// //

42 жаштагы эжемдин айткан сөзүн угуп нес болуп отуруп калдым

2023.06.29, 12:33
14175

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бир жагынан ачуум келип жатса, экинчи жагынан ызаланып турам. Мунун баарына эжемдин айткан сөздөрү себеп болду. Ооба, алыс тууганым эмес, кошунам да эмес, болгондо да бир тууган эжем. Менден 15 жаш улуу эжем. Чоочун адам айтса да мынчалык ызаланбайт элем.
 
Кыскача айтсам, 42ге чыкса да акыл токтоткон жок, башка эжелердей болуп акыл айтып, кеңешин берип, жылуу сөз айткандын ордуна баарыбызды каргап, заарын төгүп, өзүнүн эле көйгөйүн айтат, башканын оюн угуп да койбойт. Өзүнө бир нерсе керек болгондо тилинен бал тамат, керегибиз жок болгондо ичиндеги заарын төгүп, тепчү жериңе тээп кууп чыгат. Ага тийишпей башка жакта отурсаң да бир шылтоо таап алып каргап, сөгүп жетишет. Ооруйт дейин десем, баарын ойлонуп, амалданып иш кылат. Ага эч кимибиз деле теңелбейбиз, улуусу деп аны менен сый мамиледе калууга аракет кылып келебиз. Анын мүнөзү кандай болсо, ошондой кабыл алууга аракет кылабыз. Бирок бул жыл өткөн сайын күчөп жатат.
Жумушта отурган жеримен мага аудио билдирүүлөрдү жибериптир.
Угуп алып муунум калтырап, көпкө өзүмө келе албай отурдум. “Же эрге тийбейсиң, же жерге кетпейсиң! Сени ким алмак эле, тийсең да ажырашкан бирөөгө эле тиесиң. Жүрө бер ошентип коколой башыңды багып!” Мына ушундай сөздөрдү уктум. Бул чети эле, мындан сырткары сөөккө жеткен сөздөрдү айтып, сөгүп, каргаптыр. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгыптыр. Эмне кылганым үчүн? Мен ага эч жамандык кылган жокмун го, андан нан сурап барган жокмун, акча сурап эшигин каккан жокмун, 27ге чыктым эр таап бер деп айткан жокмун.
 
Өзүмчө жашайм, иштейм, өзүмдү өзүм каржылайм, керек учурда баарына эле жардам берүүгө аракет кылам. Эч кимден нан сурап жеген жокмун. Жакында эле туулган күнүн куттуктап баргам, унчукпай күлүп узаткан. Анын жашоосуна эч киришкен эмесмин, балдарына, өзүнө колуман келген жардамымды берип, колдоого аракет кылып келгем. Анан аягында уккан сөзүм ушул.
 
Мен күйөөгө тийсем ага мүйүз чыгабы же менин күйөөгө чыга электигим анын жашоосуна тоскоолдук жаратып жатабы? Эч акылым жетпей жатат. Же ага телефон чалып тийишсем бир жөн, аябай ыза болдум. 27ге чыктым, эрге тие элекмин деп өлүп алышым керек беле? Же көчөгө чыга калсам эле эр даяр турабы? Өзүнүн сиңдисине ушинтип айтканы туурабы? Былтыр эле жаман сөздөрдү уккам, анда да “бир тууганбыз, улуу эжем, жамандыр-жакшыдыр бир эне, бир атадан чыкканбыз, мындан кетсе да менден кетпесин, кичүү болгон соң ийилейин” деп кечиргем, анда да кечирим сурап да койгон эмес, эч нерсе болбогондой кабыл алган. Эми дагы деле ошол окуя, сабырым түгөнүп кетти. Буга боло берет деп ушундай мамиле кылганы туура эмес да. Болгону жездем жакшы адам, үйүндө уруш чыкпасын, балдары капа болбосун деп жездеме айткан жокмун, заарын угуп алып отуруп калдым.
 
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт