийгиликтүү болсун!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
24.07.2020, 17:26

Эң туура!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт