// //

Бир жылда экини төрөшөт. Энелердин өлүмү тууралуу кызыктуу факттар

2023.07.27, 10:21
2520

Салам, достор! "Үй-бүлөнү пландоо альянсынын" жетекчиси, дарыгер-гинеколог Бактыгүл Бозгорпоева энелердин өлүмү тууралуу сонун маалыматтарды айтып берди.

- Энелердин өлүмүнүн медициналык жана медициналык эмес себептери бар. Медициналык себептерине - ички органдардын оорулары: жүрөк кемтиги, боор, өпкө, бөйрөк оорулары, кан басым, кансыроо ж.б. кирет. Медициналык эмеске - зомбулук, медициналык кызмат алууга жеткиликтүү эмес алыска райондордо жашоо сыяктуу учурлар кирет.  

- Дарыгердин айтканын укпай, жашыруун түрдө, кудай сактасын деп, ооруларына карабай төрөп, каза болгон аялдар толтура. 

- Кыргызстанда аялдардын 70% көбү аз кандуулук менен жабыркайт. Кош бойлуулардын гемоглобин көрсөткүчтөрү нормада болбойт. Төрөт учурунда же төрөттөн кийин кансыроо болуп, аягы өкүнүчтүү аяктаган учурлар көп.

- Боюнда бар кезде күйөөсү ичине тепкилеп сабап, жыйынтыгында кансыроодон каза болгон факттар катталып турат.

- Кайын энесинин, күйөөсүнүн "төрө" дегенинен улам, ооруларына карабай төрөгөн айымдар көп. 

- Аялдын организми төрөттөн кийин 40 күндө калыбына келет. Бекеринен кыргызда "тыңысын" деп төркүнүнө жөнөткөн эмес. А көп учурда аялдар төрөтканадан чыгып эле, организм калыбына келе электе жумуш жасай башташат. Бул өтө аянычтуу.

- Ар бир баланын ортосу 2-2,5 жыл болуш керек. Себеби кош бойлуулук учурунда аялдын организми эки эсе иштейт. Төрөгөндөн кийин ал организм 2-2,5 жылда ордуна келет.  

- Кыргызстанда жылына 14 миңге жакын айым бир жылда эки жолу төрөйт. Анан экинчи баласынан азабын жейт. Анткени организм калыбына келе элек болот, балага жетиштүү азык жетпей калат.

Канчаны кааласаңар ошончо төрөгүлө, болгону аралыкты сактагыла!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт