// //

ЖРТдан аз упай алып ыйлаган классташтарымды көрүп жазган катым

2023.06.24, 17:36
5461

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир жаш окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен суроо деле бербейм, болгону бүгүн ЖРТнын жыйынтыгын угуп көңүлү чөгүп, маанайы түшүп отурган досторума кайрылайын дегем. Мен дагы бүгүн жыйынтыкты алдым. Өзүм каалаган баллдан бир аз төмөн болуп калыптыр. Маанай түшкөн жок. Себеби буга өзүмдү даярдагам.
 
Адам баарына даяр болушу керек. Бирде чөгөт, бирде учат бийикке. Чөккөн адам чабак уруп чыгып, жыгылган жерден туруп кетүүнү билбесе, ошол бойдон чөгө берет. Бирок бул жерде силерди чөгүп жатасыңар дегеним жок. Силердин, тагыраагы биздин жашообуз эми башталды. Ким өзүн жемелеп, ата-эне тууган-туушкандын астында өзүн ылдый сезип жатса, бул кылганыңар туура эмес дейт элем. Ооба, күтүп жаткан жыйынтык болбой калса капа болуу табигый көрүнүш. Бирок ыйлап, ошол жыйынтык жазылган барак үчүн көз жашыңарды төкпөгүлө. Алдыда дагы көп жолдор бар. Силер сөзсүз университетке өтүшүңөр керек деген нерсе жок. Биз адам катары бул жашоодо татыктуу жашап, ордубузду таап алуу эң маанилүү.
 
Ордун табуу, бул универде окуп, диплом алып, мамлекеттик жумушта иштөө эмес. Өзүңө жаккан иш менен адал ырыскыга ээ болуу, мына ушул маанилүү. Өзүңө жаккан иш менен алек болсо, азыр кесиптен көп нерсе жок. Бул жылы университетке өтпөй калса, ал убакытысын тил үйрөнүүгө жумшаса болот ж.б, өзүн өнүктүрүү үчүн курстарга жазылса болот. Ата-эненин, туугандар, мугалимдин мээсине сиңип калган бир нерсе - сөзсүз университетте окуу. "Баланчанын баласы тигиндей окууга өтүп окуп жатыптыр", бул эзелтен келе жаткан кулакка жакшы угулуп сиңип калган сөздөр. Бирок жашоо бул өзүбүздүн колубузда. Азыр колунда диплому бар, бирок ошону менен эле чектелип үйдө эле жүргөн, чет жерди көрбөй, аң сезими өзгөрбөй калган адамдар көп. Адам өзүн таап, кызыккан ишин жасоо бул дагы чоң талант, эмгек.
 
Эч качан өзүңдү кемсинтип, басынтпа. Башты көтөр да жолуңду ула. Жаратканы ар бир пендесине көтөрө алган гана жүктү артат. Тирүүсүңбү, демек, сөзсүз бир нерсеге жетесиң, алдыңда көп бакыт эшиктери бар, сени күтүп турган.
Бул сөздөрдү бүгүн жанымда ыйлап, көзү жашылданып адамды кошо ыйлаткан классташтарымды көрүп жазгым келди. Келечек биздин колдо, жашоо эми башталды, бир барак, бир жыйынтык эч качан жошоону чечпейт, чечкен да эмес. Жакындар айткан сөздү жүрөккө албагыла алтындарым. Өзүңдү өзүндөн башка эч ким жакшы түшүнбөйт. Канча уйкуңду, санааңды бөлүп, көз жаш төккөнүңдү өзүңдөн жакшы эч ким билбейт, сезбейт. Дегеним, азыр кээ бир ата-энелер жоошутуп соороткондун ордуна жемелеп, урушат экен. Убагында ЖРТ начар болуп калып, азыр бутуна туруп, жадакалса ошол "отличник" болуп жүргөн окуучулардан да жакшы жашап жаткандар четтен табылат.
 
Бир жаратканым сенин абалыңды жакшы билет жана дайыма колдойт. Жараткан бул дүйнөгө алып келген соң кароосуз калтырбайт. Жаратканым баарыңарды туура багытка салып, жолуңарды ачык кылсын!
 
Бул кичинекей катты ЖРТдан начар упай алып, маанай түшүп отурган досторго, туугандарга жөнөтүп коюңуздарды суранам. Адамдын көңүлү гүл, бир аз да болсо жардам болсун.
 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт