// //

Бул 5 белги өзүңүз каалаган жашоодо жашабай жүргөнүңүздөн кабар берет

2023.07.20, 14:39
3541

Бардык каалоолоруңуз бирөөлөр же коом тарабынан таңууланганын кантип түшүнсө болот? Башка бирөөнүн жашоосунда жашап жатканыңызды кандай белгилер билдирет?  Бүгүн биз ушул суроолорго жооп беребиз.

Кайталанма күндөр

Эгерде ар бир күнүңүз мурункуга окшошуп, жашооңуз монотондуу болуп кетсе, бул өзүңүздүн жашооңуз менен жашабай жатканыңыздын түздөн-түз кабар берет. Күнүмдүк кайталанма жашоо абдан ыңгайлуу жана коопсуз көрүнөт, бирок эртеби-кечпи жашоонун маанисин жоготуу жана нааразычылык сезимине алып келет.

Салыштыруу

Эгер өзүңүздү башка адамдар менен дайыма салыштырып, алардын үмүтүн актай албай жатканыңызды сезсеңиз, анда сиз коомдун курмандыгына айланып калгансың. Бул дагы бирөөнүн жашоосунда жашап жатасың дегенди билдирет.

Жактырбаган жумуш

Кээде биз чындап эмне каалап жатканыбызды унутуп, кубаныч жана канааттануу алып келбеген жумушка байланып калабыз. Эгер сиздин да жашооңуздун баары жумушта өтсө, ал жумуш ырахат тартуулабаса, анда ойлонуп баштоо керек.

Күтүүлөрдү актоо

Эгер сиз өзүңүздүн каалаганыңызды эмес, сизден күтүлгөн нерсени гана кылып жатканыңызды байкасаңыз, анда сиз жашооңузду бекер өткөрүп жатасыз. Коомдун алкышы, ата-эненин күтүүсү... Булар биринчи орунда эмес.

Кайдыгерлик

Эгерде өзүңүздүн ден соолугуңузга, сырткы келбетиңизге жана эмоционалдык бакубаттуулугуңузга маани бербесеңиз, бул башка бирөөнүн оюу менен жашап жатканыңыздын белгиси болушу мүмкүн. 

Сизге кайсы белги тааныш?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт