// //

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

2020.03.25, 11:47
33043

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Хиджаб кийген кыздарга үйлөнгүм келет",- деп катын баштаган жигиттин баянын жарыялап, психологдун кеңешин сунуштайбыз.

"Ал болсо чачына кошуп тырмагын ар кайсы түскө боеп жүрөт"

Үйлөнүш керек эле. Жашым да 24төн ашып калды. Жумуш баары бир бүтпөйт экен. Антейин десең, ылайыктуу кыз табылбай жатпайбы.

Бир кыз менен социалдык тармак аркылуу таанышып калдым. Сулуу, бою узун, кыскасы, жигиттердин кыялындагы селки. Күн алыс жазышып жүрдүк. Киного чакырдым. Тамашакөй, жайдары мүнөз экен. Аябай жакты. Анан эмнеге ага үйлөнбөйсүң дешиңер мүмкүн. Бир көйгөй бар – болочок жубайым хиджаб кийиши керек. Ал болсо чачына кошуп тырмагын ар кайсы түскө боеп жүрөт. Модадан кем калбайт. Салондордон чыкпайт.

Бир күнү жолугушууга чакырдым. Кыйытып жоолук маселесин айтып көрдүм. Жок, салынбайт экен. Жазса жооп бербей, чалса албай, катуу сүйүп кала электе алыстап кеттим.

Мен хиджаб кийген кыздарга үйлөнгүм келет. Анткени алар үйдө отурган, ыймандуу, мыкты жубай болчудай көрүнө берет. Чын айтам, тиги кыз оронуп жүрсө дароо алат элем. Үйлөнүп, жоолук салынасың деген талап койсом деле болмок, бирок башынан салынбагандан кийин макул болобу же жокпу билбейм. Мага кеңеш бергилечи, эмне кылсам болот?

Адис кеңеш берет

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды окуп олтуруп, колукту тандоодо көп коркууларыңыз бардай көрүндү.

Жазганыңызга караганда, жоолук салынгандардын ойлору таза жана мыкты жубай болушат, ал эми салынбай, жасанып жүргөн кыздардан ар кандай нерселерди күтүүгө болот. Ошондойбу?

Жоолук салынуу эч кандай кепилдик бербейт.

Өзүмдүн практикама жана тажрыйбама таянып, бул нерселерди айта алам: намаз окуп, хиджаб кийип, ойлорун таза кармап жүргөндөр бар. Ошондой эле, жигиттер жана ичимдик менен болгон ийгиликсиз окуясынан кийин, күйөөгө тийип, жаңы жашоо башташ үчүн жоолук салынгандарды да билем. Хиджаб кийбеген татыктуу жана жакшы кыздар көп.

Кеп жоолукта эмес, адамдын өздүгүндө, ортоңордогу мамиледе жана сыйда.

Эгер сиз үчүн кыздын хиджаб кийүүсү абдан маанилүү болсо, анда ошондой кыздар менен таанышыңыз. Адамдын эркине каршы, күч менен бир нерсени жасатуу эч кандай жакшылыкка алып барбайт. Тандоо сизде.

Бактияр Токтогазы уулу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси

Жоолук салынуу мажбурлап кыла турган иш эмес. Ар бир адам өзүнүн түпкү ишеними менен барышы керек болгон нерсе. Хиджаб кийүү үчүн жүрөктүн түпкүрүндө ыйман болуш керек. Жолдошу мажбурлап кийгизип койгону менен аны канчалык деңгээлде аткара алат, бул суроо болуп калат. Демек, жоолук салынууда мажбурлоо болбой, ар бир адам бул нерсеге өзү келиши зарыл. 

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт