Жаш бизнесмен Нурсултан Кубанов сунуштаган 5 китеп
PERSPECTIVE тил борборунун негиздөөчүсү, жаш бизнесмен Нурсултан Кубанов өзү окуган китептер тизмесинен эң көп таасир калтырган 5 китепти сунуш кылат.
- Алхимик, Пауло Коэльо
“Алхимик” – бразилиялык жазуучу Пауло Коэльонун эң атактуу романы, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар жакшы көргөн китеп. Адамдар жаш кезинде кыялдануудан коркушпайт, бардык нерсеге жетсе болот деп ойлошот. Бирок, убакыттын өтүшү менен сыйкырдуу бир күч кыялды орундатуу мүмкүн эмес экенин таңуулай баштайт. “Өз тагдарыңды жүзөөгө ашыруу – адамдын чыныгы жалгыз гана милдети”,- дейт Пауло.
- Подсознание может всё!, Джон Кехо
Логика алсыз болгондо, ар бир адамдын аң сезиминде сакталуу эң чоң резервдерди колдонуу менен, татаал маселерди чечүү мүмкүн. Китептин автору Джон Кехо тарабынан иштелип чыккан программа – мээдеги чексиз ресурстарды активдештирип, жашоону жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берип, аны бакытка жана ийгиликке толтурат.
Бизнесмен Эмиль Үметалиев сунуштаган 5 китеп
- Искусство жить просто, Доминик Лоро
Доминик Лоронун бул китеби терең дем алууга тоскоол болуп, артка тартып жаткан ашыкча нерселерден арылууга, туура чечим кабыл алып, өнүгүүгө убакыт тапканга, жашоону көзөмөлдөп, керектүү нерселер менен гана алектенге мүмкүндүк берет.
- Тоолор кулаганда, Чыңгыз Айтматов
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармасы. Романда жазуучу ааламдашуу, экологиялык көйгөйлөр, учурдагы абал жөнүндө кеп кылат.
Бизнесмен Мирбек Асангариев сунуштаган 10 китеп
- Стратегия голубого океана, Рене Моборн, Чан Ким
43 тилге которулуп, эки миллиондон ашуун нускада сатылган Чан Ким менен Рене Моборндун атактуу эмгеги. Атандашуу чөйрөсүнөн чыгып, ийгиликтүү бизнес-модель түзө албай жүргөндөр үчүн мыкты китеп