// //

Социалдык тармактар ​​өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү баалоосуна кандай таасир этет

2024.01.23, 21:05
601

Бүгүнкү күндө жашоону социалдык тармактарсыз элестетүү дээрлик мүмкүн эмес. Аларды колдонууда чоңдор өзүнө убактылуу диджитал-детокс жасай алса, тилекке каршы, өспүрүмдөрдө бул бир топ кыйынга турат.

Учурда өспүрүмдөр жашоону интернетсиз көрө алышпайт. Андыктан алардын социалдык тармактарга болгон көз карандылыгы орто жана улгайган адамдарга караганда жогору. Адистер, эгер социалдык тармактарды туура колдонсо, өзүн-өзү баалоого жакшы таасир берерин, эгер тескерисинче болсо, өзүн-өзү төмөн баалоого себеп болорун белгилешет.

Kaktus.media психотерапевт жана психолог Гүлүмкан Жоробекова менен социалдык тармактардын өспүрүмдүн өзүн-өзү баалоосуна тийгизген таасири жана мындай учурда ата-энелер эмне кылса болоруу тууралуу талкуулады.

Социалдык тармактардагы кооз жашоо

Социалдык тармактар ​​колдонуучуларга бири-бири менен жашоосундагы кооз ирмемдерди бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Адатта, ал жакта реалдуулуктан алыс болгон жашоо көрсөтүлөт.

Практика көрсөткөндөй, социалдык тармактарда жашоосундагы кызыксыз, күнүмдүк учурларды көрсөтүүгө даяр болгон адамдар аз. Көбүнчө алар өзгөчө болгон учурларды гана жарыялоо менен өздөрүнүн реалдуулугун кооздоп, идеалдаштырышат. Айталы, майрамдарда, саякатта жана башка иш-чараларда тартылган сүрөттөр жарыяланат.

"Ушул эле көрүнүш сырткы келбетке да тиешелүү. Социалдык тармактарда адамдар реалдуулуктан алыс болгон образды жаратышат. Азыр бетти жана фигураны тууралай турган фильтрлер көп. Мындан тышкары, жасалма сүрөттөр менен видеолорду монтаждаган тиркемелер толтура. Бул нерселер адамдардын сырткы келбети жана жашоосу тууралуу жалган ойду жаратышы мүмкүн. Ошентип, көпчүлүк кандай болсо, ошондой эмес, алда канча сулуураак, ийгиликтүү көрүнөт. Кээде реалдуулук менен болгон айырмачылык өтө чоң", - дейт психолог.

Ошол эле учурда, башка колдонуучулар социалдык тармактардан жашоонун айтылуу бир бөлүгүн гана көрүп, кадимки жана реалдуу жашоосун  идеалдаштырылган, реалдуу эмес сүрөттөр менен салыштыра башташат. Жыйынтыгында жөнөкөй адам өзүн төмөн сезет. 

Интернеттен акыркы ирет эмне сатып алгандарын көп көрсөткөн блоггерлерди көргөндөн кийин, балада ата-энесине карата суроолор пайда боло баштайт: эмне үчүн анда iPhone акыркы модели, "крутой" машина жок жана эмне үчүн анын үй-бүлөсүнүн киреше деңгээли башкаларга караганда бир нече эсе төмөн. Эгер мурда балдар өздөрүн короосундагы же мектептеги теңтуштары менен салыштырып келишсе, эми болсо дүйнө жүзүндөгү балдар менен салыштырышат. Көпчүлүк ошол блоггерлер же интернеттеги инсандар эфирге жашоосу тууралуу реалдуу фактыларды эмес, кооздолгон нерселерди трансляция кыларын түшүнө беришпейт.

Социалдык тармактар өзүнө тартаары эч кимге жашыруун эмес, анткени убакытты өз максаттарыңа жетүү үчүн колдонууга караганда, кимдир бирөөнүн реалдуу эмес жашоосуна көз жүгүртүүгө колдонуу алда канча оңой.

Адам убактысын башка бирөөнүн жашоосу менен өткөрөт, лайктарды басат, анын баракчасынын статистикасын өстүрөт, бирок ошол эле учурда өзү үчүн эч нерсе кылбайт. Бул аракеттер өз кезегинде өзүн-өзү баалоонун төмөндөшүн күчөтөт. Мындан тышкары, ал өзүнүн максаты жөнүндө унутуп, реалдуулук менен социалдык тармактарда көргөн нерселеринин ортосундагы чекти айырмалай албай баштайт.

Белгилей кетчү жагдай, социалдык тармактарда көп адамдар жазгандарына жана өзүн кандай алып жүргөндөрүнө жоопкерчилик албайт. Бул учурда, өзүн-өзү баалоого олуттуу зыян алып келиши мүмкүн болгон куугунтуктоо, буллинг же уулуу баарлашуу менен кезигүү мүмкүн.

Социалдык тармактарга киргенде ал жерде чыныгы жашоо жок экенин эстен чыгарбай жана балдарга да эскертип коюу зарыл. Бул реалдуу жашоо эмес экенин түшүнүү - социалдык тармактарды колдонгон ар бир адамдын фундаменттүү базасы болуп саналат.

Ата-энелер өздөрү социалдык тармактарга көз каранды

Ар бир бала ата-энесинен үлгү алат. Эгер ал апасынын же атасынын социалдык тармактарда тынымсыз отурганын көрсө, анда ал дагы көргөн нерсенин кылат.

Мындан тышкары, каалаганын чындык катары көрсөткөн чоңдор бар. Айталы, ата-эне социалдык тармактарда бактылуу жашоонун иллюзиясын жаратса, балада дагы чындыкты көрктөндүрүү каалоосу пайда болот: байыраак, кыйыныраак жана сулуураак болуп көрүнүү.

Учурда социалдык тармактарда өткөргөн убакытты көзөмөлдөө үчүн трекер программалар бар. Ата-энелер балдарын жазалоодон мурун, алгач өздөрүнүн телефонуна трекер орнотуудан башташы керек. Мындан тышкары, баланын идеалдаштыруу каалоосу кайдан пайда болгонун түшүнүү үчүн, ата-эне өзүнүн социалдык тармактарына жарыяланган конттенттери чындыкка дал келеби же жокпу талдоосу зарыл.

 

Салыштыруу ата-эне тарабынан үйрөтүлөт

Өзүн башка адамдар менен салыштырууну бала кезден эле үйрөтүлөт. Көпчүлүк кичинесинде “карачы, тиги бала жакшы окуйт экен”, “карачы, тиги кыз эркелебейт экен” деген сөздөрдү уккан.

Көптөгөн ата-энелер балдарын теңтуштары менен салыштыруу - мотивацияны жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жакшы курал деп эсептешет. Бирок чоңдор көп учурда салыштыруу балада атаандаштыкты эмес, өзүн-өзү төмөн баалоону пайда кылаарын түшүнүшпөйт.

“Апамдын курбусунун баласы” - белгилүү болгон травма. Айталы, ата-эне чөйрөсүндөгү бирөөнүн баласынын эсебинен өзүнүн баласынын баркын түшүрөт. Натыйжада, бул баланын маанайын чөктөрүп, өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнөн жана жетишкендиктеринен шектенүүнү пайда кылышы мүмкүн, анткени өзүн башка “ийгиликтүү” балдар менен салыштыруу процесси жүрөт. Ал эми бул эмоционалдык абалга из калтырып, өзүн-өзү баалоого жана өзүнө болгон ишенимге таасирин тийгизет.

Ата-эне кыла ала турган эң негизги нерсе - бул башка адамдардын жыйынтыктарына багыт албай, өздөрүнүн балдарынын ишинин процессине көңүл буруу.

"Балаңызга анын кайсы бир нерсе менен алектенүүнү тандап алганы же өзүн өнүктүрүүнү чечкени менен сыймыктана турганыңызды айтсаңыз болот. Башкача айтканда, аны натыйжага жетүүгө эмес, процесстин өзүнө көңүл бурууга багыттаңыз. Баланы олимпиадага барууну чечкени үчүн гана мактасаңыз болот. Анткени баланы кичинесинен жыйынтыкка гана умтулууга үйрөтсө, анда ал жыйынтыкка гана көңүл бурат. Ал эми бул кошуналардын балдарынын же атактуу блоггерлердин жыйынтыгы болушу мүмкүн”, - дейт адис. 

Ата-энелик милдеттер  жана товар-акча сүйүүсү

Өспүрүмдөрдүн социалдык тармактардан улам өзүн-өзү баалоо сезиминин төмөн болушунун дагы бир себеби дайыма бош убактысы жок ата-энелер менен болгон мамиледе болушу мүмкүн.

Ар түрдүү изилдөөлөргө ылайык, иштеген ата-энелер балдарына күнүнө болжол менен эки саат убакыт бөлүшөт. Ал эми жетиштүү убакыт бөлө албаганын "акча төлөө" менен компенсациялоого аракет кылышат: балага белектерди сатып берүү  же "татыктуу" жашоо менен камсыз кылуу.

"Биз балдарды жакшы көрүп, алар каалагандын баарын сатып беребиз, бирок, ошол эле учурда аларга эмоционалдык жактан жакын боло албайбыз. Көпчүлүк ата-эне болууну  - баланы багуу, кийинтүү, билими жана анын "каалоолору" үчүн акча төлөө деп түшүнүшөт  жана бул нерселер жетиштүү деп эсептешет. Кээде балдар ата-эне сүйүүсүн сатып алуулар аркылуу көрсөтөт деп ойлошот. Ага ыйлайык, ата-эне ага баарын сатып берсе, демек ал аны жакшы көрөт деп ойлошот", - деп белгилейт психолог.

Эң негизгиси - баланын жашоосунда жөн гана бар болуу эмес, ага эмоционалдык жактан жакын болуу, анын тарбиясына катышуу.

“Эгер бала менен көбүрөөк сапаттуу убакыт өткөрсө, анын эмоционалдык абалы өзгөрөт. Негизи балага көбүрөөк убакыт бөлүү керек. Кышы бою гаджетти тиктеп отурбастан, бул убакытты биргелешкен көңүл ачууга арноо зарыл: муз тебүүчү аянтчага баруу, кар киши жасоо ж.б. Ата-эне балага жакшы үлгү болушу керек, мисалы, өзү дасторконго гаджетсиз же телевизорсуз отуруп, жөн гана баарлашуу дегендей. Бул үй-бүлөдө жакшы салт болуп калышы мүмкүн болгон кынтыксыз эрежелер. Бирок бала аны табигый түрдө сиңирип алуусу үчүн ата-эне өзүнөн баштоо зарыл”, - дейт адис.

Эмоцияга толгон бала туруктуураак болот, жашоонун ар кандай аспектилерин көп кыйналбастан жашап өтөт. Ал эми эмоционалдык канааттанууну жакын чөйрөсүнөн гана алышы мүмкүн.

Ата-энелер үй-бүлөдөгү кырдаалды өз колуна алышы керек:

  • гаджеттерди колдонуу убактысын чектөө (мисалы, ДСУнун сунуштарына ылайык);
  • алардын баласы көргөн  контентти көзөмөлдөө (сапаттуу тиркемелерди жана оюндарды тандап берүү);
  • баланы башка бирөөнүн жыйынтыгына көңүлүн бурдуруу аркылуу салыштырууну токтотуу;
  • бала менен көбүрөөк убакыт өткөрүү;
  • балдарды ата-эне өзү үлгү көрсөтүү менен активдүү болууга үндөө;
  • балага материалдык жактан эмес, эмоционалдык жактан жакын болуу.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт