// //

Аялым түрмөдөн чыккыча эмне деген азаптарды көрбөдүм

2023.06.24, 13:24
17879

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Аттиң, өлбөчүдөй, түрмөгө түшпөчүдөй жашайт экенбиз... Туура жолдо жүргөн адам деле жаңылышат экен, бирөөгө ишенет экен, анан келинчегимдей болуп камалып кетет экен. Жашоодо баары болот экен. 

Алдамчылыкка шектелди. Дүкөнгө иштечү. Ишканасы чоң суммага банкрот болду. Кызматкерлердин баарын жоопко тартышты. Арасында келинчегим да бар эле. Ызылдап чуркадык. Ал тиешеси жок экенин айттык. Сот залынан ыйлаган боюнча алып кетишти. 

Жетекчиси бир айга өтпөй чыгып кетти. Меники калып калды. Чуркап жүрүп адилет таба албадым. Таба албадым...

Эки баламды кармаган боюнча калдым. Баары "ажыраш", "ташта", "баш тарт" дешти. Аны менен кантип жашарымды сурашты. Ишенесиңерби, колдогон бирөө болбоду. Туугандарым мени жек көрүштү. Досторум сүйлөшпөй калышты. "Ал таза!" деген боюнча калдым. 

Кайын энем экөөбүз калдык. Кезектешип кезигүүгө барабыз. Байкушум соолуп калыптыр. Уруштум. "Тамак ич! Кебетең кантет! Мени ойлосоң! Балдарың күтүп жатат! Эки жыл чыдап кой! Угуп жатасыңбы? Мен таштабайм сени!" Болушунча уруштум. Ыйлап унчуккан жок. "Күнөөң жок экенин билесиң, башыңды көтөр! Мен турамга!" Дагы унчуккан жок.

Кантип таштап коем? Балдарымдын бетин кантип карайм? Жыргап жүргөндө жанында болуп, кыйынчылыкта качып кетемби? Анан кантип тынч жашайм? Жок! Мен акмак эмесмин! Мен күйөөмүн! Мен атамын! 

Башымдан далай оор күндөр өттү. Жумуш алмаштырдым. Эки бала кичинекей аларга караш керек болду. Өзүм да арыктап кеттим. Элдин сөзү мени чүнчүттү. Элге капамын. Бирок сынган жокмун. Кезигүүгө барганды токтоткон жокмун. 

- Ата, туфлимди киенби?

- Ооба, анан, сиңдиңдин сумкасын ала чыкчы. Бол тез, кеттик. 

- Ата, анан апам кетпейби?

- Жок, эми такыр кетпейт. Кетирбейбиз, э?

- Ооба, катуу кучактап алабыз, э?

- Жаным десе, бол тез кечигебиз.

Чыкты. Бизди көздөй чуркап келатат. Кучакташтык. Эки кызым ыйлап жиберишти. Аларга кошулуп мен. Постто турган кызматкер жашып жиберди. 

Кыздарым божурап бул аралыкта болгон бүт окуяларын айтып бара жатышат. Мен келинчегимдин колун кармаган бойдон, машинанын терезесинен сыртты карап баратам. Жүрөгүм эс алды. Биз чогуубуз. Ушуну жеңген, эми башкасын жеңебиз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт