// //

Жамал Сейдакматова: “Балдарым, жөнөкөй болгула!”

2018.09.24, 14:18
4569

Кыргыз эл артисти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты , «Туңгуч» жеке менчик театрынын уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси, кыргыз элинин жана Орто Азиянын чыгаан актрисасы Жамал Сейдакматованы тааныбыган киши жок. Улуу актрисанын ойногон ар бир ролу көрөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк таап, эсине түбөлүккө сакталат.

Быйыл 80 жаш курагын белгилеп жаткан Жамал чоң энебиз түз эфирибизде конокто болуп, акыл-кеңештери менен бөлүштү. Кызыктуу видеоматериалды төмөндөн көрө аласыздар.

Жашоо жана чыгармачылык тууралуу

  • Адамдын эң жакшы касиети – жөнөкөйлүк! Мен керсейген, кыйынсынган, бой көтөргөн адамдарды жаман көрөм. Адамдардын баары бирдей экенин унутпасак.
  • Колуңдан келсе муктаж адамдарга жардам берүү керек.
  • Театр, кино деп жүрүп, үй-бүлөмө толук кандуу көңүл бура албай калам.

  • Сахнада “Кошок” деген темада кошок кошуп жатсам, эшиктен бир иним чуркап келип, бир тууганыбыздан айрылганыбызды айтты. Зал толо эл, кетип калууга болбойт, баарынын көзү менде. Айла жок өзүмдү колго алып, кошогумду уланттым. Ошондо жашоомдогу жоготуу менен ролумдагы жоготуу дал келип калганын карабайсыңарбы.
  • Театрды түптөө оңой эмес. Бир тоону көтөрүп барып, башка бир жерге койгондой эле болдум.  
  • Театрыбыз жаңыдан бутуна туруп келе жатканда далай кыйынчылыктардан өттүк. Актёр балдарым ачка калган учурларда үйдөн кант, ун алып келип берээр элем. Максатыбыз эптеп болсо да теартдын отун өчүрбөө болчу.

  • Бир ирет жумуштан чыгып, баламдын унаасына олтурам деп, башка бирөөнүкүнө олтуруп алыпмын. “Ай, айдабайсыңбы” деп карасам эле, орус олтурат. Ушундай апендилик жоруктарым бар.
  • Келинимди кызымдай көрөм. “Келин жаман эмес, келген жери жаман” дегендей, келинге жакшы мамиле кылуу керек, ал да бирөөнүн баласы. Келиндерге айтаарым, силер дагы картаясыңар, кары кишини какпай жылуу мамиле жасагыла.
  • Мен театры жок жашай албайм, бул менин үйүм.
  • Саякаттаганды абдан жакшы көрөм.
  • Акчасы көп болгон киши көөп, көп жакшы нерседен айрылып калат. Кичине жетпей туруш керек. Дүйнөнү басып, алтынды чогултуп алып азап тартып жүргөн адамдар толтура. Мен кудайдан “миллионер эмес, кур болбоюн” дейм тилейм.

  • Бул ролум жагат, бунусу жакпайт дебейм, аткарган ролдорумду санабайм.
  • Жаштыгымдын эң сонун учуру - балалыгым. “Балыр болуп түбүңө, жаткым келет Ысык-Көл” деп кумга жатып алып ырдачумун. Анда пансионаттар жок, көл жээгинде жуушап жүргөн койлор, уйлар, ар жагында аркайган ала-тоо , бул жагында көкмөк көл, алтындай болгон жылтырактары бар таптаза кум.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт